Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Экономика министрлигинин 2016-жылдын 26-январындагы № 8 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2015-жылдын 24-июлундагы № 2

Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар мамлекеттик менчикте турган анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды, жайларды ижарага берүүдө ушул буйруктун 1-пунктунда белгиленген нускаманы жетекчиликке алышсын.

3. Документациялык камсыздоо, контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмү ушул буйрукту министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго, министрликтин ведомстволук органдарынын жетекчилерине жеткирсин.

4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Д.Ш. Иманалиевге жүктөлсүн.

 

Министр

О .Панкратов