Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 29-марты № 40
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100, 2023-жылдын 3-мартындагы № 49, 2023-жылдын 8-августундагы № 168, 2023-жылдын 8-августундагы № 169, 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 21-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168, 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамдарына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү - буга уруксаты бар мамлекеттик органдардын, жеке жактардын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын жана мекемелердин баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, салып жиберүүгө, берүүгө, сатып өткөрүүгө, бөлүштүрүүгө, алууга, пайдаланууга, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууга байланышкан иши;";
2) 5-статьянын биринчи абзацында "ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызматынын органы" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 19-статьяда ар кандай жөндөмө формалардагы "Бажы бирлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Евразия экономикалык бирлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 28-статьянын 1-бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызматынын органы" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 33-статьянын 1-бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызматынын органынын" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинен" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 16-статьянын 1-пунктунун 11-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 63-главасында каралган" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29-статьянын 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси тарабынан" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, № 3, 2003-ж., 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"контролдонуучу продукцияны экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзиттөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы операцияларын жүргүзүү;".
6-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукцияны товарды ээликтен ажыратуу же аны Кыргыз Республикасынын аймагында өз арналышына ылайык пайдалануу мүмкүндүгү каралган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштыруу үчүн, бажы органдарына бажы декларациясы менен бирдикте, ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык таанылган шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация берилет.";
б) 2-пунктта "бажы аймагынан" деген сөздөр "аймагынан" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон жана ушул статьянын 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна ылайык аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирилүүчү жана ээликтен ажыратуу мүмкүндүгү каралбаган бажы жол-жоболорунун астында жайгаштырылуучу продукция ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайкештик жөнүндө документтер берилбестен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан чыгарылып берилет.".
7-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене.
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьянын сегизинчи абзацында "Бажы бирлигине" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 9-1-статьяда:
а) аталышында "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статьянын текстинде "Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүгө жана Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүүгө" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-статьянын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Озонду бузуучу заттарды жана жабдууларды конфискациялоо бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.".
9-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 4-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин бажы кодекси" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12-берене.
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 7-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ички керектөө үчүн чыгарууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "жүктүн бажылык декларациясынын" деген сөздөр "товарларга декларациянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-беренеде:
а) 3-5-бөлүктөрдө ар кандай жөндөмө формалардагы "бажы" деген сөз алып салынсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Маркировкалоодо жана таңгактоодо интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды бузууга жол берилген алкоголдук продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө тыюу салынат.".
13-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) "Кыргыз Республикасында" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 455-беренесинде белгиленген эркин бажы зонасы бажы жол-жобосунун өзгөчөлүктөрүн колдонуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасында "Нарын" ЭЭЗ аныкталсын.";
2) 6-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аймактын периметрин тосмолоого жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптарды кошуп алганда, ЭЭЗ аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
ЭЭЗ аймагында контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга карата талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдарды киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
3)13-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жеңилдетилген" деген сөз "атайын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Региондорду тездетип өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ субъекттерине Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү төлөө боюнча кошумча жеңилдиктер берилиши мүмкүн.".
14-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 939-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)13-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бажылык жол-жоболоштуруу орундарында уюштурулат.";
б) 3-бөлүктө "жана терминалдардын" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү алар милдеттүү ветеринардык контролдон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.";
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарлардын тизмеги Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.".
15-берене.
(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 92-ст.);
2) "Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 82-ст.);
3) "Реабилитациялык борборлор, балдар үйлөрү, майыптар үйлөрү жана кары-картаңдар үйлөрү үчүн ташып келинүүчү товарларды бажы алымдарын, төлөмдөрдү жана жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 222-ст.).
17-берене.
Ушул Мыйзам, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген датадан тартып күчүнө кирүүчү 10-берененин 2-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-апрелиндеги N 26-27 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Ш. Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 29-марты № 40
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100, 2023-жылдын 3-мартындагы № 49, 2023-жылдын 8-августундагы № 168, 2023-жылдын 8-августундагы № 169, 2024-жылдын 12-январындагы № 10, 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 21-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 168, 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамдарына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)