Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 16-октябры № 131
Изин суутпай издөө иши жөнүндө
(КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2003-жылдын 12-июнундагы № 105, 2004-жылдын 28-мартындагы № 52, 2007-жылдын 15-августундагы № 152, 2008-жылдын 23-майындагы № 97, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2009-жылдын 11-мартындагы № 80, 2010-жылдын 24-февралындагы № 33, Мыйзамдарынын КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ № 128 декретинин, КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 22-майындагы №76, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу изин суутпай издөө ишинин мазмунун аныктайт жана изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун кепилдиктеринин тутумун бекемдейт.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Изин суутпай издөө иши
Изин суутпай издөө иши - ушул Мыйзам тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан алардын бийлик укуктарынын чектеринде адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдун жана мамлекеттик коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү аркылуу маалымдуу жана маалымсыз түрдө жүзөгө ашырыла турган иштин түрү.
2-статья. Негизги түшүнүктөр
Жарандардан сураштыруу - изин суутпай издөөчү кызматкердин иликтенип жаткан окуя жөнүндө же ага тиешеси бар адамдар тууралу иш жүзүндөгү маалыматтар белгилүү болушу мүмкүн болгон жаран менен жекече маектешүүсү.
Маалымдамаларды чогултуу - изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүү үчүн изи сууй элек криминалисттик же башка маалыматтар базасынан алынган маалыматты изин суутпай издөөчүнүн расмий түрдө алышы.
Салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу - кылмыш издери сакталган же кылмыш жасаган адам жөнүндө, кылмыштуу кол салуулардын объектилери катары кызмат кылган маалыматтарды камтыган материалдык каражаттарды жана коомдук коркунучтуу укукка жат жосунду жана ага катышы бар адамдарды табуу каражаты болуп кызмат кыла турган нерселерди табуу жана алып коюу.
Текшерүү үчүн сатып алуу - каржылык, чарбалык, ишкердик же соода ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын бузулушу жазык жоопкерчилигине алып келе тургандыгы жөнүндө изин суутпай алынган маалымат болгондо, изин суутпай издөөчү (изин суутпай издөөчү кичи бөлүм) тарабынан товарды сатып алуунун жагдайын (керектөө жана сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн) атайылап түзүү.
Нерселерди жана документтерди иликтөө - кылмыштарды жана аларга тиешеси бар адамдарды табуу максатында кылмыштуу иштин сакталып калган издери, кылмыш жасоонун курамы же кылмыштуу иштин натыйжасы болуп эсептелген нерселерди жана документтерди иликтөө.
Контролдонуучу жөнөтүү (текшерип жөнөтүү) - кылмыштарды натыйжалуу аныктоо, бөгөт коюу, тергөө максатында эркин сатууга тыюу салынган, же болбосо жүгүртүүсү чектелген товарларды жана нерселерди, ошого тете кылмыштуу жол менен алынган же кылмыш издери сакталып калган нерселерди, же болбосо кылмыш жасалган куралдарды же каражаттарды контролго алуу менен бир жерден экинчи жерге жиберүү.
Инсанды окшоштуруу - шектүүнүн инсандыгын (текшерилип жаткан адамдын) дактилоскопиялык картотека, окуя болгон жерде калган издер, кандын, шилекейдин курамы, жыты изи жана башкалар боюнча аныктоо.
Имарат жайларды, имараттарды, курулуштарды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү - текшерилип жаткан адам ээлеген же пайдаланган объектилерди кылмыштардын мүмкүн болуучу издерин, кылмыштарды жасоонун куралдарын, кылмыш ишине тиешеси бар башка нерселерди же документтерди табуу үчүн маалымдуу жана маалымсыз түрдө карап чыгуу.
Почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо - текшерилип жаткан адамдын кылмыштуу иши жөнүндө маалыматтарды табуу, анын байланыштарын аныктоо жана маалымат алуу максатында белгилүү бир кабарларды жашыруун карап чыгуу.
Атайын техникалык каражаттар - изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде байланыш тарамдарында (каналдарында) маалыматты табуу жана документтештирүү үчүн атайын функциялары, программалык камсыз кылуу жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү бар түзүлмөлөр, аппаратура, жалгаштырмалар, жабдуулар.
Байланыш тарамдарында изин суутпай издөө - байланыш тарамдары боюнча берилген маалыматта укукка жат иштин белгилерин табуу боюнча атайын техникалык каражаттардын жардамы менен жүзөгө ашырылуучу жашыруун аракеттер.
Сүйлөшүүлөрдү тымызын тыңшоо жана жазып алуу - текшерилип жаткан адамдын, шектүүнүн, айыпталуучунун видео жана сүйлөшүү маалыматын видео-, аудиотехника жана (же) атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жашыруун контролдоо жана анын мазмунун материалдык алып жүрүүчүдө белгилеп коюу.
Абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалымат алуу - абоненттин кириш жана чыгыш чалуулары (байланышуулары) тууралуу маалыматты, ошондой эле байланыш операторлорунун маалымат банкынан башка маалыматтарды алуу.
Телефон жана башка сүйлөшүү түзүлмөлөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазып алуу - телефон жана башка сүйлөшүү түзүлмөлөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү угуу контролу, текшерилип жаткан адамдын кылмыштуу иштери жөнүндө маалыматтарды табуу, анын байланыштарын аныктоо жана изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөтүүчү башка маалыматты алуу максаттарында үн жазуучу техникалык каражаттардын жардамы менен алардын мазмунун үн жазуучу жана (же) атайын техникалык каражаттардын жардамы менен материалдык алып жүрүүчүлөрдө белгилеп коюу.
Изин суутпай издөөчүнү арасына кошуу - оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө изин суутпай издөөчүнү же конфидентти кошуу боюнча өз ара байланыштуу аракеттердин жыйындысы же болбосо изин суутпай издөө ишинин милдеттерин аткаруу үчүн жашыруун уюмду (юридикалык жакты) түзүү.
Изин суутпай байкоо жүргүзүү - изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүү үчүн мааниси бар көрүнүштөрдү, окуяларды, жосундарды, фактыларды, процесстерди жашыруун, такай, түздөн-түз, байкоо жүргүзүү же изин суутпай издөөнүн техникалык каражаттарынын жардамы аркылуу кабылдоо жана каттоо.
Изин суутпай жүргүзүлүүчү эксперимент - маалыматты тезинен алуу максатында атайын түзүлгөн, толук башкарылуучу же контролдонуучу шарттарда изин суутпай издөө ишинин объектисине жашыруун байкоо жүргүзүү.
Жагдайды изин суутпай белгилөө - жарандарды, кызмат адамдарын шифрлөө менен суроону жана маалыматтарды жабык жыйноону, документтер менен таанышууну жүргүзүү жолу менен текшерилүүчү жеке жактын кылмыш иши жөнүндө маалыматтарды жашыруун жыйноо жана башка маалыматты алуу.
Изин суутпай текшерүүнү жүргүзүү - аларга бөгөт коюу же аларды ачуу үчүн даярдалып жаткан же жасалган (жасалып жаткан) кылмыштардын белгилери жөнүндө негиздүү маалыматтар болгондо, ошондой эле жашырынып кеткен кылмышкерлерге карата алганда, көрсөтүлгөн максаттарга башка жол менен жетүүгө мүмкүн болбогондо же өтө кыйын болгондо аларды издеп табуу үчүн жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө чараларынын комплексин жүзөгө ашыруу.
Конфидент - изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте изин суутпай издөө органы (анын өкүлү болгон - изин суутпай издөөчү менен) жашыруун кызматташуу мамилесине өткөн жеке жак.
(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Изин суутпай издеп табуу ишинин милдеттери
Төмөндөгүлөр:
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу жана дүйнөлүк аренада мамлекеттин таламдарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын атайын кызматтарынын чалгындоо-ичтен ыдыратуу ишин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу;
- (4-абзац КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону камсыз кылуу;
- кылмыштарды аныктоо, алардын алдын-алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу, ошондой эле аларды даярдаган, жасап жаткан же жасаган адамдарды аныктоо, алардын алдын-алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу;
- тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн, жазык куугунтугунан качып жүргөн адамдарды, ошондой эле дайынсыз жок болгон адамдарды издөөнү жүзөгө ашыруу;
- изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын коопсуздугун камсыз кылуу изин суутпай издөө ишинин милдеттери болуп эсептелет.
(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 80, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Изин суутпай издөө ишинин принциптери
Изин суутпай издөө иши мыйзамдуулуктун, инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун, жашырындуулуктун, маалымдуу жана маалымдуу эмес усулдарды жана каражаттарды айкалыштыруунун принциптерине негизделет.
5-статья. Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи
Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары эсептелет.
(КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33, 2013-жылдын 22-майындагы №76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Изин суутпай издөө ишинде инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун кепилдиктери
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар (кызмат адамдары) изин суутпай издөө ишин жүргүзүүдө адамдын жана жарандын жеке жашоосунун, кат жазышууларынын телефон жана башка сүйлөшүүлөрүнүн кол тийбестигине, турак жайынын, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрүнүн кол тийбестигине укуктарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Изин суутпай издөө ишин ушул Мыйзамда каралбаган максаттарга жетишүү жана милдеттерди чечүү үчүн жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын аракети өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө алып келди деп эсептеген адам бул аракеттерге изин суутпай издөө ишинин жогору турган органына, прокурорго же сотко даттана алат.
Ишти кароонун толуктугун жана ар тараптуулугун камсыз кылуу максаттарында изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу орган прокурордун же соттун талабы боюнча ага оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө киргизилген адам жөнүндө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттык жашыруун кызматкерлери жөнүндө жана изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө купуя көмөктөшкөн адамдар жөнүндө, ошондой эле изин суутпай издөө ишин жүргүзүшүн уюштурулушу жана тактикасы жана мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн башка маалыматтар жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, аларды арыздануучуга берүүдөн баш тартылган маалыматтар жөнүндө маалыматты камтыган оперативдик-кызматтык документтерди берүүгө милдеттүү.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын арыздануучуга зарыл маалыматтарды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими негизсиз деп табылган учурда, көзөмөл жүргүзүүчү прокурор же судья көрсөтүлгөн органды арыздануучуга ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган маалыматтарды берүүгө милдеттендире алат.
Изин суутпай издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү экендиги мыйзамда белгиленген тартипте далилденбеген адамдарга карата алынган материалдар жок кылынат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга (кызмат адамдарына): изин суутпай издөө иш-чараларын мыйзамда белгиленген тартипте катталган кандайдыр-бир саясий партиянын, ошондой эле коомдук бирикменин жана диний уюмдун таламдарында, алардын ишинин мүнөзүнө таасир көрсөтүү максатында жүргүзүүгө, ишкердик иш мыйзамсыз жүзөгө ашырылган, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан, айлана-чөйрөгө экологиялык зыян келтирген, ошондой эле курулуш ченемдери, имараттарды жана курулмаларды жер титирөөгө туруктуу куруу эрежелери бузулган учурларды кошпогондо, ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө; мыйзамдарда белгиленгенден башка учурларда, жарандардын жеке турмушунун кол тийгистигине, жеке жана үй-бүлөлүк сырына, ар-намысына жана аброюна шек келтирген жана изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү процессинде белгилүү болуп калган материалдарды жарандардын макулдугусуз ачыкка чыгарууга, өтө зарылдыктан жана аргасыз коргонуудан башка учурларда, жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө айкын коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, жарандарды укук бузууга тартууга жана көкүтүүгө, жарандардын укуктарын чектеген зомбулукту, коркутууну, шантажды жана башка укукка жат аракеттерди жасоого, изин суутпай издөө материалдарын жасалмалоого, ошого тете билип туруп так эмес маалыматтарды же болбосо жалган маалыматтарды пайдаланууга тыюу салынат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу орган (кызмат адамы) тарабынан жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана мыйзамдуу таламдары бузулган учурда, жогору турган орган, прокурор же судья бул укуктарды жана мыйзамдуу таламдарды калыбына келтирүүгө, келтирилген зыяндын ордун толтурууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө милдеттүү.
Изин суутпай издөө иши ушул Мыйзамды бузуу менен жүзөгө ашырылганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
(КР 2013-жылдын 22-майындагы №76, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II бөлүм Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү
7-статья. Изин суутпай издөө иш-чаралары
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын 3-статьясында каралган милдеттерди чечүү үчүн жашырындуулуктун эрежелерине ылайык:
1) жарандардан сураштыруу;
2) маалымдамаларды чогултуу;
3) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу;
4) текшерүү үчүн сатып алуулар;
5) нерселерди жана документтерди иликтөө;
6) контролдонуучу жөнөтүүлөр (текшерип жөнөтүү);
7) инсанды окшоштуруу;
8) имарат жайларды, имараттарды, курулуштарды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү;
9) почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо;
10) телефон жана башка сүйлөшүү түзүлмөлөр боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазып алуу;
11) байланыштын техникалык каналдарынан маалымат алуу;
12) жашыруун ишканаларды жана уюмдарды түзүү;
13) изин суутпай издөөчүнү арасына кошуу;
14) изин суутпай байкоо жүргүзүү;
15) изин суутпай жүргүзүлүүчү эксперимент;
16) жагдайды изин суутпай белгилөө колдонулат;
17) мыйзам менен корголгон жеке турмушунун, турак жайынын кол тийбестигин, жеке жана үй-бүлөлүк сырын, ошондой эле жеке салымдарынын жана жыйнаган акчаларынын, кат алышуунун, телефон сүйлөшүүлөрүнүн, почта, телеграф жана башка билдирүүлөрүнүн купуялуулугун козгобогон маалыматтарды алуу үчүн техникалык каражаттарды колдонуу;
18) маалыматты мыйзамсыз алуунун техникалык каражаттарын издөө;
19) байланыш тарамдарында жана каналдарында изин суутпай издөө;
20) сүйлөшүүлөрдү тымызын тыңшоо жана жазуу (видео-, аудиотехниканы жана (же) атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен);
21) абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалыматты алуу.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленген аракеттер изин суутпай издөө иш чараларын жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Бул аракеттердин тизмеси акыркы толук тизме болуп эсептелет жана ал мыйзам тарабынан гана өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.
Изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө маалымат тутумдары, көрсөтмө жана үн жазуулар, киного жана сүрөткө тартуулар, ошондой эле инсандын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген башка техникалык каражаттар да пайдаланылат. Маалыматты тымызын алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алым кирүү жана анын чегинен тышкары алып чыгуу, ошондой эле иштеп чыгуу, өндүрүү, сертификациялоо, сатуу, сатып алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу процессинде маалыматтарды маалымдуу эмес түрдө алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 451 "Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүүнүн жана анын чегинен тышкары алып кетүүнүн, ошондой эле иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, сертификациялоонун, сатуунун жана сатып алуунун белгиленген эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Ушул Мыйзамдын 16-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар менен милдеттерди чечүү кызыкчылыгында байланыш тарамын пайдалануу менен байланышкан изин суутпай издөө иш-чаралары техникалык жактан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-р чечими
Изин суутпай издөө иш чараларын уюштуруу жана аны жүргүзүүнүн тактикасы мамлекеттик сыр болуп эсептелет.
(КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн негиздери
Төмөндөгүлөр:
1) козголгон жазык ишинин болушу;
2) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга белгилүү болуп калган:
эгерде жазык ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн жетиштүү маалыматтар болбосо, даярдалып, жасалып жаткан же жасалган укукка жат жосундун белгилери жөнүндө, ошондой эле аны даярдап, жасап жаткан же жасаган адамдар тууралу маалыматтар;
мамлекеттик, аскердик, экономикалык жана экологиялык коркунуч туудурган окуялар же аракеттер тууралу маалыматтар;
алгачкы текшерүү, тергөө органдарынан жана соттон жашырынып же кылмыш-жазасынан качып жүргөн адамдар тууралу маалыматтар;
дайынсыз жок болгон адамдар жана таанууга мүмкүн болбогон өлүктөр жөнүндө маалыматтар;
3) өзүнүн өндүрүшүндө болгон жазык иштери боюнча алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн тапшырмасы, прокурордун көрсөтмөсү же соттун аныктамасы;
4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу башка органдардын ушул статьяда көрсөтүлгөн негиздер боюнча берилген сунуш-талаптары;
5) корголуп жаткан адамдарга карата, мыйзамдарда каралган тартипте ага ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндөгү токтом;
6) Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерине (макулдашууларына) ылайык берилген сунуш-талаптары изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон, жарандардын инсандыгын мүнөздөй турган төмөндөгү:
1) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга же адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө жогорулатылган коркунуч келтирген объектилерди пайдаланууга байланыштуу жумуштарга жол берүү жөнүндө;
2) изин суутпай издөө ишине катышууга же аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган материалдар менен таанышууга жол берүү жөнүндө;
3) изин суутпай издөө иш-чараларын даярдоо жана жүргүзүү учурунда жак менен кызматташтык мамилелерди белгилөө жана аны сактоо жөнүндө;
4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын (кызмат адамдарынын) коопсуздугун камсыз кылуу боюнча;
5) жеке детективдик жана кайтаруу ишине уруксат берүү жөнүндө маалыматтарды чогултууга укуктуу.
9-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн шарттары
Эгерде мыйзамда башкача айтылбаса, айрым адамдардын жарандыгы, улуту, жынысы, жашаган жери, кызматтык, социалдык жана мүлктүк абалы, коомдук бирикмелерге таандуулугу, динге карата мамилеси жана саясий ынанымдары Кыргыз Республикасынын аймагында аларга карата изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Мыйзам менен корголуучу кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына, ошондой эле турак жайдын кол тийбестик укугуна тиешелүү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө оор жана өзгөчө оор кылмыштарды даярдап жаткан же жасап жаткан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап жаткан же болбосо жасаган адамдар жөнүндө маалыматты жыйноо үчүн кийин 24 сааттын ичинде көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго маалымдоо менен изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча соттук чечимдин негизинде гана жол берилет. Мындай жетекчилердин категориясынын тизмеги изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актыларында белгиленет. Мында турак жайды текшерүүгө көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго токтоосуз кабарлоо менен өзгөчө учурларда соттун чечими боюнча гана жол берилет.
Кийинкиге калтырууга болбогон жана террорчулук актысын же диверсияны жасоого алып келиши мүмкүн болгон учурларда, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлөштүрүлгөн токтомунун негизинде тиешелүү сотко (судьяга) жана көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго токтоосуз маалымдоо жана кийин 24 сааттын ичинде соттун чечимин алуу менен ушул статьянын экинчи бөлүгүндө саналып өткөн изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жол берилет.
Айрым адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, менчигине коркунуч келген учурда, алардын арызы же алардын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча алардын телефондору же башка сүйлөшүү түзүлмөлөрү аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоого изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси бекиткен токтомдун негизинде, тиешелүү сотко (судьяга) жана көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго милдеттүү кабарлоо жана соттун чечимин кийин 24 сааттын ичинде алуу менен уруксат берилет.
Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-3 жана 5-пункттарында каралган негиздер боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 8-14, 17-21-пункттарында көрсөтүлгөн аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын, коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өздүк коопсуздугун камсыз кылуучу изин суутпай издөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт. Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 8-14, 17-21-пункттарында көрсөтүлгөн аракеттерди жүзөгө ашырууга жарандын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо соттун (судьянын) чечими жок жүзөгө ашырууга уруксат берилет.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья. Изин суутпай текшерүүнү жүргүзүү
Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер болгондо, изин-суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар изин суутпай текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. Аны жүргүзүү фактысы милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Изин суутпай текшерүү аны жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин уруксаты жана контролдугу менен жүргүзүлөт. Изин суутпай издөө иш-чараларынын натыйжалары изин суутпай издөөнүн кызматтык документтеринде чагылдырылат жана тутумдаштырылат.
Прокурордук көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда же изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө санкция алуу үчүн изин суутпай издөөнүн кызматтык документтери прокурорго берилүүгө тийиш.
11-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын токтотуунун негиздери
Изин суутпай издөө иш-чаралары:
- аларды жүргүзүүдө каралган милдеттер аткарылганда;
- алдыга коюлган милдеттерди чечүүнүн объективдүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ырастаган жагдайлар белгиленген учурда;
- текшерилип жаткан адамды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жоопко тартууну жокко чыгарган жагдайларды аныктоо боюнча кыскартылат.
Изин суутпай издөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат, токтотулат жана кыскартылат.
(КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Изин сутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө жарандардын конституциялык укуктарын чектөө жөнүндө материалдарды кароонун негиздери жана тартиби
Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө жарандардын электр жана почта байланышы аркылуу берилүүчү кат жазышууларынын, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн, почталык, телефондук жана башка билдирүүлөрүнүн жашыруундулугун сактоого, турак-жайдын кол тийгистигинин конституциялык укуктарын чектөө жөнүндө материалдарды кароо, эреже катары, мындай иш-чаралар жүргүзүлүүчү жерде же аларды жүргүзүүгө өтүнүч берген орган турган жер боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн материалдар судья тарабынан жеке жана токтоосуз каралат. Судья мындай материалдар берилген учурда аларды кароодон баш тартууга укуксуз.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчилеринин биринин жүйөлүү токтому жарандардын конституциялык укуктарын чектеген изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө маселени чечүү үчүн негиз болуп эсептелет. Мындай жетекчилердин категорияларынын тизмеси изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары тарабынан аныкталат.
Судьянын талабы боюнча оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнүн арасына атайын кошулган адамдар жөнүндө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штатта турган жашыруун кызматкерлери тууралу, аларга жашыруун негизде көмөк көрсөтүп жүргөн адамдар жөнүндө, изин суутпай издөө ишинин уюштурулушу жана аны өткөрүүнүн тактикасы тууралу материалдардан башка, изин сутпай издөө иш-чараларын аткарууга негиз болгон башка материалдар да берилиши мүмкүн.
Көрсөтүлгөн материалдарды кароонун натыйжалары боюнча сот (судья) жарандардын конституциялык укуктарын чектеген тиешелүү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө уруксат берет же болбосо аны жүргүзүүдөн баш тартат, бул жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат. Мөөр менен күбөлөндүрүлгөн токтом алар тарабынан берилген материалдарды кайтарып берүү менен бир убакта изин суутпай издөө иш-чарасын жүргүзүүнүн демилгечисине кайтарылып берилет.
Эгерде соттук чечимдин өзүндө башкача белгиленбесе, судья тарабынан чыгарылган соттук чечимдин колдонулуш мөөнөтү ал чыгарылган күндөн тартып суткалар менен эсептелет жана ал алты айдан ашпоого тийиш. Соттук чечимдин колдонулуш мөөнөтүн узартуу зарыл болгондо, судья жаңы берилген материалдардын негизинде токтом чыгарат.
Эгерде судья жарандардын конституциялык укуктарын чектеген изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдөн баш тартса, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу орган жогору турган сотко бул маселе боюнча кайрылууга укуктуу.
Сот органдарынын жетекчилери судьяга берилген оперативдик-кызматтык документтерде камтылган маалыматтардын сакталышын камсыз кылган шарттарды түзүшөт.
(КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Изин суутпай издөө ишин маалымат менен камсыз кылуу жана документтештирүү
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар ушул Мыйзам тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн маалымат тутумун түзүшү, пайдаланышы, ошондой эле изин суутпай эсепке алуу иштерин ачышы мүмкүн.
Изин суутпай эсепке алуу иштери ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-6-пункттарында каралган негиздер болгон учурда, маалыматтарды чогултуу жана тутумга салуу, изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын текшерүү жана ага баа берүү, ошондой эле алардын негизинде изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын тиешелүү чечимдерин кабыл алуу максатында ачылат.
Изин суутпай эсепке алуу ишин ачуу фактысы адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле мыйзамдуу таламдарын чектөө үчүн негиз болуп эсептелбейт.
Изин суутпай эсепке алуу иши ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган учурларда токтотулат.
Изин суутпай эсепке алынуучу иштердин тизмеси жана аларды жүргүзүүнүн тартиби изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик актылары тарабынан аныкталат.
14-статья. Изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын пайдалануу
Изин суутпай издөө ишинин натыйжалары тергөө жана сот аракеттерин даярдоо жана жүзөгө ашыруу, кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча изин суутпай издөө иш -чараларын жүргүзүү жана аларды даярдап жаткан, жасап жаткан же жасаган адамдарды аныктоо жана белгилөө, ошондой эле алгачкы текшерүү, тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн, жазаны аткаруудан качып жүргөн жана дайынсыз жок болгон адамдарды издөө үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Изин суутпай издөө ишинин натыйжалары жазык ишин козгоо үчүн себеп жана негиз болуп кызмат кылышы, алгачкы текшерүү органына, жазык иши өндүрүшүнө болгон тергөөчүгө, прокурорго же сотко берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин далилдерди чогултууну, текшерүүнү жана аларга баа берүүнү регламенттеген жоболоруна ылайык жазык иштери боюнча далилдерде пайдаланылышы мүмкүн.
Изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө же сотко берүү изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-3 жана 5-пункттарында саналган адамдарга карата изин суутпай издөө ишинин натыйжалары, аларга иштин көрсөтүлгөн түрлөрүн жүргүзүүгө жол берүү жөнүндө маселени чечүү учурунда эске алынат.
(КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар жөнүндө маалыматтарды коргоо
Маалымдуу эмес изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда пайдаланылуучу же пайдаланылган күчтөр, каражаттар, булактар, усулдар, пландар жана изин суутпай издөө ишинин натыйжалары жөнүндө, оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар жөнүндө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттагы маалымдуу эмес кызматкерлери жөнүндө, аларга жашыруун негизде көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө, ошондой эле изин суутпай издөө иш чараларын уюштуруу жөнүндө жана аны жүргүзүүнүн тактикасы жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелет жана алар изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин токтомунун негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
Оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар жөнүндө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттагы маалымдуу эмес кызматкери жөнүндө, ошондой эле жашыруун негизде аларга көмөк көрсөтүп жаткан же көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга алардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.
Изин суутпай издөө иш-чарасын жүргүзүүгө укук берген чечим жана мындай чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп кызмат кылган материалдар изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарда гана сакталат.
Изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын чагылдырган изин суутпай издөөнүн кызматтык документтери алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго, сотко, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу башка органга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда берилиши мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III бөлүм Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар
16-статья. Изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдар
Кыргыз Республикасынын аймагында изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу укугу:
1) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын;
3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик чалгындоо органдарынын;
4) каржы полициясынын органдарынын;
5) бажы органдарынын;
6) (КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) жазык-аткаруу тутумунун органдарынын;
8) Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын органдарынын;
9) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) салык кызматынын органдарына.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүндө саналган изин суутпай издөө иш-чараларынын бардык тизмегин колдонууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 7-статьясынын бир бөлүгүнүн 1-17, 20 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик чалгындоо органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-17, 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу.
Бажы органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-8, 13-16, 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-3, 5-16, 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу.
(Бөлүк КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Жазык-аткаруу тутумунун органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-3, 5, 7, 11, 13, 16, 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдары анын милдеттерин изин суутпай издөө иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө илимий, техникалык жана башка атайын билимдери бар кызмат адамдарынын жана адистердин жардамын, ошондой эле айрым жарандардын өздөрүнүн макулдугун пайдалануу менен маалымдуу жана маалымдуу эмес негизде жеке катышуу аркылуу чечишет.
Ушул Мыйзамда ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактар тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө, сактоого жана маалыматтарды маалымдуу эмес негизде алуу үчүн арналган (иштелип чыккан, ыңгайлаштырылган, программаланган) атайын жана башка техникалык каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын изин суутпай издөөчү кичи бөлүмдөрү жазык-аткаруу кызматкерлери менен биргелешип жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунда изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын тизмеси, ушул Мыйзам тарабынан гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн органдардын жетекчилери изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга толук укуктуу болгон изин суутпай иш жүргүзүүчү кичи бөлүмдөрдүн тизмесин, алардын ишин, ыйгарым укуктарын, структурасын жана ишин уюштурууну аныкташат.
Изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдар, ушул Мыйзамда аныкталган милдеттерди Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актыларында белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде гана чечишет.
Салык кызматынын органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-17, 20 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу.
(КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2003-жылдын 12-июнундагы № 105, 2004-жылдын 28-мартындагы № 52, 2008-жылдын 23-майындагы № 97, 2009-жылдын 11-мартындагы № 80, 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 Мыйзамдарынын КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ N 128 декретинин, КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын милдеттери
Ушул Мыйзамда аныкталган изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүүдө аны жүзөгө ашырууга ыйгарым укугу бар органдар:
1) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти коргоо боюнча, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө;
2) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде өз өндүрүшүнө алынган жазык иштери боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн кат жүзүндөгү тапшырмасын, прокурордун көрсөтмөсүн жана соттун чечимин аткарууга;
3) кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдонууга;
4) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган негизде жана тартипте тиешелүү эл аралык укук коргоо уюмдарынын, чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын сунуш-талаптарын аткарууга;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу башка органдарга бул органдардын компетенциясына таандык болгон укукка каршы иштин өзүнө белгилүү болгон фактылары жөнүндө маалымдоого жана бул органдарга зарыл болгон жардам көрсөтүүгө;
6) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу учурунда жашырындуулуктун эрежелерин сактоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз кызматкерлеринин, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардын, жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, ошондой эле аталган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугун жана мүлкүнүн сакталышын, аларды кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын укуктары
Изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүү учурунда аны жүзөгө ашырууга ыйгарым укугу бар органдар:
1) ушул Мыйзамда белгиленген өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде изин суутпай издөө иш-чараларын маалымдуу жана маалымдуу эмес негизде жүргүзүүгө, аларды жүргүзүү учурунда нерселерди, материалдарды жана билдирүүлөрдү алууга, ошондой эле адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аскердик, экономикалык же экологиялык коопсуздугуна коркунуч пайда болгон учурда байланыш кызматын берүүнү токтотууга;
2) Мобилдик уюлдук байланыштын операторлорунан, эгерде анын эл аралык идентификатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестрине киргизилген болсо мобилдик түзүлүштүн ишин токтотууну талап кылууга;
3) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга жашырындуулуктун негизинде көмөк көрсөтүүгө макулдук берген адамдар менен акысыз, болбосо акы төлөө негизинде кызматташтык мамилелерди түзүүгө;
4) изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө келишим боюнча же оозеки макулдашуу боюнча ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, аскер бөлүктөрүнүн кызматтык бөлмөлөрүн, мүлкүн, ошондой эле жеке адамдардын турак-жай жана турак-жай эмес бөлмөлөрүн, транспорт каражаттарын жана башка мүлкүн пайдаланууга;
5) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын ким экендигинин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, кичи бөлүмдөрдүн, бөлмөлөрдүн жана транспорт каражаттарынын ведомстволук таандыгынын, ошондой эле аларга жашырындуулуктун негизинде көмөк көрсөткөн жарандардын инсандыгын шифрлеген документтерди жашыруундуулуктун максаттарында пайдаланууга укуктуу.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптары мындай талаптар коюлган жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптары аткарылбаганда, болбосо аны мыйзамдуу жүзөгө ашырууга тоскоолдук жасалганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
(КР 2007-жылдын 15-августундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарын социалдык жана укуктук жактан коргоо
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарына, штаттарына көрсөтүлгөн адамдар кире турган органдардын кызматкерлерине берилүүчү социалдык жана укуктук жактан коргоонун кепилдиктери жайылтылат.
Мыйзам тарабынан тикелей ыйгарым укук берилген адамдардан башка, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдуу аракеттерине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген кызмат адамы изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө өзүнүн түздөн-түз жана тикелей башчысына гана баш иет. Мыйзамга карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө алынган учурда, аталган кызмат адамы мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү.
Жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын конституциялык укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо учурунда, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу үчүн изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамы, болбосо ага көмөк көрсөткөн адам тарабынан өзүнүн кызматтык же коомдук парзын укукка ылайык аткаруу учурунда жасалган укук тарабынан корголуучу таламдарга аргасыздан зыян келтирүүгө жол берилет.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын уюмдашкан кылмыштуу топтордогу атайын тапшырмаларды аткаруу мезгили, ошондой эле көрсөтүлгөн органдардагы алардын штаттык маалымдуу эмес кызматкерлердин кызматында кызмат өтөгөн мезгили Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте иш мөөнөтүн өтөгөндүгү үчүн жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия дайындоодо эсепке алынууга тийиш.
IV бөлүм Жарандардын изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүшү
20-статья. Жарандардын изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүшү
Айрым адамдар өздөрүнүн макулдугу менен, өздөрүнүн каалоосу боюнча жашырындуулукту сактоо менен, изин суутпай издөө иш-чараларын даярдоого же жүргүзүүгө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде контракт боюнча тартылышы мүмкүн. Бул адамдар изин суутпай издөө иш-чараларын даярдоонун же жүргүзүүнүн жүрүшүндө өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү жана аталган органдарга атайылап жалган маалымат берүүгө укуксуз.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар эрезеге жеткен аракетке жөндөмдүү адамдар менен алардын жаранчылыгына, улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык же социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге таандыгына, динге карата мамилесине жана саясий ынанымдарына карабастан контракт түзө алышат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга контракт боюнча депутаттардын, судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын, дин кызматкерлеринин жана расмий түрдө катталган диний бирикмелердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жашыруун көмөк көрсөтүүсүн пайдаланууга тыюу салынат.
21-статья. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн жарандарды социалдык жана укуктук жагы нан коргоо
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн адамдар мамлекеттин коргоосу астында болот.
Мамлекет контракт боюнча изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүгө макулдук берген адамдарга контрактта каралган милдеттенмелерди аткарууну кепилдикке алат, анын ичинде аталган адамдар тарабынан коомдук парздын жана аларга жүктөлгөн милдеттердин укукка ылайык аткарылышына байланыштуу укуктук жактан коргоону кепилдикке алат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөндүгүнө байланыштуу айрым адамдардын, ошого тете алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө укукка каршы кол салуунун айкын коркунучу пайда болгон учурда, бул органдар укукка жат аракеттерди болтурбай коюу, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Укукка жат жосун жасаган жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу орган менен кызматташууга тартылган, кылмыштардын бетин ачууга активдүү көмөк көрсөткөн, келтирилген залалдын ордун толтурган же келтирилген зыянды башкача жол менен толтурган кылмыштуу топтун ичиндеги адамга жаза дайындоодо сот аталган жагдайларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай катары эске алат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен кызматташ болгон, болбосо аларга кылмыштардын бетин ачууда же кылмыш жасаган адамдарды аныктоодо жардам көрсөткөн адамдар акчалай сый акы жана башка төлөмдөрдү алышы мүмкүн.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча жарандардын кызматташуу мезгили иштин негизги түрү катарында жарандардын эмгек стажысына киргизилет. Аталган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия менен камсыз кылуу укугуна ээ болушат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен кызматташ болгон адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укук актыларында аныкталуучу тартипте аларды коргоо боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилет.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча кызматташкан адам изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө катышкандыгына байланыштуу курман болгон учурда, жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана анын багуусунда болгон адамдарга тиешелүү бюджеттин каражаттарынан курман болгон адамдын он жылдын ичинде ала турган акчалай каражатынын өлчөмүндө бир жолку пособие төлөнөт жана мыйзамда белгиленген тартипте баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия дайындалат.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча кызматташ болгон адам изин суутпай издөө иш чараларын жүргүзүүгө катышкандыгына байланыштуу жаракат алган, жарадар болгон, контузияга учураган, мертинген учурда жана ал үчүн изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен андан ары кызматташуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылганда, аталган адамга тиешелүү бюджеттин каражатынан анын беш жылдын ичинде ала турган акчалай каражатынын өлчөмүндө бир жолку пособие төлөнөт жана мыйзамда белгиленген тартипте майыптыгы боюнча пенсия дайындалат.
V бөлүм Изин суутпай издөө ишин каржылык жактан камсыз кылуу
22-статья. Изин суутпай издөө ишин каржылык жактан камсыз кылуу
Изин суутпай иш жүргүзүүчү кичи бөлүмдөрү изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга бюджеттен каржылык каражаттар бөлүнүп, алар бул органдардын жетекчилери тарабынан белгиленген тартипте чыгымдалат.
Изин суутпай издөө ишине бөлүнгөн каржылык каражаттарды чыгымдоого контролдук изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу изин суутпай иш жүргүзүүчү кичи бөлүмдөр курамына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылат.
VI бөлүм Изин суутпай издөө ишине контролдук жана көзөмөл жүргүзүү
23-статья. Изин суутпай издөө ишине прокурордук көзөмөл
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан аткарылышына көзөмөлдүк Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал тарабынан ыйгарым укук берилген областтардын жана Бишкек шаарынын прокурорунун статусунан кем эмес прокурорлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мыйзамдардын бузулушу жөнүндө прокуратурага келип түшкөн материалдарга, маалыматтарга жана жарандардын кайрылууларына байланыштуу ыйгарым укук берилген прокурордун сунуш-талабы боюнча, ошондой эле изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерүү учурунда, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси аталган прокурорго бул иш-чараларды өткөрүү үчүн негиз болуп кызмат кылган изин суутпай издөөгө байланыштуу кызматтык документтерди берет.
Оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар жөнүндө жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттык маалымдуу эмес кызматкерлери жөнүндө, ошондой эле бул органдарга жашыруун негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтар, аларды жазык жоопкерчилигине тартууну талап кылгандан башка учурларда, аталган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен гана прокурорго берилет. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууну уюштуруу жөнүндө, анын тактикасы, усулдары жана каражаттары жөнүндө маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алынбайт.
Прокуратура органдарынын жетекчилери прокурорго берилген изин суутпай издөө иши боюнча кызматтык документтерде камтылган маалыматтардын корголушун камсыз кылган шарттарды түзүшөт.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Ведомстволук контролдук
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилери изин суутпай издөө иш- чараларын уюштуруу жана жүргүзүү учурунда мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчиликте болушат.
25-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.
"Эркин-Тоо" газетасынын 1998-жылдын 30-октябрындагы № 171-172 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1998-жылдын 5-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |