Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 5-апрели № 43
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 28-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2732-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде "2020" деген цифралар "2025" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) Мыйзамдын тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 46-52-пункттар менен толукталсын:
"46. Черногория
47. Андорра Княздыгы
48. Аргентина Республикасы
49. Бразилия Федеративдүү Республикасы
50. Сан-Марино Республикасы
51. Чили Республикасы
52. Оман Султанаты".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-апрелиндеги N 26-27 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |