Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 19-февралындагы № 40 Мыйзамына ылайык 2035-жылдын 1-январына чейин КОЛДОНУЛУШУ ТОКТОТУЛДУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 215
Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө
(КР 2012-жылдын 6-августундагы № 150, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217, 2019-жылдын 26-декабрындагы № 146 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Сот арачысы
3-глава. Жетекчилердин жана кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык сот адилеттигин жүргүзүүгө жарандардын катышуусунун жана сот арачыларынын ишин уюштуруунун укуктук негиздерди аныктайт.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын сот адилеттигин жүргүзүүгө катышуусу
1. Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары - жарандар) кылмыш-жаза иштери боюнча сот арачылар катары сот адилеттигин жүргүзүүгө ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катышууга укуктуу. Бул укукка чек коюу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен белгиленет.
2. Конкреттүү сот иши боюнча сот арачылар болуп тандалган Кыргыз Республикасынын жарандары ант беришет.
3. Соттук териштирүүнүн биринчи күнү, ант кабыл алынгандан кийин, сот арачысына сот тарабынан ишти кароого катышууга аны тартуу жөнүндө маалымкат берилет.
2-берене. Сот арачылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Сот арачыларынын иши Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, ушул Мыйзам жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3-берене. Сот арачыларынын кылмыш-жаза иштерин карашы
Кылмыш-жаза иштери сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте сот арачыларынын катышуусу менен каралат.
4-берене. Сот арачыларынын көз карандысыздыгынын жана кол тийбестигинин кепилдиги
1. Сот арачысы сот адилеттигин жүргүзүү учурунда кол тийбестик укугуна ээ болот. Муну менен бирге сот арачысы кылмыш үстүнөн кармалган учурлардан тышкары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы, тинтилиши, жеке текшерилиши жана алып келиниши мүмкүн эмес.
Сот арачысы мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
2. Сот арачысынын кол тийбестиги анын турак жайына, кызматтык жайына, ал колдонгон транспортко жана кат-кабарларына, ага таандык мүлккө жана документтерге да жайылтылат.
3. Сот арачысына карата кылмыш-жаза иши Башкы прокурор же анын орун басарлары тарабынан козголушу мүмкүн.
4. Эч ким сот арачыларынан конкреттүү кылмыш-жаза иши боюнча отчет талап кылууга укуксуз.
5. Жаран сот арачысынын милдеттерин аткарып жаткан учурда жумуш берүүчү анын макулдугусуз аны иштен бошотууга же башка кызмат ордуна которууга укуксуз. Бул жобону бузгандыгы үчүн жумуш берүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
6. Сот арачысынын сот адилеттигин жүргүзүү боюнча милдеттенмелерин аткаруу учуру эмгек стажын эсептөөдө эске алынат.
5-берене. Сот арачыларын каржылык-материалдык жактан камсыз кылуу
1. Сот арачылары сот адилеттигин жүргүзүү боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу учурунда ага ошол соттун судьясынын кызматтык айлык акысынын төрттөн үч бөлүгүнүн өлчөмүндө сот арачысынын сот адилеттигин жүргүзүүгө катышуу күндөрүнө теңдеш өлчөмдө сыйлык акы төлөнөт.
2. Сот арачысына, ошондой эле сот арачылардын талапкерине мыйзамда белгиленген тартипте иш-сапардык чыгымдар төлөнөт.
Сыйлык акы жана иш-сапардагы чыгымдар Кыргыз Республикасынын Сот департаменти тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
3. Жарандын сот арачысынын милдеттерин аткаргандыгын ырастаган соттун маалымкатынын негизинде жаран сот арачысынын милдеттерин аткаруу учурунда ага эмгек мыйзамында каралган кепилдиктер жана компенсациялар сакталат.
2-глава Сот арачысы
6-берене. Сот арачылары болууга укугу бар адамдар
25 жашка толгон жана 65 жаштан ашпаган, сот арачыларынын талапкерлеринин тизмесине кошулган жана кылмыш-жаза ишин кароого катышууга тандалып алынган Кыргыз Республикасынын жараны сот арачысы боло алат.
7-берене. Сот арачысы болуу укугун жокко чыгарган негиздер
Төмөнкү адамдар сот арачысы боло албайт:
1) мыйзам менен белгиленген тартипте соттуулугу жокко чыгарылбаган же алып салынбагандар;
2) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар;
3) аракечтиктен, баңгиликтен, токсикоманиядан, психикалык өнөкөт жана узакка созулган бузулуудан дарыланууга байланыштуу наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандар;
4) каралып жаткан ишке катышып жаткан күбөлөр, эксперттер, адистер жана котормочулар;
5) саясый жана атайын кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери, адвокаттар;
6) кылмыш жасагандыгы үчүн шектүүлөр же айыпталуучулар;
7) сот өндүрүшү жүрүп жаткан тилди билбегендер;
8) кылмыш-жаза ишин сотто кароого толук кандуу катышууга тоскоолдук кылган дене бой же психикалык жактан ачык-айкын мүчүлүштүгү барлар.
8-берене. Сот арачылыгына талапкерлердин тизмеси
1. Тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (Бишкек шаарынын райондорунун администрациялары) экинчи жылдын 15-сентябрына чейин эки жылда бир жолу тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте туруктуу жашаган жарандардын тизмесин түзөт, көрсөтүлгөн тизмеге киргизилгендиги тууралуу жарандарга билдирүү жиберет жана аларга бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (Бишкек шаарынын райондорунун администрацияларына) сот арачысы болуудан баш тартуусу жөнүндө билдирүүсүн жөнөтүүнү сунуш кылат. Ошол эле учурда, эгерде тийиштүү баш тартууну жөнөтпөгөн учурда алар сот арачыларын тандап алууга катышуу үчүн соттун чакыруусу боюнча сотко келүүгө жана сот арачыларынын милдеттерин келечекте аткарууга милдеттүү болору жарандарга түшүндүрүлөт.
Сот арачысы болуу укугунан жазуу жүзүндө баш тартуусун жибербеген, сотко жүйөөлүү себептерсиз келбеген жарандар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартышат. Жоопкерчиликке тартуу жарандарды сотко келбөөсүнөн бошотпойт.
Жарандардын аталган тизмесине (шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин фамилиясы, атасынын аты, дареги, байланыш телефондору) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Бишкек шаарынын райондорунун администрациялары) тарабынан тизмени түзгөн учурда 25 курактан жаш эмес жана тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте туруктуу негизде жашаган адамдар кирет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы келип түшкөн арыздарды эске алуу менен бирге жарандардын тизмесин түзүп бүткөндөн кийин, аталган тизмени 1-ноябрга чейин тийиштүү райондун мамлекеттик администрациясына берет.
Райондун мамлекеттик администрациясы аталган тизмени областтын тийиштүү мамлекеттик администрациясына 15-ноябрга чейин берет, ал болсо аларды 1-декабрга чейин тийиштүү райондор аралык сотторго берет.
Бишкек шаарынын райондорунун администрациялары тизмени 15-ноябрга чейин шаардын мэриясына берет, ал аталган тизмени 1-декабрга чейин Бишкектеги райондор аралык сотко берет.
3. Сунуш кылынган тизменин негизинде соттун администратору соттун аппаратынын көмөктөшүүсү менен сот арачысына талапкерлердин алдын-ала тизмесин (мындан ары - алдын-ала тизме) капилет тандап алуу принцибинин негизинде түзөт, алдын-ала тизмеге киргизилген жарандарды маалымдайт, алардын ушул Мыйзамдын 7-беренесинин негиздери жок экенин текшерет, сот арачысына талапкерлер жөнүндө зарыл маалыматтарды талап кылат, зарыл болгон учурда сот арачысына талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт, жаранды алдын-ала тизмеге киргизүү, чыгарып салуу жана сот арачылыгына талапкерлер жөнүндө ал тизмедеги так эмес маалыматтарды оңдоо жөнүндөгү келип түшкөн жазуу жүзүндөгү арыздарды карайт, алар боюнча токтом түрүндө чечим кабыл алат. Алдын-ала тизмеге кошулган жарандардын саны жүз талапкерден кем болбоого тийиш.
4. Соттун төрагасы алдын-ала тизмеге киргизилген сот арачыларына талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын, ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарынын администратор тарабынан сакталышын текшерет жана сот арачыларына талапкерлердин биротоло тизмесин бекитет (мындан ары - биротоло тизмеси).
Жарандар биротоло тизмеге киргизүү же киргизбөө тууралу соттун төрагасынын чечими менен макул болбогондо же алар жөнүндө так эместиктерди оңдоодон баш тартканда, мындай чечимге сотко даттанууга укуктуу.
9-берене. Соттун администратору
1. Соттун администратору - бул тийиштүү жергиликтүү соттун аппаратынын кызматкери, ага сот арачысынын катышуусу менен соттун ишин камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлөт.
2. Тийиштүү жергиликтүү соттун администратору өз компетенциясынын чегинде:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунуш кылган жарандардын тизмесинин негизинде капилет тандоо методун жетекчиликке алуу менен алдын-ала жана биротоло тизмени түзөт;
2) так эместиктерди оңдойт, алдын-ала тизмеге, соттун чечиминин негизинде биротоло тизмеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.
3) сот арачысына талапкерлерге чакырык жөнөтөт, алардын келишине контролдук кылат;
4) зарыл материалдарды сотко өткөрөт.
3. Администратор өз ишинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген администратор жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алдын-ала тизмеге киргизилген сот арачысына талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Соттун администраторунун сот арачыларынын тизмесин түзүү боюнча ишин уюштурууну жана контролдук кылууну тийиштүү жергиликтүү соттун төрагасы жүргүзөт.
10-берене. Жарандарды сот арачыларынын милдеттерин аткарууга тартуунун тартиби
1. Жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте жазык иштерин кароо учурунда бир жылда кеминде бир жолу сот арачылардын милдеттерин аткаруу үчүн тартылат.
2. Сотко чакыртылган, бирок сот арачыларынын коллегиясынын курамына тандалып алынбаган сот арачысына талапкерлер башка соттук жыйналышка сот арачысы катары катышууга тартылышы мүмкүн.
3. Сот арачыларынын ыйгарым укуктары белгиленген тартипте төмөнкүдөй мазмундагы ант берген учурдан тартып башталат: "Сот арачысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, өзүмдүн милдеттеримди ак ниет, адилеттүү жана калыс аткарууга, сотто каралган бардык далилдерге, жүйөөлөргө, соттолуучуну айыптаган, ошондой эле аны актаган иштин жагдайларын көңүлгө алууга, ишти күнөөлүүнү актабастан жана күнөөсүздү соттобостон өзүмдүн ички ынанымым жана абийирим боюнча чечүүгө ант берем.".
11-берене. Сот арачыларынын коллегиясы
1. Сот арачылары сот адилеттигин жүргүзүүгө коллегиялуу катышат. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте тогуз сот арачыларынан турган коллегия түзүлөт.
2. Негизги курамдагы сот арачылар менен бирге запастагы сот арачылары кошумча тандалат.
3-глава Жетекчилердин жана кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери
12-берене. Сот арачысына талапкердин тизмесин түзүү үчүн маалымат берүү боюнча жетекчилердин жана кызмат адамдарынын милдеттери
1. Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери жана кызмат адамдары соттун администраторунун жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча беш жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө сот арачысына талапкерлердин тизмесине кирген талапкерлер боюнча зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
2. Сот арачысына талапкерлердин тизмесин түзүү үчүн зарыл болгон маалыматты сотко бербей коюу, ошондой эле туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген жоопкерчилик тартат.
13-берене. Сот арачылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Сот арачыларынын ишине кийлигишүүгө жол берилбейт.
2. Сот арачысына сот адилеттигин жүргүзүүгө тоскоолдук кылган адамдар жазык жоопкерчилигине тартылат.
3. Сот арачысына милдеттерин аткаруудан баш тарткан сот арачысы администрациялык жоопкерчилик тартат.
Сот арачысын администрациялык жоопкерчиликке тартуу аны сот арачысынын милдеттерин аткаруудан бошотот.
14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
Ушул Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
(КР 2019-жылдын 26-декабрындагы № 146 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |