Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 24-апрели № 54
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 20-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкудей өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лицензия жана уруксат берүү тартиби жана шарттары "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.";
2) 14-статьянын 2-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 15-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 11-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясындагы талаптарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 17-статьянын 5-бөлүгүндө "лицензиялар" деген сөз "уруксаттар" деген сөзгө алмаштырылсын; "ушул Мыйзамдын 11-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-статья менен толукталсын:
"29-1-статья. Куралды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшыруу
Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды акы төлөнгөн же акысыз негизде өз ыктыяры менен тапшыра алышат.
Ыктыярдуу тапшыруу деп адамдын куралды жана ок-дарыларды өз эрки менен берүүсүн же алардын турган жери жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүсүн түшүнүү керек.
Адамды кармоодо, ошондой эле куралды жана ок-дарыларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу аларды ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт.
Куралды жана ок-дарыларды ыктыярдуу тапшыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-апрелинде N 32 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |