Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 3-августундагы № 140 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 29-февралы № 22
"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 22-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 1992-жыл 4-август № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эгерде бул иш ушул статьяда каралган биржа соодасын уюштуруу менен байланышпаган болсо, башка уюмдардын акцияларын, үлүштөрүн (пайларын) түз же кыйыр түрдө сатып алууга укуксуз.";
2) 3-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Биржа соода-сатыктарынын натыйжалары боюнча жыйынтыктоо протоколуна ылайык биржа товарынын баасы акыркы болуп саналат. Жыйынтыктоо протоколуна жана сатып алуу-сатуу келишимине ылайык товардык-чийки заттык биржанын соода аянтчасында түзүлгөн тараптардын ортосундагы бардык өз ара эсептешүүлөр товардык-чийки заттык биржанын эсептешүү-клирингдик эсеби аркылуу гана жүзөгө ашырылат;";
3) 4-статьянын экинчи бөлүгүндө ", биржанын уставына жана биржанын ички башка нормативдик актыларына" деген сөздөр алып салынсын;
4) 7-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Биржа бүтүмдөрүнүн түрлөрү
Товар биржаларында бүтүмдөрдүн төмөнкү түрлөрү аткарылышы мүмкүн:
накталай товарды сатып алуу жана сатуу, анын ичинде товарды дароо өткөрүп берүү же берүү, же болбосо товарга менчик укугунун документтерин өткөрүп берүү менен (товардын өзүн алып өтпөстөн) бүтүмдөр;
форвард бүтүмдөрү - берүү мөөнөтүн жылдыруу менен накталай товарды сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрү;
фьючердик бүтүмдөр - стандарттуу контракттарды сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрү;
опциондук бүтүмдөр - товарларды же товарларды берүү контракттарын белгиленген баада келечекте сатып алуу же сатуу укуктарын сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрү;
лот менен түзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу биржа товары болуп саналат;
инвестициялык долбоорлорду (долбоорлорду инвестициялоого укуктарды) сатуу;
ошондой эле биржа соодасынын эрежелеринде белгиленген товарларды, контракттарды же укуктарды сатып алуунун жана сатуунун башка бүтүмдөрү.";
6) 9-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандык жүгүртүүгө уруксат берилген кандай гана болбосун товар биржа товары болуп таанылат.";
7) 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Товар биржасын уюштуруу (түзүү) жана анын уюштуруучулары
Уюштуруу келишимин, уставдык фондду түзүүчү юридикалык жактар жана жарандар (жеке жактар), анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары товар биржасынын уюштуруучулары боло алышат.
Товар биржасы уюштуруучулук-укуктук түрдө - акционердик коом (мындан ары - коом) болуп түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат.
3500000 сомдон кем эмес болгон уставдык фондду каттоодо коомдун өзүнүн каражаттарынан төлөнүшү мүмкүн, бул учурда ар бир акционер (уюштуруучу) коомду каттаган учурдан тартып 3 жылдын ичинде акцияларды уюштуруучулук чыгарууга акы төлөө үчүн коомдун сарптоолорун сатып алууга (ордун толтурууга) милдеттүү. Бул милдеттемени аткарбаган акционер (уюштуруучу) автоматтык түрдө уюштуруучу (акционер) болуусун токтотот, ал эми коом бул акцияларды езүнө кайра жол-жоболоштурууга жана бөлүштүрүлгөн акцияларды коом сатып алган учурдан тартып 12 айдын ичинде адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сатууга, өткөрүп берүүгө (Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча) милдеттүү. Акцияларды уюштуруучулук чыгарууну каттоодо (акысынтөлөөдө) товар биржасынын ар бир уюштуруучусунун уставдык фонддогу үлүшү 10 пайыздан ашпоого тийиш. Андан ары акцияларды уюштуруучулук чыгаруунун акысын мөөнөтүндө төлөгөн кандай гана болбосун акционер баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды чексиз санда сатып алууга укуктуу.";
8) 17-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) биржа бүтүмдөрүнө биржа мүчөлөрүнүн, келүүчүлөрдүн, брокерлердин, дилерлердин, маклерлердин катышуусу, бүтүмдөрдү каттоо, эсептөө тартиби, бааларды котировкалоо;";
9) 19-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Биржа бүтүмүнө катышкандар биржанын арбитраждык комиссиясы кабыл алган чечимге макул болбогондо, чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто даттанылышы мүмкүн.";
10) 20-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товар биржасынын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана биржанын уставында белгиленген тартипте биржаны кайра уюштуруу же жоюу жолу менен жүргүзүлөт.";
11) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 22-статья менен толукталсын:
"22-статья. Мамлекеттик контроль
Товардык-чийки заттык биржалардын ишине контролду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык-чийки заттык биржалардын финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүсү боюнча документтердин толук тизмегин аныктайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 10-мартындагы № 26(3098) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |