Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 10-ноябры № 94
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан
кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 40-берененин 1-бөлүгүндө "Мыйзамда каралган тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 41-беренеде "Мыйзамда каралган тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Президент |
| С. Жээнбеков |
|