Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 2-февралы № 22
Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзамдын максаты артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган жогорку сапаттагы сорттук үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн мамлекеттик дотация механизмин киргизүү аркылуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган жогорку сапаттагы сорттук үрөн материалдары менен камсыз кылууда жана үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүүдө мамлекеттик колдоого алуу болуп саналат.
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, үрөнчүлүк чарбаларынын жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы мамилелерди туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация механизмин киргизүүнүн укуктук негиздерин регламенттейт.
2. Үрөнчүлүккө мамлекеттик дотация берүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык негизделет жана жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизилген артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун жана гибриддеринин тастыкталган сорттук үрөндөрүн өндүрүүгө жана сатууга жайылтылат.
4. Ушул Мыйзамдын жоболору Кыргыз Республикасынын бардык аймагында бир жана бир нече артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүгө, сатууга жана үрөндөрдү себүү үчүн пайдаланууга расмий статусу бар бардык үрөнчүлүк чарбаларына карата колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын аныкталуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган жогорку сапаттагы сорттук үрөндөрүн өндүрүүдө үрөнчүлүк чарбаларынын сарптоолорунун бир бөлүгүнүн ордун толтурууга бекер жана кайтарымсыз негизде бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын суммасы;
2) тастыкталган сорттук үрөндөргө квота - айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотациялык үрөндөрүнүн көлөмү;
3) тастыкталган сорттук үрөндөргө квоталарды бөлүштүрүү боюнча комиссия - алардын иши айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган үрөндөрүнө квоталарды бөлүштүрүү менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү;
4) мамлекеттик дотация жайылтылуучу артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрү - айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жыл сайын аныкталуучу айыл чарба өсүмдүктөрү.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ушул Мыйзамдын принциптери
Ушул Мыйзам төмөнкү принциптерге негизделет:
1) артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүчү жана аларды айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө сатуучу үрөнчүлүк чарбалар үчүн мамлекеттик дотациянын бирдей жеткиликтүүлүгү;
2) өндүрүлгөн үрөндөрдүн сапатынын Кыргыз Республикасында кабыл алынган стандарттарга ылайык келиши;
3) үрөнчүлүк чарбалардын ишинин экологиялык жана фитосанитардык коопсуздугу;
4) селекция жана үрөнчүлүк жаатында ишти жүзөгө ашырган илимий-изилдөө мекемелери жана уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
5) айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн товарларынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;
6) импортту алмаштыруу жана экспортко багытталуу.
4-берене. Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация механизминин негизги багыттары
1. Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн суперэлита, элита, биринчи муундагы сортторунун жана гибриддеринин биринчи жана экинчи репродукциядагы сатылуучу үрөндөрүн өндүрүүгө кеткен сарптоолорунун 30 пайыздык наркынын ордун толтурууга бюджеттик каражаттарды бөлүү үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация механизмин киргизүүнүн негизги багыттары болуп саналат.
2. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган сорттук үрөндөрүн берүү боюнча бардык милдеттемелерди толук аткарышкан үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотациялык каражаттарды белгиленген тартипте төлөп берүүнү камсыз кылуу жүзөгө ашырылат.
5-берене. Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотацияны жүзөгө ашыруучу органдар
1. Айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) үрөнчүлүктө артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн мамлекеттик дотацияны жүзөгө ашыруучу органдар болуп саналат.
2. Айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дотациялык тастыкталган үрөндөрдүн көлөмдөрүн аныктайт. Мамлекеттик дотациянын көлөмүн аныктоо, мамлекеттик дотация берүү механизминин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, дотациялык үрөндөргө коюлуучу бааны бекитүү, мамлекеттик дотациянын квоталарын белгилөө жана каражаттарын төлөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык белгиленет
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Ушул Мыйзамдын аткарылышын мамлекеттик контролдоо
Ушул Мыйзамдын аткарылышын мамлекеттик контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
7-берене. Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотацияны каржылоо
1. Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотация республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик дотация үчүн бөлүнүүчү каражаттар кезектеги финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралат.
3. Мурунку (базистик) жылдагы факт боюнча үрөнчүлүк материалды өндүрүүнүн наркы кийинки жылга республикалык бюджеттин долбоорун даярдоодо дотацияны пландоодо негиз катары алынат.
4. Үрөндү өндүрүүнүн наркы айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген методикага ылайык аныкталат.
5. (КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Тастыкталган дотациялык сорттук үрөндөрдүн багыты жана аларды пайдалануу
1. Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган дотациялык үрөндөрү максаттуу багыты боюнча пайдаланылат жана себүү үчүн гана арналат.
2. Үрөнчүлүк чарбалар тарабынан артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен сатылганда, айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 9-беренесине ылайык артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотациялык үрөндөрүн өндүрүүгө жана берүүгө бөлүнгөн дотациялардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Кабыл алынган чечим дотациялык үрөндөрдү алуучуларга түздөн-түз жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирилет.
9-берене. Ушул Мыйзамдын ченемдерин сактабаганы үчүн жоопкерчилик
1. Кызмат адамдары, үрөнчүлүк чарбалары жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү ушул Мыйзамдын ченемдерин бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
2. Үрөнчүлүк чарба тарабынан артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотациялык үрөндөрүн алуучуларга зыян келтирилген учурда, ушул үрөнчүлүк чарба дотациялык үрөндөрдү алуучунун талабы боюнча соттун чечиминин негизинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сапатсыз себилүүчү материалды ушундай эле сапаттуу сортко алмаштырууга;
2) себилүүчү материалды алмаштырып берүүгө мүмкүн болбогон учурда келтирилген зыяндын ордун акчалай түрдө толтуруп берүүгө.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Форс-мажордук жагдайлар жана табигый кырсыктар
Форс-мажордук жагдайлар жана табигый кырсыктар учурунда дотациялык үрөндөрдү алуучуларга зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
(КР 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-февралындагы N 9 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |