Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 7-майы № 52
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 30-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 287-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-беренесинин З-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Зарыл болгон (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаалдын зонасына кирүүсүн убактылуу чектейтг жана бул зонада турган уюмдардын ишин токтото турат.".
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |