Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 28-февралы № 21
Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 16-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
295-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "электр тогун," деген сөздөрдөн кийин "балык уулоочу синтетикалык торлорду," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1451-берене менен толукталсын:
"1451-берене. Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүү, өндүрүү, даярдоо жана сатуу
Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүү, өндүрүү, даярдоо жана сатуу, -
белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1951-берене менен толукталсын:
"1951-берене. Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу
Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
503-берененин 4-бөлүгүндө "145-беренеси" деген сөздөр "145, 1451-беренелери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 6-мартындагы № 25(3097) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |