Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 15-майы № 62
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2019-жылдын 4-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) аталышындагы жана 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү ", венерикалык ооруларга", ", ВИЧ/СПИД менен жашаган", "венерикалык ооруларга", ", ВИЧ/СПИД менен жашагандарга", ", венерикалык ооруларга", ", ВИЧ/СПИД менен жашаган" жана ", венерикалык ооруларга", ", ВИЧ/СПИД менен жашаганы" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүк "чалдыкканы" деген сөздөн кийин "жана дарылануудан качканы" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-майындагы № 41 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |