Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 4-декабры № 135
Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - жалпы билим берүү уюмдары) 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу тартибин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын максаты жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун алардын тамак-аш заттарына жана энергияга болгон курактык физиологиялык керектөөлөрүнө, сарамжалдуу жана теңдемделген тамактануу принциптерине туура келген менюга ылайык камсыз кылуу үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) окуучулардын тамактануусу - окуучулардын энергия запасын толтуруу, өсүү жана физиологиялык өнүгүү процесстерин ишке ашыруу үчүн тамак-аштын жардамы менен окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо;
2) меню - жалпы билим берүү уюмдарынын ашканаларында берилүүчү тамактардын жана суусундуктардын тизмеги;
3) ашкана - менюнун негизинде тамактануу үчүн азыктарды өндүрүүчү жана сатуучу коомдук тамактануу түйүнү;
4) буфет - жогорку даражада даярдалган жарым фабрикаттардан жасалган азыктардын чектелген ассортиментин, муздак, жеңил тамактарды, оңой даярдалган ысык, таттуу тамактарды, ундан жасалган кулинардык, булочка жана кондитердик азыктарды сатуучу коомдук тамактануу түйүнү;
5) мектеп алдындагы чарба - окуучулардын тамак-аш рационун кеңейтүү максатында жалпы билим берүү уюмунун аймагындагы айыл чарба продукциясы өстүрүлүүчү участок.
3-берене. Тамактанууну уюштуруу милдеттери
Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруудагы негизги милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) үй-бүлөлөрдүн социалдык теңсиздигин кыскартуу;
2) экологиялык таза технологияларды жана усулдарды пайдалануу менен базалык инфратүзүмдү түзүү;
3) тамактануунун сапатын, теңдемдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу;
4) тамактануу режимин сактоо жана окуучулардын туура теңдемделген тамактануу көндүмдөрүнө ээ болуусу.
4-берене. Окуучулардын тамактануусун уюштуруу
1. Окуучулардын тамактануусун уюштуруу калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген жалпы билим берүү уюмдарынын атайын жайларында (ашкана, буфет) бекитилген менюга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Окуучулардын керектөөсү үчүн арналган тамак-аш продукциясы Бажы бирлигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргеликте окуучулардын тамактануусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат жана жоопкерчилик тартат.
Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун каржылоо, уюштуруу, тамактануусунун коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүмкүнчүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу, ошондой эле тамак-аш рационун кеңейтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана айыл жеринде жалпы билим берүү уюмдарына мектеп алдындагы чарбаны уюштуруу үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан жер үлүштөрүн мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүп берүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
Мектеп алдындагы чарбаларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн шарттарды түзүү
Жалпы билим берүү уюмдарынын курулушуна долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууда имараттын долбоордук кубаттуулугун эске алуу менен, ашканалар үчүн тамак-аш даярдоо, окуучулардын тамактануусун уюштуруу жана чарбалык жайлар үчүн атайын ылайыкташтырылган өндүрүш жайларынын зарыл болгон топтомдору бар жайлар каралат.
7-берене. Тамактанууну уюштуруу сапатын камсыз кылуу
Окуучулардын тамактануусун уюштуруу жана тамак-аш азыктарын сатып алуу процессин контролдоо жана жөнгө салуу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Бажы бирлигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттери менен белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Окуучулардын тамактануусун каржылоо
Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык бюджет;
2) жеке жана юридикалык жактардын өз ыктыяры менен берген каражаттары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар;
4) Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусу тийиштүү шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен камсыз кылынат;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансылык мүмкүнчүлүктөрү болгондо, тиешелүү аймакта жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусуна кошумча каражаттарды бөлүп берүүгө укуктуу.
9-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 101 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 27-июнундагы № 111 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 376-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С. Жээнбеков |
2019-жылдын 23-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |