Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-январы № 9
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө
2019-жылдын 19-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 17537356,3 миң сом суммасында ушул Мыйзамдын 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2021-2022-жылдарга божомолу ушул Мыйзамдын 2-тиркемесине ылайык жактырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгү ушул Мыйзамдын 3-тиркемесине ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү ушул Мыйзамдын 4 жана 5-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-2022-жылдарга бюджети программалык негизде ушул Мыйзамдын 6-тиркемесине ылайык жактырылсын.
6-берене.
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:
- 2020-жылга - 13244516,6 миң сом суммасында;
- 2021-жылга божомол - 9979341,7 миң сом суммасында;
- 2022-жылга божомол - 12251224,7 миң сом суммасында.
Бюджетти божомолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен өткөрүп берилүүчү ассигнованиелерди бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө бөлүүнү камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилген республикалык бюджеттин пайдаланылбай калган каражаттарынын калдыктары республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүлүп алынбайт жана кезектеги бюджеттик жылга которулат.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкү суммада белгиленсин:
- 2020-жылга - 2377727,0 миң сом суммасында;
- 2021-жылга божомол - 2750415,8 миң сом суммасында;
- 2022-жылга божомол - 2950678,2 миң сом суммасында.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарын бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө жыл ичинде толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 2020-жылдын башына карата 319746,8 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Жыл ичинде түзүлгөн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттардын эсебинен бюджеттик жылдын аягына чейин милдеттүү түрдө калыбына келтирилүү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгашалары боюнча милдеттенмелерин аткарууга багытталсын.
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү сунуштарды киргизүүгө укуктуу:
1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренеси менен бекитилген суммалардын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана/же буйруктарына ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүктөрү аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ассигнованиелердин жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн өлчөмүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.
9-берене.
Ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин жана 1-ноябрына чейин киргизиле тургандыгы белгиленсин.
10-берене.
1. Бирдиктүү төлөөчү системасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтарга акы төлөө боюнча эсептешүү үчүн 2020-жылы колдонулуучу базалык ченемдер ушул Мыйзамдын 7-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. 2020-жылга базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу боюнча калктын жан башына эсептик көрсөткүчү он беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленсин.
11-берене.
1. Келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтарга жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылга которулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтарга өз убагында жана толук акы төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Өздүк чыгашалардын толуктугун камсыз кылуу жоопкерчилиги Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Саламаттык сактоо уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен колдонулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө чегерилүүгө тийиш экени белгиленсин.
12-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2020-жыл |
| Бардык ресурстар: | 17537356,3 |
1 | Кирешелер | 17217609,5 |
12 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 14944,0 |
1231 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери | 14944,0 |
13 | Алынган расмий трансферттер | 15700899,8 |
1 312 | Эл аралык уюмдардан трансферттер | 78656,2 |
1 333 | Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 13244516,6 |
1 335 | Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар | 2377727,0 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 1501765,7 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар | 1501765,7 |
| а.и. кошумча төлөм каражаттары | 441173,2 |
| Жыл башына карата калдык | 319746,8 |
| Жалпы бардык чыгашалар: | 17537356,3 |
2 | Чыгашалар | 17537356,3 |
211 | Эмгек акы | 85122,4 |
212 | Социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр | 13367,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 17419571,2 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 9070,0 |
223 | Коммуналдык кызматтар | 1311,7 |
311 | Негизги фонддор | 8913,1 |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-2022-жылдарга божомолу
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2021-жыл (божомол) | 2022-жыл (божомол) |
| Бардык ресурстар: | 14661031,8 | 17215618,7 |
1 | Кирешелер | 14471031,8 | 17025618,7 |
12 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 10000,0 | 10000,0 |
1231 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери | 10000,0 | 10000,0 |
13 | Алынган расмий трансферттер | 12729757,5 | 15201902,9 |
1333 | Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 9979341,7 | 12251224,7 |
1335 | Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар | 2750415,8 | 2950678,2 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 1731274,3 | 1813715,8 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар | 1731274,3 | 1813715,8 |
| а.и. тең төлөө каражаттары | 605946,0 | 634800,5 |
144 | Мамлекеттик сектордун бирдиктерине ыктыярдуу трансферттер жана гранттар | 0,0 | 0,0 |
1441 | Мамлекеттик сектордун бирдиктерине ыктыярдуу трансферттер жана гранттар | 0,0 | 0,0 |
| Жыл башына карата калдык | 190000,0 | 190000,0 |
| Жалпы бардык чыгашалар: | 14661031,8 | 17215618,7 |
2 | Чыгашалар | 14661031,8 | 17215618,7 |
211 | Эмгек акы | 86489,4 | 86489,4 |
212 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 14919,4 | 14919,4 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 14527624,8 | 17082211,7 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 7379,6 | 7379,6 |
223 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 1339,7 | 1339,7 |
311 | Негизги фонддор | 23278,9 | 23278,9 |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети – Кирешелер
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Кирешелердин аталышы | 2020-жыл |
| Жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер | 17537356,3 |
| Жыл башына карата калдык | 319746,8 |
1 | Кирешелер | 17217609,5 |
12 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 14944,0 |
1231 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери | 14944,0 |
12 311 200 | ММК полисин берүүдөн түшкөн каражаттар | 14944,0 |
13 | Алынган расмий трансферттер | 15700899,8 |
1 312 | Эл аралык уюмдардан трансферттер | 78656,2 |
13 121 100 | Учурда | 78656,2 |
1333 | Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 13244516,6 |
13 332 100 | Республикалык бюджеттен базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар | 12804091,4 |
13 332 | Калктын жеңилдик алууга укуктуу категорияларына камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 440425,2 |
13 332 210 | 16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 322921,5 |
13 332 220 | Пенсионерлерди милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 84762,8 |
13 332 230 | Тубаса майыптарды жана социалдык жөлөкпул алган адамдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 10221,8 |
13 332 240 | Баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин 21 жашка толгонго чейин милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 19315,8 |
13 332 250 | Калкты жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 2444,8 |
13 332 260 | Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын, офицерлерди, прапорщиктерди, мөөнөттөн тышкары кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 758,5 |
1335 | Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар | 2377727,0 |
13 351 100 | Социалдык фонддун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар | 2377727,0 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 1501765,7 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар | 1501765,7 |
| а.и. кошумча төлөм каражаттары | 441173,2 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети - Чыгашалар (ведомстволук классификациясы жана чыгашалардын экономикалык классификациясы боюнча)
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2020-жыл |
36 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 17537356,3 |
36110 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (аппарат) | 44210,0 |
211 | Эмгек акы | 29000,0 |
212 | Социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүү | 4374,0 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 9836,0 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 950,0 |
311 | Негизги фонддор | 50,0 |
| БАРДЫГЫ: | 44210,0 |
36121 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ведомствого караштуу мекемелер) | 76952,9 |
211 | Эмгек акы | 56122,4 |
212 | Социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүү | 8993,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 7078,6 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 2619,4 |
223 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 1311,7 |
311 | Негизги фонддор | 826,9 |
| БАРДЫГЫ: | 76952,9 |
36131 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (эпидемияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар) | 1491667,1 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 1491667,1 |
36141 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (саламаттык сактоонун ведомствого караштуу мекемелери) | 14537616,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 14537616,9 |
| БАРДЫГЫ: | 14537616,9 |
36210 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр) | 1210198,0 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 1210198,0 |
| БАРДЫГЫ: | 1210198,0 |
36220 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (техникалык жабдууларды жакшыртуу жана медицина тармагында жаңы технологияларды киргизүү) | 4344,0 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 4344,0 |
| БАРДЫГЫ: | 4344,0 |
36230 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөөчү системасын маалыматтык-коммуникациялык камсыз кылуу жана банктык тейлөө) (аппарат) | 11733,2 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 330,0 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 4810,0 |
311 | Негизги фонддор | 6593,2 |
| БАРДЫГЫ: | 11733,2 |
36230 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөөчү системасын маалыматтык-коммуникациялык камсыз кылуу жана банктык тейлөө) (ведомствого караштуу мекемелер) | 2852,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 719,2 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 690,6 |
311 | Негизги фонддор | 1443,0 |
| БАРДЫГЫ: | 2852,8 |
36240 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК полисин жана рецепт бланктарын даярдоо) | 727,0 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 727,0 |
| БАРДЫГЫ: | 727,0 |
36310 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (камсыздандыруу запас) | 157054,4 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 157054,4 |
| БАРДЫГЫ: | 157054,4 |
| БАРДЫК чыгашалар: | 17537356,3 |
211 | Эмгек акы | 85122,4 |
212 | Социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүү | 13367,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 17419571,2 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 9070,0 |
223 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 1311,7 |
| Бардык операциялык чыгашалар: | 17528443,2 |
311 | Негизги фонддор | 8913,1 |
| Бардык финансылык эмес активдер: | 8913,1 |
| БАРДЫК ЧЫГАШАЛАР: | 17537356,3 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети - Чыгашалар (функциялык классификация боюнча)
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы (функциялары боюнча) | 2020-жыл |
36 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү | 17537356,3 |
7071 | Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратуралар | 362149,3 |
70711 | Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратуралар | 362149,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 362149,3 |
| а.и. Кыргыз Республикасындагы медициналык-санитардык жардам менен жарандарды камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылуу | 55000,0 |
| а.и. милдеттүү медициналык камсыз кылуу боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылуу | 307149,3 |
7072 | Амбулаториялык кызмат көрсөтүүлөр | 6830235,5 |
70721 | Жалпы профилдеги медициналык кызмат көрсөтүүлөр | 5659416,2 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 5659416,2 |
70722 | Адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөр | 853307,0 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 853307,0 |
70723 | Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр | 317512,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 317512,3 |
7073 | Ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 9322000,8 |
70731 | Жалпы профилдеги ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 6309808,0 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 6309808,0 |
70732 | Адистештирилген ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 2046181,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 2046181,3 |
70733 | Медициналык борборлордун, гинекологиялык ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 292390,6 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 292390,6 |
70735 | Балдар үчүн калыбына келтирип дарылоо борборлорунун жана ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 673620,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 673620,9 |
7074 | Саламаттык сактоо жаатында кызмат көрсөтүүлөр | 163123,8 |
70741 | Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциялары | 163123,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 163123,8 |
7075 | Саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар | 162636,7 |
70751 | Саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар | 162636,7 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 162636,7 |
7076 | Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери | 697210,2 |
70761 | Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери | 697210,2 |
211 | Эмгек акы | 85122,4 |
212 | Социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүү | 13367,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 579425,1 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 9070,0 |
223 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 1311,7 |
311 | Негизги фонддор | 8913,1 |
| Бардыгы: | 17537356,3 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-2022-жылдарга программалык негиздеги бюджети
(КР 2021-жылдын 21-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
ПР коду | ЧАРА коду | ДЕМ коду | Бюджеттик программалар/ Бюджеттик чаралар | Каржылоо (программалар/чаралар боюнча) | ||
2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | ||||
001 |
| 0 | 1-программа. Пландоо, башкаруу жана тескөө Программанын максаттары: Бирдиктүү төлөөчү катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун (мындан ары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) институционалдык жактан күчтөндүрүү. Башка программаларды жүзөгө ашырууга координациялык жана уюштуруучулук таасир этүү | |||
001 | 01 | 0 | Жалпы жетекчиликти камсыз кылуу | 2647,4 | 2647,4 | 2647,4 |
001 | 02 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин пландоону, бекитүүнү жана аткарууну камсыз кылуу | 5515,9 | 5676,5 | 5676,5 |
001 | 03 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту камсыз кылуу | 1475,7 | 1508,5 | 1508,5 |
001 | 04 | 0 | Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоону камсыз кылуу | 2531,6 | 2638,9 | 2638,9 |
001 | 05 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралардын комплексин кабыл алууну камсыз кылуу | 2865,3 | 2936,8 | 2936,8 |
001 | 06 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жүзөгө ашырылуучу программалардын алкагында медициналык кызмат көрсөтүүнү алуудагы укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти камсыз кылуу | 2971,0 | 3050,0 | 3050,0 |
001 | 07 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат системаларын жана маалымат базаларын коштоп жүрүүнү камсыз кылуу | 2137,9 | 2160,9 | 2160,9 |
001 | 08 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат системаларын жана маалымат базаларын өнүктүрүү | 14586,0 | 21000,0 | 31000,0 |
001 | 09 | 0 | Камсыз кылуу кызматынын ишин камсыз кылуу | 24792,2 | 33881,0 | 33881,0 |
001 | 10 | 0 | Региондук деңгээлдеги жалпы координациялоо | 76952,9 | 93500,0 | 93500,0 |
|
|
| 1-программа боюнча жыйынтыктар | 136475,9 | 169000,0 | 179000,0 |
002 |
| 0 | 2-программа. Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматын көрсөтүү Программанын максаты: Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде ооруну эрте аныктоо, ооруларды диагностикалоо, медициналык жана профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу | |||
002 | 01 | 0 | Республиканын калкына шашылыш (тез) медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 508697,2 | 444876,9 | 425002,1 |
002 | 02 | 0 | Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде республиканын калкына базалык медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 4342587,7 | 3854318,1 | 3635913,1 |
002 | 03 | 0 | Кыргыз Республикасынын жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) алкагында калкка стоматологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 290692,1 | 348578,9 | 305476,0 |
002 | 04 | 0 | Баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кургак учук менен күрөшүү боюнча медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 34664,1 | 56688,2 | 49637,8 |
002 | 05 | 0 | Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылуунун республиканын калкына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу (терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулууларды; параноялык шизофрения жана өнөкөт жөөлүү менен ооругандарды; ар түрдүү генездеги аффективдүү бузулууларды; талма; бронхтук астма менен ооругандарды) | 55000,0 | 55000,0 | 55000,0 |
002 | 06 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылуунун республиканын камсыздандырылган калкына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу | 307149,3 | 241509,2 | 219792,8 |
002 | 07 | 0 | Калкка Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн тышкары акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү | 71787,3 | 660703,2 | 606079,0 |
002 | 08 | 0 | Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык эмес жана башка кызматтарды көрсөтүү | 225235,0 | 45947,0 | 42148,2 |
002 | 09 | 0 | Калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ишинин сапатынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн дем берүүчү акы төлөө жолу менен жакшыртуу |
| 121474,8 | 141822,3 |
|
|
| 2-программа боюнча жыйынтык | 5835812,7 | 5829096,3 | 5480871,3 |
003 |
| 0 | 3-программа. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан стационардык деңгээлде кызмат көрсөтүү Программанын максаты: стационардык деңгээлде кепилденген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жогорулатуу | |||
003 | 01 | 0 | Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык жардамдын деңгээлинде республиканын калкына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 7872652,9 | 6091945,8 | 5464714,3 |
003 | 02 | 0 | Стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кургак учукка каршы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 711447,9 | 635746,5 | 575237,6 |
003 | 03 | 0 | Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 373798,4 | 220444,8 | 200118,7 |
003 | 04 | 0 | Адистештирилген кардиохирургиялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 52550,3 | 174929,1 | 160263,9 |
003 | 05 | 0 | Адистештирилген психиатриялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 288582,0 | 252494,9 | 228182,6 |
003 | 06 | 0 | Калкка Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн тышкары акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүү | 369385,9 | 250623,7 | 229903,2 |
003 | 07 | 0 | Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык эмес жана башка кызматтарды көрсөтүү | 355815,8 | 444767,5 | 4079960,4 |
003 | 08 | 0 | Калкка стационардык медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын уюмдун ишинин сапатынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн дем берүүчү акы төлөө жолу менен жакшыртуу |
| 80983,2 | 106366,7 |
|
|
| 3-программа боюнча жыйынтык | 10024233,2 | 8151935,5 | 11044747,4 |
004 |
| 0 | 4-программа. Калкка Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн тышкары көрсөтүлүүчү медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу Программанын максаты: менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кеңири спектрдеги кызмат көрсөтүү аркылуу жарандардын канааттангандыгын жогорулатуу | |||
004 | 01 | 0 | Бешинчи терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган өтө муктаж бейтаптарга жеңилдетилген шартта гемодиализ менен дарылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 897100,0 | 286000,0 | 286000,0 |
004 | 02 | 0 | Саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана тийиштүү иштешин камсыз кылуу (камсыздандыруу запасын түзүү) | 157054,4 | 200000,0 | 200000,0 |
004 | 03 | 0 | Саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу | 4344,0 | 25000,0 | 25000,0 |
004 | 04 | 0 | Онкологиялык кызматтарды колдоо | 403679,9 |
|
|
004 | 06 | 0 | Натыйжага багытталган Программанын иш-чаралары (НБП) |
|
|
|
004 | 07 | 0 | Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоору боюнча иш-чаралар |
|
|
|
004 | 08 | 0 | Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча иш-чаралар | 78656,2 |
|
|
|
|
| 4-программа боюнча жыйынтык | 1540834,5 | 511000,0 | 511000,0 |
|
|
| БАРДЫГЫ: | 17537356,3 | 14661031,8 | 17215618,7 |
ПР коду - программанын коду
ЧАРА коду - чара коду
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 7-тиркеме |
2020-жылга Бирдиктүү төлөө системасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча эсептөөлөр үчүн пайдаланылуучу базалык ченемдер
(миң сом менен)
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2020-жыл |
1 | Стационарлар үчүн медициналык кызматтарга төлөөнүн базалык ставкасы | 5269,87 |
| Камсыздандырылган жарандар үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициент | 1,5395 |
| Кыска мөөнөттүү бөлүмдөрдө боюнда бар аялдардын болуусу үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициент | 0,3000 |
2 | Кургак учукка каршы саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык кызматтарга төлөөнүн базалык ставкасы | 42445,75 |
| Камсыздандырылган жарандар үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициенттер | 1,0670 |
3 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жана облустук кургак учукка каршы борборлору үчүн координациялоо функциясын каржылоонун жан башына карата ченеми | 1,60 |
4 | Адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтарга төлөөнүн базалык ставкасы: |
|
| - онкологиялык кызмат | 10351,37 |
| - гематологиялык кызмат | 18495,49 |
| - кардиохирургиялык кызмат | 100000,0 |
| - психиатриялык кызмат | 21404,62 |
5 | Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун жан башына карата ченеми | 173,51 |
| Камсыздандырылган жарандар үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун жан башына карата ченемине түзөтүүчү коэффициенттер | 2,1527 |
6 | Үй-бүлөлүк медицина борборлорун каржылоонун жан башына карата ченеми | 161,31 |
7 | Стоматологиялык бейтапканаларды каржылоонун жан башына карата ченеми | 142,62 |
8 | Медициналык тез жардамдын 1 линиялык бригадасын каржылоонун ченеми | 569353,43 |
9 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылууга жан башына карата ченеми | 74,00 |
10 | "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемеси үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча камсыздандырылган жарандарга каржылоонун жан башына карата ченеми | 200,00 |
11 | Камсыздандырылган жарандар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча иштеген стационарлардын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн базалык ставкасы | 2843,00 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча ден соолугу чың ымыркайларга көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнүн базалык ставкасына түзөтүүчү коэффициент | 0,3000 |
12 | Бишкек шаарынын катталып жазылган калкына Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жан башына карата ченеми | 23,95 |
13 | Менчигинин түрүнө карабастан гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн гемодиализдин 1 сеансынын ордун толтурууга төлөмдүн ченеми | 4700,00 |
14 | Амбулаториялык деңгээлде төмөнкү ооруларды ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмү: |
|
| - дарыны сезгич кургак учук | 12000,00 |
| - дарыга туруктуу кургак учук | 24000,00 |
15 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жана облустук кургак учукка каршы борборлору үчүн биоматериалдарды транспорттоону каржылоонун ченеми | 500000,00 |
16 | Амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуулардын учурларын башкаруу үчүн төлөмдүн өлчөмү: |
|
| - 6 ай байкоо мөөнөтү менен | 6000,00 |
| - 12 ай байкоо мөөнөтү менен | 12000,00 |