Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 25-июлу № 147
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
247-берененин аталышында жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "тендерлерди" жана "тендерди" деген сөздөр "мамлекеттик сатып алууларды (сатып алууларды)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын отуз экинчи-отуз төртүнчү абзацтарында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 9-статьяда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-статьянын экинчи бөлүгүндө "тендер" деген сөз "сатып алууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 15-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 22-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 30-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-статьяда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 121-статьянын 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 14-статьянын 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 15-статьяда:
а) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацында "тендерди" деген сөз "аукционду" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Муниципалдык мүлктү күтүүгө контракт түзүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык мүлктү күтүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө жеке жана юридикалык жактар менен контракттарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте түзө алат.".
4-берене
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын экинчи бөлүгүнүн он сегизинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "тендер өткөрүү" деген сөздөр "мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Табигый монополиялардын субъекттери тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруудагы мамлекеттик контроль
Чыгымдары табигый монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) баасында (тарифтеринде) эсепке алынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.".
6-берене
(КР 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Банктын финансылык жылы аяктаганга чейинки 6 айдан кеч эмес мөөнөттө, Банк тарабынан жүргүзүлгөн сатып алуулар жол-жоболорунун жыйынтыктары боюнча, таанылган эл аралык аброю жана борбордук банктарда 5 жылдан кем эмес аудит жүргүзүү тажрыйбасы бар аудитордук уюмду карайт жана бекитет.".
8-берене
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 940-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 5-пунктунда "(тендерлерди)" деген сөз алып салынсын;
2) 21-берененин 2-бөлүгүндө "(тендерде)" деген сөз алып салынсын;
3) 28-берененин 2-пунктунда "(тендерлерди)" деген сөз алып салынсын.
9-берене
"Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 356-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пункт "убактылуу" деген сөздөн кийин "комиссиялардын," деген сөз менен толукталсын;
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 18-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун комиссияларынын, коллегияларынын жыйналыштарынын өткөрүлүүчү датасы, орду, программасы же күн тартиби жөнүндө жана министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чаралар жөнүндө, алардын өткөрүлүүчү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен коомдук кеңешке кабарлоого жана коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналыштарды өткөрүүнүн кайсы болбосун стадиясында аларга катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.".
10-берене
"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 297-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-беренеде "өткөрүлгөн тендерлер," деген сөздөр алып салынсын.
11-берене
"Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 12, 698-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Тамактанууну уюштуруу сапатын камсыз кылуу
Окуучулардын тамактануусун уюштуруу жана тамак-аш азыктарын сатып алуу процессин контролдоо жана жөнгө салуу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Бажы бирлигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттери менен белгиленет.".
12-берене
"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-декабры, № 155) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 18-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "тендер өткөрүү жолу менен" деген сөздөр алып салынсын.
13-берене
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифтери менен басылып чыккан окуу китептерин кошпогондо, жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн окуу китептерин даярдоого байланышкан сатып алууларды. Мындай сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 3-беренеде:
а) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24) сатып алуу боюнча комиссия - ушул Мыйзамга ылайык функцияларды аткаруу үчүн сатып алуучу уюм тарабынан түзүлүүчү коллегиалдуу орган;";
б) 31-пункт "берүүчүлөрдүн" деген сөздөн кийин "жана консультанттардын" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 35 жана 36-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 39-пунктта "ачык же жабык типтеги" деген сөздөр алып салынсын;
д) 48-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48) сатып алуулар борбору (мындан ары - Агент) - Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча борборлоштурулган сатып алууларды өткөрүү функциясы жүктөлгөн орган;";
3) 8-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 1-пункттун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү";
- 9-пунктта "веб-порталга, анын ичинде электрондук каталогго мезгилдүү жазылуу, ошондой эле берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо жана" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери, өз муктаждыктары үчүн сатып алууларды кошпогондо, мамлекеттик сатып алуулар боюнча комиссиялардын курамына кирүүгө укуксуз.";
4) 9-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) веб-порталда сатып алуу жөнүндө документтерди жана аларга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) иштеп чыгат, түшүндүрмөлөр жөнүндө суроо-талаптарга жоопторду, берүүчүлөрдүн (консультанттардын) сунуштарын баалоонун жыйынтыктарын, кол коюлгандан кийин сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун жайгаштырат;";
б) 7-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси, адистери, сатып алуу боюнча комиссия, сатып алуучу уюмдун контрактын башкарууга жооптуу жактар, ошондой эле Агенттин жетекчиси жана сатып алуу, контрактты башкарууга жооптуу жактар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.";
5) 11-берененин 6-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
6) 12-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунун биринчи абзацында "жана чектелген методдор" деген сөздөр "метод" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 13-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 15-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 16-беренеде:
а) 1-бөлүктө ", алар электрондук каталог аркылуу сатып алынат" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзац "менен сатып алууда" деген сөздөрдөн кийин "электрондук каталог аркылуу сатып алынган" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда квалификациялык, техникалык талаптарга ылайык келүү жана веб-порталда кулактандыруу жарыялоо жолу менен сатып алынуучу эң төмөнкү баа тандоо критерийлери болуп саналат.";
в) 3-бөлүк "тандап алууну камсыздоо үчүн" деген сөздөрдөн кийин "электрондук каталог аркылуу жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
10) 17-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта "50 000" деген цифралар "200 000" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-пункт "өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле эл аралык өзгөчө жардамдын алкагындагы иш-чараларды же чет өлкөлөргө гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда же мобилизациялык даярдык боюнча иштерди аткарууда" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 6-пункт "Бириккен Улуттар Уюму" деген сөздөрдөн кийин, "ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын алкагында иштөөчү атайын сатып алуу уюмдары (алардын операциялык компоненттерин кошуп)" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 8-пункт "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын" деген сөздөр менен толукталсын;
д) 10-пунктта "мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 15-21-пункттар менен толукталсын:
"15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режим аныкталганда товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашырууда;
16) эгерде кайталап сатып алууну жүргүзүү ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык контракт түзүүгө алып келбесе;
17) театралдык оюн-зоок уюму, музей, клубдук мекеме, кинематография уюму, маданияттын башка уюму, маданият чөйрөсүндөгү билим берүү мекемеси, телерадиоберүү уюму тарабынан конкреттүү жеке жактан же конкреттүү жактардан - сценарийдин авторунан, артист-аткаруучудан, балетмейстерден, теле- же радиопрограмманы алып баруучудан, дизайнерден, дирижердон, драматургдан, машыктыруучудан, композитордон, концертмейстерден, либреттонун авторунан, кино, видео, үн жазуу операторунан, жазуучудан, акындан, режиссердон, репетитордон, скульптордон, хореографтан, хормейстерден, сүрөтчүдөн жана башка чыгармачыл кызматкерден адабияттын же искусствонун чыгармаларын жаратууга же аткарууга болгон кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, ошондой эле конкреттүү жеке жактан же болбосо юридикалык жактан декорацияларды, сахна костюмдарын (анын ичинде баш кийимдерди жана бут кийимдерди) жана декорацияларды жана костюмдарды жасоо үчүн зарыл материалдарды, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн уюмдар тарабынан чыгармаларды жаратуу жана (же) аткаруу үчүн зарыл театр реквизиттерин, бутафорияларды, гримди, постижёрдук буюмдарды, театралдык куурчактарды даярдоо жана берүү боюнча жумуштарды сатып алууда;
18) майыптар үчүн адистештирилген товарларды жана Брайль шрифтинде терилген окуу куралдарын сатып алууда;
19) спорттук инвентарды жана жабдууларды (шаймандарды), спорттук экипировканы, ошондой эле спорттук улуттук жана курама командалардын катышуусу жана (же) даярдыгы үчүн, ошондой эле ушул чөйрөнү жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген календардык пландын негизинде спорттук улуттук жана курама командалардын олимпиадалык, паралимпиадалык, дефлимпиадалык жана башка эл аралык спорттук иш-чараларга катышуусу үчүн зарыл болгон допингге каршы чараларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
20) сатып алуулардын жыйынтыктары чыгарылганга жана сатып алуу жөнүндө контракт күчүнө киргенге чейинки мезгилде күндөлүк жана (же) жумалык керектөөдөгү сатып алууларды жүргүзүү зарыл учурда, эгерде мындай сатып алуу жылдын биринчи айынын ичинде жүзөгө ашырылса. Мындай учурда сатып алуунун көлөмү сатып алууну жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде, бирок 2 айдан ашпаган мезгилде сатып алуучу уюмдун керектөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санынан ашпоого тийиш;
21) мамлекеттик музей, китепкана, архив фонддорун, кино-, фотофондду жана башка ушул сыяктуу фонддорду толуктоо үчүн арналган маданий баалуулуктарды (анын ичинде музей буюмдарын жана музей коллекцияларын, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана баалуу басылмаларды, кол жазмаларды, архивдик документтерди, буга кошуп тарыхый, көркөм же башка маданий мааниси бар көчүрмөлөрдү) берүүдө.";
11) 18-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда алкактык макулдашуу бир жана андан көп берүүчүлөр менен 3 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.";
б) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Алкактык макулдашуунун жол-жобосу төмөнкүдөй эки этапта жүзөгө ашырылат:
1) биринчи этапта берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтары жана техникалык спецификациялары сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына сунуштардын шайкештиги бааланат;
2) экинчи этапта алкактык макулдашуулар түзүлгөн берүүчүлөрдүн тизмесинин ичинен контрактка кол коюу үчүн баалардын котировкалары суратып алынат.
4. Алкактык макулдашууга ар бир берүүчү тарабынан өз-өзүнчө кол коюлат. Алкактык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүндөгү каалаган убакта алкактык макулдашуунун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөр алкактык макулдашууга кол коюу үчүн өз сунуштарын бере алышат.
Сатып алуучу уюм/Агент алкактык макулдашуунун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөрдөн сунуштар келип түшкөндүгүнө жараша сунуштары сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген критерийлерге жооп берген берүүчүлөр менен алкактык макулдашууга кол коёт.";
12) 20-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 21-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 22-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- 1-пунктта "мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "сатып алуучу уюмга/Агентке" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта "сатып алуучу уюмга/агентке түздөн-түз киргизилүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу сатып алуучу уюм тарабынан 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:";
в) 6-бөлүктө "мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "сатып алуучу уюм/Агент" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 23-беренеде:
а) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 6-бөлүктө "же квалификацияга чейинки документтерде" деген сөздөр алып салынсын;
16) 26-беренеде:
а) 3-бөлүктө "же алдын ала квалификациялоо документтеринде" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүктүн 1-пунктунда "же алдын ала квалификациялоо документтерине" деген сөздөр алып салынсын;
17) 27-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 28-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде чектелбеген методдун эки пакеттик ыкмасы менен сатып алууларды жүзөгө ашырууда сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш берилген болсо, же болбосо четке кагылгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш калса, анда бул сатып алуулар болду деп таанылат.
Эгерде сатып алуу котировкаларды суратып алуу методу менен жүзөгө ашырылса жана өткөрүлгөн баалоонун жыйынтыктары боюнча сатып алуу жөнүндө документтердин белгиленген талаптарына жооп берген берүүчүнүн бир гана сунушу калса, анда бул сатып алуу болду деп таанылат.
Эгерде алкактык макулдашууну колдонуу менен сатып алуулар жүзөгө ашырылган учурда бир гана сунуш берилсе, же болбосо четке кагылгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтердин талабына жооп берген бир гана сунуш калса, анда сатып алуунун мындай жол-жобосу болду деп таанылат.";
19) 29-берененин 1-бөлүгүндө "чектелбеген, чектелген методдор менен" деген сөздөр "чектелбеген метод менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 34-беренеде:
а) 1-бөлүк "Сатып алуучу уюм/Агент" деген сөздөрдөн кийин "бир булактан сатып алуулар методунан башка," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктө "бир булактан сатып алуу" деген сөздөр "бир консультант кирсе боло турган квалификация боюнча тандоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 37-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "20" деген цифра "15" деген цифрага алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "10" деген цифра "7" деген цифрага алмаштырылсын;
22) 54-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 19-пунктунун, 25-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн, 27-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун ченемдерин, идентификациялык кодду колдонуу бөлүгүндө.".
14-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 60 (3509) саны менен жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |