Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 26-декабры № 146
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 5-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 725-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
Ушул Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене.
Жазык-процесстик кодексинин сот арачылары катыша турган соттор жөнүндө 45-главасын колдонуу 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |