Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 21-июлу № 121
Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 153, 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 43, 2021-жылдын 21-июлундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзамдын максаты инвестиция тартууга дем берүүгө көмөктөшүү, туризмди өнүктүрүү, тиркелген тизмекке ылайык бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилип жаткан өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү, ошондой эле киргизилген нормалардын натыйжалуулугун талдоо болуп саналат.
1-берене.
Тиркелген тизмекке ылайык мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилсин.
11-берене.
Чет мамлекеттердин жарандары - Бириккен Улуттар Уюмунун паспортторунун ээлери U№ited №atio№s Laissez - Passer кызыл түстөгү паспорт) үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилсин.
(КР 2021-жылдын 21-июлундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандарынын саламаттыгын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жаатындагы жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү маселелерди тескөөчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режиминин колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотуп турууга укуктуу.
(КР 2021-жылдын 21-июлундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:
- жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттерге ушул Мыйзамдын кабыл алынганы жөнүндө билдирсин;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
(КР 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 27-июлундагы № 65 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме |
Жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттердин ТИЗМЕГИ
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 153, 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 43, 2021-жылдын 21-июлундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Австралия союзу
2. Австрия Республикасы
3. Бельгия Королдугу
4. Босния жана Герцеговина
5. Ватикан
6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен Королдугу
7. Венгрия
8. Германия Федеративдик Республикасы
9. Нидерланддар Королдугу
10. Греция Республикасы
11. Дания Королдугу
12. Исландия
13. Ирландия
14. Испания Королдугу
15. Италия Республикасы
16. Канада
17. Корея Республикасы
18. Кувейт Мамлекети
19. Латвия Республикасы
20. Литва Республикасы
21. Лихтенштейн Княздыгы
22. Люксембург Улуу Герцогдугу
23. Мальта Республикасы
24. Монако Княздыгы
25. Жаңы Зеландия
26. Норвегия Королдугу
27. Бириккен Араб Эмираттары
28. Польша Республикасы
29. Португалия Республикасы
30. Сауд Аравия Королдугу
31. Сингапур Республикасы
32. Словакия Республикасы
33. Словения Республикасы
34. Америка Кошмо Штаттары
35. Финляндия Республикасы
36. Франция Республикасы
37. Хорватия Республикасы
38. Чехия Республикасы
39. Швейцария Конфедерациясы
40. Швеция Королдугу
41. Эстония Республикасы
42. Катар Мамлекети
43. Бруней-Даруссалам Мамлекети
44. Бахрейн Королдугу
45. Япония
46. Черногория
47. Андорра Княздыгы
48. Аргентина Республикасы
49. Бразилия Федеративдүү Республикасы
50. Сан-Марино Республикасы
51. Чили Республикасы
52. Оман Султанаты
53. Албания Республикасы
54. Болгария Республикасы
55. Вьетнам Социалисттик Республикасы
56. Израиль Мамлекети
57. Кипр Республикасы
58. Түндүк Македония Республикасы
59. Румыния Республикасы
60. Таиланд Королдугу
61. Мексика Кошмо Штаттары