Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 8-июну № 60
"Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 21-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 12, 706-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "163710434,2" жана "171663937,2" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "135346827,2" жана "163039088,4" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "7953503,0" деген цифралар "27692261,2" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө "7953503,0" деген цифралар "27692261,2" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 5-берененин 2-бөлүгүндө "3000000,0" деген цифралар "2411508,2" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары, анын ичинде атайын эсептерде топтолгон, бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесин бузуу менен атайын эсептерге киргизилген каражаттар тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мекемелерди, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жабышсын.
Көрсөтүлгөн ченемдерди бузганда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 191-берене менен толукталсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө бюджеттин алкагында республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.";
5) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 12-июнундагы № 45 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
Мыйзамдын 1, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2-тиркемелеринин көчүрмөсүн МЮКР архивинде.