МыйзамКүчүндө

КР 2018-жылдын 26-декабрындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

Редакция26.12.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 26-декабры № 111

"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2018-жылдын 29-ноябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 12, 1034-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "140882232,2" жана "161149361,4" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "141533283,7" жана "154140062,0" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгүндө "20267129,2" деген цифралар "12606778,3" деген цифраларга алмаштырылсын;

в) 3-бөлүгүндө "20267129,2" деген цифралар "12606778,3" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) 2-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 1-пунктунда "142129843,4" жана "144558985,7" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "151454484,1" жана "157043345,6" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 2-пунктунда "162339315,3" жана "164013299,9" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "161710709,8" жана "165199792,8" деген цифраларга алмаштырылсын;

в) 3-пунктунда "20209471,9" жана "19454314,2" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "10256225,7" жана "8156447,2" деген цифраларга алмаштырылсын;

3) 5-беренеде:

а) 2-бөлүгүндө "2900000,0" деген цифралар "5919544,4" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыркагандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150000,0 миң сом багытталсын.";

в) 4-бөлүгүндө "500000,0" деген цифралар "355000,0" деген цифраларга алмаштырылсын;

4) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2 жана 11-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2 жана 11-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январындагы N 1 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков