Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 24-апрели № 56
Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 88-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1) пробация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын;";
2) 90-берене төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"жашы жетпегенге карата пробациялык баяндама даярдоонун;".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазыктык жазалар жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар (мындан ары - пробация клиенттери);";
2) 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);";
3) 11-статьянын 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы "зомбулукка дуушар болгондор" деген сөздөрдөн кийин ", пробация клиенттери" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 18-статьянын 1-бөлүгү "жашы жете элек укук бузуучуларга," деген сөздөрдөн кийин "пробация клиенттерине," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Внести в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении" (Ведомости Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, 2011 г., № 7, ст.1004) следующее изменение:
часть 6 статьи 20 дополнить пунктом 17-2 следующего содержания:
"17-2) содействие органам пробации в решении текущих задач и выполнении конкретных мероприятий пробации;".
4-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1017-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) пробация клиенттери;".
6-берене.
"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 297-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
"16-1) пробация;".
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-апрелинде N 32 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |
2019-жылдын 20-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |