Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 23-декабры № 143
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө
(КР 2020-жылдын 8-июнундагы № 60, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 14 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 139 376 994,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 169 141 030,4 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 29 764 035,7 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 29 764 035,7 миң сом суммасындагы каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
(КР 2020-жылдын 8-июнундагы № 60, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 14 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-2022-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкү болжолу жактырылсын:
1) 2021-жылга кирешелер боюнча болжол - 164916579,1 миң сом суммасында, 2022-жылга - 169243660,0 миң сом суммасында;
2) 2021-жылга чыгашалар боюнча болжол - 173498415,6 миң сом суммасында, 2022-жылга - 174966994,6 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 8581836,5 миң сом суммасында, 2022-жылга - 5723334,6 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2021-2022-жылдарга жактырылган республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2021-2022-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин жана 2021-2022-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2020-2022-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2020-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 3 548 388,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана 2020-жылга түзүлгөн тизмекте бекитилген объекттерди курууга, реконструкциялоого алардын артыкчылыктарын эске алуу менен жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150000,0 миң сом жумшалсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2020-жылы – 360 000,0 миң сом, 2021-жылы – 600 000,0 миң сом, 2022-жылы - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
Тендерлерди өткөрүүдө үнөмдөөнүн натыйжасында алынган каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын капиталдык курулушунун кийинки объекттерине багытталышы керек.
(КР 2020-жылдын 8-июнундагы № 60, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 14 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.
2. 11-2-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо, бюджеттик мекемелердин штаттык санынын өзгөрүүсүнө алып келүүчү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен, аларда бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоону жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
8-берене.
2020-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 500000,0 миң сомдон кем эмес суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын 2021-2022-жылдарга республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1 жана 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2020-2022-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы:
- 2020-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 85 пайыз, республикалык бюджетке - 15 пайыз өлчөмүндө;
- 2021-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
- 2022-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуулардан салык:
- 2020-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 25 пайыз, республикалык бюджетке - 75 пайыз өлчөмүндө;
- 2021-жылы - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
- 2022-жылы - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдаланганы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу казындыларды (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз, республикалык бюджетке - 50 пайыз өлчөмүндө;
5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
6) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке - 93 пайыз өлчөмүндө;
7) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке - 80 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
11-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 9-тиркемеге ылайык 2020-жылы - 458968,7 миң сом, 2021-жылы - 413840,4 миң сом, 2022-жылы - 314315,9 миң сом суммасында камсыз кылынсын.
Бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди толук жойгондо юридикалык жактар ага эсептелген пайыздарды, туумдарды, айып пулдарды жана финансылык санкцияларды төлөөдөн бошотулат.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү 1967300,0 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-2022-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытташсын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашалардын толук каржыланышына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу болот.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелери көбөйгөн учурда теңдөөчү трансферттердин өлчөмү кийинки үч жылда азайтылууга жатпайт.
6. Жеке кирешелерди (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйткөнү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом каралсын.
13-берене.
Эң аз эмгек акы өлчөмү 2020-жылга - 1854,0 сом, 2021-жылга - 1970,0 сом, 2022-жылга - 2050,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары, анын ичинде атайын эсептерде топтолгон, бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесин бузуу менен атайын эсептерге киргизилген каражаттар тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мекемелерди, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жабышсын.
Көрсөтүлгөн ченемдерди бузганда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2020-жылдын 8-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене.
Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар Кыргыз Республикасынын кийинки жылдагы республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
17-берене.
1. 2020-2022-жылдарга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун программалык бюджети 11 жана 11-1-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 11 жана 11-1-тиркемеге ылайык беришсин.
18-берене.
1. Пилоттук министрликтердин 2020-2022-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 11-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө отчетторду ар бир кварталдык негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:
1) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;
2) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн кызматчылардын жана кызматкерлердин эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктөрдү) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдаланууга.
19-берене.
Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
191-берене.
(КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 24-декабрындагы № 106(3070) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
2019-жылдын 28-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2, 9, 10, 11, 11-1, 11-2-тиркемелеринин көчүрмөсүн МЮКР архивинде.