Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 3-августундагы № 140 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1992-жылдын 29-июну № 915-XII
Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө
(КР 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 68, 2009-жылдын 15-июлундагы № 208, 2020-жылдын 29-февралындагы № 22, 2024-жылдын 7-февралында N 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам товар биржаларынын ишин жана биржа соодасын жүргүзүүнү жөнгө салат.
(КР 2024-жылдын 7-февралында N 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Товар биржасынын түшүнүгү жана анын укуктук статусу
Товар биржасы - товарлардын эркин баадагы соодасына шарт түзүп, белгиленген эрежелер (биржа соодасынын эрежелери) боюнча ачык соода (ачык жана /же жабык), селектордук жана электрондук соода (аукциондор) кылып, иш жүргүзгөн уюм.
Товар биржасы юридикалык жак болуп саналат жана биржа соодасына байланышкан ар кандай чарба ишин жүргүзө алат. Өз ишинде ал мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына көз каранды эмес.
Товар биржасы:
түздөн-түз биржа соодасына байланышпаган соода, соода-далдал жана башка иштерди жүргүзүүгө (бул тыйым юридикалык жактардын уюштуруучуларына жана граждандарга - биржа мүчөлөрүнө жайылтылбайт);
эгерде бул иш ушул статьяда каралган биржа соодасын уюштуруу менен байланышпаган болсо, башка уюмдардын акцияларын, үлүштөрүн (пайларын) түз же кыйыр түрдө сатып алууга укуксуз.
Ушул статьянын талаптарына жооп бербеген уюмдар биржа соодасын уюштурууга, өзүнүн аталышында "товар биржасы" же "биржа" деген сөздөрдү пайдаланууга укуксуз жана бул сөздөрдү кандай гана айкалыштарда болбосун фонд биржаларынан, валюта биржаларынан жана эмгек биржаларынан башканы камтыган аталыштарда катталбайт.
Товар биржаларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте салык салынат.
(КР 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 68, 2009-жылдын 15-июлундагы № 208, 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Товар биржасы жөнүндөгү мыйзамдар
Товар биржасынын иши ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, товар биржасынын уставдары жана биржанын башка нормативдик ички актылары менен жөнгө салынат.
3-статья. Товар биржасынын негизги иши
Товар биржасынын негизги иши төмөнкүдөй:
1) чарба жүргүзгөн субъекттердин ортосунда биржа далдалчыларынын катышуусу менен биржа соодасына шарт түзүү;
2) биржа соода-сатыгын (биржа жыйналыштарын) өткөрүү, биржа товарларынын ажатын жана керектөөсүн аныктоо;
3) товарларга баа бычуу, башкача айтканда, керектөө менен муктаждыкты эске алып товардын баасын аныктоо жана бүтүм түзгөндө сатармандар менен алармандар үчүн мөлчөр катары аларды белгилүү бир мөөнөткө же датага чейин өзгөртпөй кармап туруу;
Биржа соода-сатыктарынын натыйжалары боюнча жыйынтыктоо протоколуна ылайык биржа товарынын баасы акыркы болуп саналат. Жыйынтыктоо протоколуна жана сатып алуу-сатуу келишимине ылайык товардык-чийки заттык биржанын соода аянтчасында түзүлгөн тараптардын ортосундагы бардык өз ара эсептешүүлөр товардык-чийки заттык биржанын эсептешүү-клирингдик эсеби аркылуу гана жүзөгө ашырылат;
4) биржа бүтүмдөрүн каттоо;
5) биржа операциялары боюнча талаштарды чечүү;
6) товар жүгүртүүнү жана ага байланышкан соода операцияларын изилдөө, тартипке салуу жана жеңилдетүү, атайын бюллетендерде бааларды жарыялоо.
(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Товар биржасынын укуктары
Товар биржасы:
1) товар биржасынын уставын, биржа соодасынын эрежелерин жана биржанын башка нормативдик ички актыларын кабыл алууга;
2) мамлекеттик стандарттарга ылайык өзүнүн биржалык стандарттарын жана биржалык типтүү контракттарды иштеп чыгууга;
3) товар биржасынын мүчөлөрү үчүн брокердик жана дилердик орундарга акыларды, кириш жана мүчөлүк салымдарды, ошондой эле башка жыйымдарды, биржа тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат үчүн акы белгилөөгө;
4) уставды жана биржа соодасынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып акы жана башка жазаларды иштеп чыгууга, аларды бекитүүгө;
5) чет мамлекеттердин товар биржаларында өзүнүн өкүлдөрүн кармоого;
6) биржа бюллетенин, маалымдамаларды жана башка маалымат жана реклама басылмаларын чыгарууга укуктуу;
7) (КР 2024-жылдын 7-февралында N 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8) товардык биржага караштуу эсеп-кысап (клирингдик) борборлорду түзүүгө.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, товар биржасы ушул мыйзамда каралган башка укуктарга жана милдеттерге да ээ.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208, 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Товар биржасынын милдеттери
Товар биржасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, биржанын уставын жана биржанын башка ички нормативдик актыларын сактоого милдеттүү.
6-статья. Товар биржасынын тышкы экономикалык иши
Товар биржалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иштерди өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу.
Товар биржаларында "Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык экспорт-импорт операциялары боюнча бүтүмдөр түзүлүшү мүмкүн.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Биржа бүтүмү
Биржа бүтүмү - биржа товарына карата өз ара укуктарды жана милдеттерди беришүү тууралу макулдашуу. Бүтүм биржа соода-сатыгынын жүрүшүндө ага катыштырылган адамдар тарабынан жасалып, биржа белгилеген тартипте катталат жана жасалгаланат.
Ушул статьянын талаптарына ылайык келбеген биржа бүтүмдөрү биржалык катары таанылбайт жана товар биржалары тарабынан белгиленген мындай бүтүмдөрдүн аткарылыш гарантиясы жана алардын аткарылбаганынан келип чыккан чыгымдардын ордунун толтурулушу аларга жайылтылбайт.
Товар биржасы товар биржасында жасалган биржалык эмес бүтүмдөргө катышкандарга карата айып акыларын жана башка таасир кылуу чараларын белгилейт.
Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдөн тышкары, биржалык бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.
Биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, мында бажы органдары тарабынан наркка экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208, 2020-жылдын 29-февралындагы № 22, 2024-жылдын 7-февралында N 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Биржа бүтүмдөрүнүн түрлөрү
Товар биржаларында бүтүмдөрдүн төмөнкү түрлөрү аткарылышы мүмкүн:
накталай товарды сатып алуу жана сатуу, анын ичинде товарды дароо өткөрүп берүү же берүү, же болбосо товарга менчик укугунун документтерин өткөрүп берүү менен (товардын өзүн алып өтпөстөн) бүтүмдөр;
форвард бүтүмдөрү - берүү мөөнөтүн жылдыруу менен накталай товарды сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрү;
фьючердик бүтүмдөр - стандарттуу контракттарды сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрү;
опциондук бүтүмдөр - товарларды же товарларды берүү контракттарын белгиленген баада келечекте сатып алуу же сатуу укуктарын сатып алуу жана сатуу бүтүмдөрү;
лот менен түзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу биржа товары болуп саналат;
инвестициялык долбоорлорду (долбоорлорду инвестициялоого укуктарды) сатуу;
ошондой эле биржа соодасынын эрежелеринде белгиленген товарларды, контракттарды же укуктарды сатып алуунун жана сатуунун башка бүтүмдөрү.
(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Биржа товары
Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана башка мыйзамдары тарабынан жүгүртүүдөн алынып коюлбаган мүлк, мунун ичинде товар биржасы тарабынан биржа соодасына киргизилген, мүлк укуктарын кошкондогу кыймылсыз мүлк биржа товары катары таанылат.
Биржа товары белгиленген мамлекеттик же биржалык стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.
Жарандык жүгүртүүгө уруксат берилген кандай гана болбосун товар биржа товары болуп таанылат.
(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Биржа далдалчылыгы
Биржа соодасында төмөнкү түрлөрдөгү биржа далдалчылыгына уруксат берилет:
1) брокер ишмердигине, башкача айтканда далдалчылыкка:
кардардын атынан жана анын эсебинен;
кардардын атынан жана өзүнүн эсебинен;
өзүнүн атынан жана кардардын эсебинен соода келишимдерин жүргүзүүгө;
2) дилер ишмердигине, башкача айтканда кийин кайра сатуу максатында биржа бүтүмдөрүн биржа бүтүмдөрүн биржа далдалчысы катары өз атынан жана өзүнүн эсебинен жасоо.
Биржа далдалчылыгын ишке ашырууга жалаң гана биржа далдалчыларына - брокерлерге, дилерлерге, маклерлерге уруксат берилет.
Биржа юридикалык жана жеке жактарга акы төлөө негизинде брокердик же дилердик орундарды берет. Брокердик орундар жана дилердик орундар-бул биржа соодаларына катышуу укугу менен товардык биржага мүчө болуу.
Уюм катары товар биржасы биржа далдалчысы болуп чыга албайт.
Брокер - товар биржасында, ошондой эле андан тышкары да келишим түзүүдө уюштуруучунун, биржа мүчөсүнүн же кардардын атынан жана алардын эсебинен далдалчылык кызматын жүргүзө турган адам.
Дилер - товар биржасында өз эсебинен далдалчылык кызматын жүргүзө турган адам.
Маклер - кардардын тапшыруусу боюнча жана анын эсебинен керектөө жана суроо-талап ишин аныктоо, ошондой эле келишимдин шарттарын макулдашуу, аны товар биржасынын атынан жасалгалоо жана каттоо жумуштарын ишке ашыруучу биржа далдалчысы.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Товар биржасын уюштуруу (түзүү) жана анын уюштуруучулары
Уюштуруу келишимин, уставдык фондду түзүүчү юридикалык жактар жана жарандар (жеке жактар), анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары товар биржасынын уюштуруучулары боло алышат.
Товар биржасы уюштуруучулук-укуктук түрдө - акционердик коом (мындан ары - коом) болуп түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат.
3500000 сомдон кем эмес болгон уставдык фондду каттоодо коомдун өзүнүн каражаттарынан төлөнүшү мүмкүн, бул учурда ар бир акционер (уюштуруучу) коомду каттаган учурдан тартып 3 жылдын ичинде акцияларды уюштуруучулук чыгарууга акы төлөө үчүн коомдун сарптоолорун сатып алууга (ордун толтурууга) милдеттүү. Бул милдеттемени аткарбаган акционер (уюштуруучу) автоматтык түрдө уюштуруучу (акционер) болуусун токтотот, ал эми коом бул акцияларды езүнө кайра жол-жоболоштурууга жана бөлүштүрүлгөн акцияларды коом сатып алган учурдан тартып 12 айдын ичинде адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сатууга, өткөрүп берүүгө (Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча) милдеттүү. Акцияларды уюштуруучулук чыгарууну каттоодо (акысынтөлөөдө) товар биржасынын ар бир уюштуруучусунун уставдык фонддогу үлүшү 10 пайыздан ашпоого тийиш. Андан ары акцияларды уюштуруучулук чыгаруунун акысын мөөнөтүндө төлөгөн кандай гана болбосун акционер баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды чексиз санда сатып алууга укуктуу.
(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Биржа соодасынын катышуучулары
Товар биржасынын мүчөлөрү жана ага мүчө эместер - биржа далдалчылары, накталай товарларды, келишимдерди жана опциондорду уюштуруучулар, сатуучулар жана сатып алуучулар биржа соодасына катышуучулар болуп саналат.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Товардык биржанын мүчөлөрү
Юридикалык жактар жана биржа мүчөлүгүнө кабыл алынган, кирүү мүчөлүк акысын төлөгөн жана товардык биржанын уставын сактаган жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар товар биржасынын мүчөлөрү боло алышат.
Товар биржасынын мүчөлөрү ошол же башка товар биржасынын кызматкерлери же ошол товар биржасына мамилеси боюнча аффилирленген жактар боло алышпайт.
Товар биржасынын мүчөлөрү анын уставына жана ички биржалык ченемдик актыларына ылайык биржа соодасына катышууга укугу бар.
Товар биржасынын мүчөлөрү өзүнүн биржа соодасына катышуу укугун убактылуу пайдалануу үчүн бир юридикалык жакка же жаранга үчүнчү жакка берүү укугусуз, келишим боюнча берүүгө укуктуу. Биржа соодасына катышуу укугун ижаралоо келишими товар биржасында катталууга тийиш. Биржа соодасына катышуу укугун субарендага берүүгө тыюу салынат.
Товардык биржанын мүчөлөрү товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга акы төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укуктуу.
Товар биржасынын мүчөлүгүнөн ыктыярдуу чыкканда, чыгарылганда же биржа жоюлганда товар биржасына мүчөлүк токтотулат.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208, 2024-жылдын 7-февралында N 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Биржа соода-сатыгынын биржага мүчө эмес катышуучулары
Товар биржасына мүчө эмес юридикалык жактар жана граждандар биржа соода-сатыгынын бүтүмдөрдү жасоого укугу бар туруктуу же бир жолку катышуучусу катары боло алышат.
Туруктуу катышуучулар биржа далдалчылыгынын бардык түрлөрүн ишке ашырууга укуктуу.
Биржа соода-сатыгынын бир жолку катышуучулары өз атынан жана өзүнүн эсебинен анык товарга карата бүтүм чыгарууга гана укуктуу.
Товар биржасына мүчө эмес катышуучулар товар биржасынын уставдык капиталына жана товар биржасын башкарууга катышпайт.
Товар биржасына мүчө эмес катышуучулар товар биржасынын кызматынан пайдаланышат жана биржа соода-сатыгына катышуу укугун алыш үчүн товар биржасы аныктаган өлчөмдө акы төлөөгө милдеттүү.
Туруктуу катышуучулар биржа соодасына катышуу боюнча биржа мүчөсүнүн укуктарынан пайдаланылат.
15-статья. Товар биржасында эмгек келишими боюнча иштеген адамдар
Товар биржасында эмгек келишими боюнча иштеген адамдардын эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары, ушул Мыйзам, биржанын уставы жана биржанын ички нормативдик актылары менен жөнгө салынат.
Товар биржасында эмгек келишими боюнча иштеген адамдарга биржа бүтүмдөрүнө түз же кыйыр катышууга жана менчик далдалчылык орунду ээлөөгө, ошондой эле кызмат маалыматын жеке кызыкчылыктарда пайдаланууга тыюу салынат.
16-статья. Товар биржасынын уставы
Товар биржасы товар биржасынын уюштуруучуларынын жалпы чогулушу бекитүүчү уставдын негизинде аракеттенет.
Товар биржасынын уставы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) уюштуруучулардын курамын, уставдык фондунун өлчөмүн, биржа тарабынан түзүлүүчү башка фонддордун тизмесин;
2) товар биржасынын аталышын, турган ордун, анын түрүн;
3) биржа мүчөлүгүнө кабыл алуунун, мүчөлүктү токтотуунун, болтурбоонун тартибин, биржа мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин;
4) товар биржасын башкаруу органдарынын түзүлүшүн жана укуктарын жана аларды түзүүнүн тартибин;
5) коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтардын курамы жана көлөмү;
6) биржа соода-сатыгынын эрежелерин иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун, бүтүмдөрдү каттоонун жана алар боюнча эсептешүүнүн тартибин;
7) кирешени пайдалануунун, чыгашанын ордун жабуунун тартибин;
8) биржадагы эсеп-кысаптын, отчеттун тартиби;
9) биржаны уюштуруучулардын жана анын мүчөлөрүнүн мүлк боюнча жоопкерчилигин;
10) биржа кеңеши белгилеген жазаны колдонууну жана ал боюнча даттануунун тартибин;
11) товар биржасын кайра уюштуруунун жана жоюнунун тартибин.
Уставда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка эрежелер да каралышы мүмкүн.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Биржа соодасынын эрежелери
Биржа соодасынын эрежелери өзүнүн уставына ылайык товар биржалары тарабынан иштелип чыгат. Эрежелерде төмөнкүлөр аныкталат:
1) соода-сатыкты өткөрүүнүн тартиби, биржанын ишинин регламенти;
2) биржа бүтүмдөрүнө биржа мүчөлөрүнүн, келүүчүлөрдүн, брокерлердин, дилерлердин, маклерлердин катышуусу, бүтүмдөрдү каттоо, эсептөө тартиби, бааларды котировкалоо;
3) биржа соода-сатыгын бузгандарга жаза колдонуу чаралары, айып төлөө, төлөмдөр;
4) биржа бүтүмдөрүн регламенттөөчү башка жоболор.
(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Товар биржасын башкаруу органдары
Товар биржасын башкаруу органдары болуп: биржа уюштуруучуларынын жалпы чогулушу, биржа кеңеши, текшерүү комиссиясы жана арбитраж комиссиясы саналат.
Товар биржасынын уюштуруучуларынын, биржа кеңешинин, текшерүү комиссиясынын жана арбитраж комиссиясынын укуктары товар биржасынын уставы менен аныкталат.
Товар биржасы башкаруунун башка органдарын түзүүгө да укуктуу.
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Биржа талаштарын чечүүнүн тартиби
Биржа соодасына катышкандардын ортосундагы талаштар товар биржасы кабыл алган эрежелер жана биржанын арбитраж комиссиясынын сөзсүз аткарылуучу чечими боюнча чечилет.
Биржа бүтүмүнө катышкандар биржанын арбитраждык комиссиясы кабыл алган чечимге макул болбогондо, чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто даттанылышы мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Товар биржасынын ишмердигинин токтотулушу
Товар биржасынын ишмердигинин токтотулушу, тууралу чечим товар биржасынын уюштуруучуларынын жалпы чогулушу же сот тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Товар биржасынын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана биржанын уставында белгиленген тартипте биржаны кайра уюштуруу же жоюу жолу менен жүргүзүлөт.
Товар биржасы жоюлганда биржаны уюштуруучулардын жана анын мүчөлөрүнүн салымдары кредитчилердин дооматы канааттандырылгандан кийин берилет.
Товар биржасы кайра уюштурулганда анын укуктары жана милдеттери анын укугун улантуучуларга өтөт.
(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Товар биржасы жана мамлекет
(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22-статья. Мамлекеттик контроль
Товардык-чийки заттык биржалардын ишине контролду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык-чийки заттык биржалардын финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүсү боюнча документтердин толук тизмегин аныктайт
(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |