Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 3-декабры № 134
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 31-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенге чейин алгачкы текшерүү органдары тарабынан башталган ыкчам-издөө иш-чаралары ал күчүнө кирген күндөн тартып, Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте сотко чейинки өндүрүштү баштоо үчүн, тергөө караштуулугун эске алуу менен сотко чейинки өндүрүш органдарына өткөрүлүп берилет.
Жазык-процесстик кодекс күчүнө кирген күндөн тартып, Жазык кодексинин 182, 239-245, 250-252, 307-318, 380-386, 388-395-беренелеринде каралган даярдалып жаткан кылмыштардын белгилери боюнча; "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацында, 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча улуттук коопсуздук органдары тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте жүргүзүүгө жол берилет.
Жазык кодексинин 182, 239-245, 250-252, 307-318, 380-386, 388-395-беренелеринде каралган даярдалып жаткан кылмыштар боюнча; "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацында, 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча адамдын конституциялык укуктарын чектөөчү ыкчам-издөө иш-чаралары Жазык-процесстик кодекс күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте тергөө судьясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
Ушул бөлүктүн экинчи жана үчүнчү абзацтарынын жоболору тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары күчүнө киргенге чейин колдонулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-декабры № 101 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |