Загрузка документа…
КР Экономика жана Коммерция Министрлигинин 2023-жылдын 16-январындагы № 03 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-январы № 8
Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 24-июлундагы № 2 "Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
2. "Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар мамлекеттик менчикте турган анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды, жайларды ижарага берүүдө ушул буйруктун 2-пунктунда белгиленген нускаманы жетекчиликке алышсын.
4. Контролдоо жана документация жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, статс-катчыга, министрдин орун басарларына, министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук органдарынын жетекчилерине жеткирсин.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо статс-катчы А.Э.Курмановага жүктөлсүн.
Министр | А.Кожошев |