Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 7-майы № 52
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 30-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж.. № 7, 758-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренесинин жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"чектөө иш-чаралары (карантин) - жугуштуу оорулардын, массалык уулануулардын жайылышынын жана чукул кырдаалдардын алдын алууга, аны андан ары жоюу менен эпидемиялык очокту локалдаштырууну камсыз кылууга багытталган жана чарбалык же башка иштин өзгөчө режимин, калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылын чектөөнү караган убактылуу уюштуруучулук, режимдик-чектөөчүлүк, администратиндик-чарбалык, санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын системасы.";
2) 21-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Чектөө иш-чаралары (карантин)
Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылып кетүү коркүнүчу болгондо убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет.
Убактылуу чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүү төмөнкүлөрдү карайт:
- куралдуу кайтаруу (курчоого алуу) менен эпидемиялык очокту, калктуу конуштарды жана карантиндин бүткүл зонасын толук өзүнчө бөлүүнү;
- карантин зонасынан калктын чыгуусун жана кирүүсүн жана мүлктүн ташылып чыгуусун катуу контролдоону;
- оору жуккан очок аркылуу автомобиль транспортунун өтүүсүнө жана темир жол транспортунун транзиттик өтүүсүндө бөлүнбөгөн жерлерден тышкары токтоого тыюу салууну;
- обсерваторлорду түзүүнү жана очокто болгон жана карантнндик зонанын чегинен сырткары чыккан адамдарды обсервациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;
- жугуштуу оорулууларды эрте аныктоону, аларды өзүнчө бөлүүнү жана атайым бөлүнгөн саламаттык сактоо уюмдарына жаткырууну;
- калктын айрым топторунун ортосундагы байланышта болууну чектөөнү жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу тартибин;
- чектөө иш-чараларыньш (карантиндин) мезгилинде калк, шаардык транспорттун, соода түйүндөрүнүн жана коомдук тамактануу ишканаларынын, экономикалык жана өндүрүштүк иш объекттеринин иштеши үчүн түзүлгөн эпидемиологиялык жагдайга жараша алардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу иш-аракеттердин режимин белгилөөнү;
- эпидемиялык очокто жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарынын, айыл чарба объекттеринин эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иштөө режимдерин белгилөөнү;
- тышкы чөйрө объекттерин, чыгарылган өнөр жай продукциясын зыянсыздандыруу жана калкты санитардык тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;
тамак-аш өнөр жайынын бардык объекттерин чыгарылган продукциянын зыянсыздыгына кепиддик берүүчү иштин атайын технологиялык режимине өткөрүүнү;
- шашылыш жана өзгөчө профилактика жүргүзүүнү;
- калк, ишканалар, министрликтер жана ведомстволор тарабынан карантиндин белгиленген эрежелеринин аткарылышын катуу контролдоону;
- калк арасында санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;
- адамдардын жана транспорттун жүргөн негизги жолдорунда оору жуккан очоктун периметри боюнча күзөт постторун коюу, күзөт постторунун ортосунда күнү-түнү кайгуулга чыгуу, карантин киргизилген айрым калктуу конуштардын ортосунда калктын кыймылын катуу контролдоону жүзөгө ашыруу, чектөөчү белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу жана айыл ичиндеги жолдорго, чыйыр жолдорго жана д.у.с. постторду коюу жолу менен карантиндик аймакты күнү-түнү куралдуу кайтарууну (курчоого алууну);
- тамак-аш өнөр жайын, саламаттык сактоо системасын ж.б. иштешин камсыз кылуучу адамдарды жана транспорт каражаттарын кошпогондо, карантиндик зонадагы карантин киргизилген калктуу конуштардын ортосунда жана ичинде калктын жана транспорттун кыймылына тыюу салууну;
- массалык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды ж.б.) өткөрүүгө тыюу салууну, базарларды жабууну;
- чарбалык жана башка иштин өзгөчө режимин жана калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылын чектөөнү караган башка чектөө иш-чараларын.
Чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүү жана жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. ".
2-берене
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 287-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-беренесинин З-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Зарыл болгон (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаалдын зонасына кирүүсүн убактылуу чектейтг жана бул зонада турган уюмдардын ишин токтото турат.".
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 7-майы № 52
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 30-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)