Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 24-майы № 54
Жарандык коргонуу жөнүндө
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 42, 2020-жылдын 7майындагы № 52, 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2018-жылдын 19-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргонуу жаатында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жүргөн убактысына карабастан өзгөчө кырдаалдардан корголууга тийиш.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) Жарандык коргонуу - тынчтык жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын калкын, материалдык жана маданий баалуулуктарын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоого даярдоо жана коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутумунун курамдык бөлүгү;
2) Жарандык коргонуу мамлекеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелеринин жана ыктыярдуу уюмдарынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары элементтери болуп саналган, тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын коргоо боюнча функцияларды аткаруучу жалпы мамлекеттик тутум. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутуму өзүнө Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасын камтыйт;
3) Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасы - мамлекеттик түзүмдөрдү, жеке секторду жана жарандык коомду кошуп алганда бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен көп тармактуу жана уюмдар аралык мүнөздөгү кырсык тобокелдигин азайтуу чөйрөсүндө координациялоонун жана стратегиялык жетектөөнүн улуттук механизми;
4) өзгөчө кырдаал - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо-тиричилигинин шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, жабыркоонун заманбап каражаттарынын таасиринин натыйжасында белгилүү бир аймакта түзүлгөн жагдай;
5) өзгөчө кырдаал коркунучу - калк, анын мүлкү жана менчиктин башка түрлөрү жана курчап турган жаратылыш чөйрөсү үчүн коркунуч жаралган жагдай;
6) өзгөчө кырдаал зонасы - өзгөчө кырдаал келип чыккан аймак;
7) өзгөчө кырдаал булагы - натыйжасында өзгөчө кырдаал болгон же келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтуу техногендик кырсык, авария, катастрофа, коркунучтуу табигый кубулуш, табигый кырсык, адамдардын, айыл чарба жаныбарларынын жана өсүмдүктөрдүн кеңири жайылган жугуштуу оорусу;
8) өзгөчө кырдаалда жабырлануучу:
- өзгөчө кырдаалдын натыйжасында каза болгон жана/же ден соолугуна зыян келтирилген, жеке мүлкүн толугу менен же жарым-жартылай жоготкон, ошондой эле жашоо-тиричилик шарттары начарлаган адам;
- өзгөчө кырдаалдын натыйжасында зыян (залал) келтирилген юридикалык жак;
9) өзгөчө кырдаал зонасында калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыз кылуу - калктын сууга, тамак-аш азыктарына, биринчи зарылдыктагы буюмдарга, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана каражаттарга, коммуналдык-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрүнө, турак жайга, транспорттук жана маалыматтык камсыз кылууга болгон биринчи кезектеги керектөөлөрүн өз убагында канааттандыруу;
10) өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы коопсуздук - гендердик жана демографиялык керектөөлөрдү эске алуу менен калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин, объекттердин жана инфратүзүмдүн иштөөсүн камсыз кыла турган, тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдын таасиринин натыйжасында келип чыгуучу коркунучтардан өлкөнүн калкынын, аймактарынын, объекттеринин жана инфратүзүмүнүн корголушунун абалы;
11) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин мүмкүн болушунча максималдуу азайтууга, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, алар келип чыккан учурда зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган күн мурунтан жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
12) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чаралары - алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, мүмкүн болуучу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу, ыкчам чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
13) өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалды пайда кылуучу факторлордун аракетин чектөө жана токтотуу, өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда жүргүзүлүүчү жана адамдардын өмүрүн сактап калууга, ден соолугун сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштар;
14) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу - инженердик инфратүзүмдү, турак жайды, курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү, калкка социалдык-реабилитациялык жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен улам жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыяндын (залалдын) ордун толтуруу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралар. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу калыбына келтирүүнүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерин карайт;
15) авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер - өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды куткарууга жана аларга жардам көрсөтүүгө, зыян келтирүүчү таасирлердин очогун локалдаштырууга жана басууга, экинчи зыян келтирүүчү факторлордун келип чыгышын болтурбоого, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоого жана куткарууга багытталган биринчи кезектеги иштер;
16) өзгөчө окуя - материалдык объекттердин жок болушуна же болбосо бузулушуна, адамдардын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келген кокусунан болгон жана күтүлбөгөн окуя;
17) кырсык - адамдардын алсыздыгын күчөтүүчү, көптөгөн адам курмандыктарына алып келүүчү жана коомдун өз ресурстарынын эсебинен гана туруштук берүү мүмкүнчүлүгүнөн ашып түшүүчү масштабдуу материалдык жана экологиялык зыян алып келүүчү коомдун иштөөсүнүн олуттуу бузулушу;
18) кырсык тобокелдиги - кырсыктын кесепетинен адамдардын өлүмү, материалдык, экономикалык жана экологиялык зыян түрүндөгү мүмкүн болуучу (потенциалдуу) жоготуулар;
19) кырсык тобокелдигин азайтуу - бул кырсыктарга карата социалдык-экономикалык алсыздыкты азайтууга, өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыкты жогорулатууга, ошондой эле аларды пайда кылуучу табигый кырсыктардын, экологиялык жана башка коркунучтардын кооптуулугун жоюуга багытталган кырсык тобокелдиктерин аныктоого, баалоого жана азайтууга карата комплекстүү мамиле. Комплекстүү мамиле Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун ишинин саясий, техникалык, социалдык жана экономикалык мүнөзүн камтыйт;
20) Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
21) Жарандык коргонуунун башкаруу органдары - тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонууну жетектөөнү жүзөгө ашыруучу жана иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар;
22) Жарандык коргонуу боюнча комиссия - Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана аткарууга арналган Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун туруктуу иштеген координациялоочу органы;
23) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо - өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган табигый, техногендик процесстердин, кубулуштардын абалын жана өзгөрүшүн байкоо, талдоо, баалоо жана алардын өнүгүшүн болжолдоо боюнча чаралардын жыйындысы;
24) Жарандык коргонуу боюнча топко киргизилген аймак - Жарандык коргонуу жаатында маанилүү коргонуу, экономикалык мааниге ээ болгон шаар же башка калктуу конуш жайгашкан аймак;
25) өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана аларды болжолдоо тутуму - өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана аларды болжолдоо боюнча функционалдык-тармактык түзүмдөрдү жана кызматтарды бириктирүүчү тутум;
26) Жарандык коргонуу кызматы - менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына (баш ийүүсүнө) карабастан, иштин окшош профилине ээ болгон жана Жарандык коргонуунун атайын иш-чараларынын конкреттүү түрүн биргелешип өткөрүүгө жөндөмдүү болгон мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн жана каражаттарынын уюштуруу-техникалык бирикмеси;
27) Жарандык коргонуу күчтөрү - Жарандык коргонуунун аскерлери, бөлүмдөрү жана түзүмдөрү;
28) Жарандык коргонуу каражаттары - атайын курулмалар, техникалар, шаймандар, жабдуулар, камылгалар, байланыш каражаттары, жабыркагандарга коргоонун жана биринчи жардам көрсөтүүнүн жеке жана жамааттык каражаттары, адамдарды куткаруу жана авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө багытталган материалдык-техникалык каражаттардын запастары;
29) Жарандык коргонуу аскерлери жана бөлүмдөрү - тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу милдеттерин чечүү үчүн атайын даярдалган Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрү, бирикмелери жана бөлүмдөрү;
30) Жарандык коргонуу түзүмдөрү - аймактык-тармактык принцип боюнча уюмдардын базасында түзүлүүчү, атайын техникага жана мүлккө ээ болгон, тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдарда алдын алуу, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн даярдалган түзүмдөр, анын ичинде ыктыярдуу негизде түзүлүүчү коомдук бирикмелер;
31) өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкты маалымдар кылуу - болжолдонуучу жана келип чыгуучу өзгөчө кырдаалдар, калктын жана аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, коргоонун ыктары жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка каналдар аркылуу калкка жеткирүү, ошондой эле Жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, анын ичинде суу объекттеринде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы билимди пропагандалоо;
32) Жарандык коргонуу жаатында калкты даярдоо - өзгөчө кырдаалдарда жана аскердик чыр-чатактарда келип чыгуучу коркунучтардан коргоо боюнча билимдерге жана ыктарга, ошондой эле практикалык көндүмдөргө ээ болуу боюнча калктын бардык топторунун ишин уюштуруунун максаттуу процесси;
33) уюмдар - коргоо, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар же тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун жогорку даражасын билдирген уюмдар (менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, чарба жүргүзүү объекттери);
34) Жарандык коргонуу объекттери - башкаруу пункттары, өзүнчө турган жана курулган баш калкалоочу жайлар, радиацияга каршы баш калкалоочу жайлар, Жарандык коргонуунун мүлкүн сактоо үчүн кампа жайлары;
35) потенциалдуу кооптуу объект - өзгөчө кырдаал булагынын реалдуу келип чыгуу коркунучун жаратуучу өрт, жарылуу коркунучу бар, радиоактивдүү, кооптуу химиялык, биологиялык жана уулуу заттарды пайдалануучу, өндүрүүчү, кайра иштетүүчү, сактоочу же ташуучу объект, инженердик-техникалык, ошондой эле белгилүү бир жагдайларда өзгөчө кырдаалдын келип чыгуусунун реалдуу коркунучун жаратышы мүмкүн болгон башка курулмалар жана объекттер;
36) потенциалдуу кооптуу участок - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун болжолдоо жана өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин баалоо жолу менен көрсөтүлгөн аймакка киргизилген тез өөрчүй турган кооптуу табигый кубулуштардын жана техногендик процесстердин келип чыгуу тобокелдигине дуушар болгон аймак (жер, суу же аба мейкиндиги);
37) калкты көчүрүү - өзгөчө кырдаалдар коркунучу болгондо жана келип чыкканда адамдарды потенциалдуу кооптуу участоктордон убактылуу же жаңы жашоо ордуна коопсуз райондорго көчүрүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын комплекси;
38) эвакуация - калкты өзгөчө кырдаал болгон же өзгөчө кырдаал болушу мүмкүн болгон зоналардан уюшкандыкта алып чыгуу (чыгаруу) жана аны биринчи кезекте коопсуз (өзгөчө кырдаал булагынын зыян келтирүүчү факторлору таасир эткен зоналардан тышкары) жашоо-тиричиликти камсыз кылуунун шарттары боюнча күн мурунтан даярдалган райондорго (жерлерге) кыска мөөнөткө жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын комплекси.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү принциптери
1. Жарандык коргонуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү мамлекеттин бирден бир өтө маанилүү иш-милдеттеринин бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасында Жарандык коргонуу аймактык-тармактык принцип боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму администрациялык-аймактык бирдиктердин базасында түзүлүүчү аймактык тутумчадан, министрликтердин жана ведомстволордун базасында түзүлүүчү тармактык тутумчадан тынчтык жана согуш мезгилинде, Жарандык коргонуу жаатында атайын милдеттерди чечүү үчүн түзүлүүчү атайын тутумчалардан турат.
2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан экономикалык, жаратылыш жана башка мүнөздөмөлөрдү, калктын ар кандай топторунун демографиялык, гендердик, маданий өзгөчөлүктөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар планы бар болгон күчтөрдүн жана каражаттардын зарыл жетиштүүлүк жана пайдалануу принциптерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.
Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Согуш мезгилинде мамлекетти Жарандык коргонууга даярдоо Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан күн мурунтан, тынчтык мезгилинде - куралдардын, аскердик техниканын жана согуш аракеттерин жүргүзүүдө же ушул аракеттердин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан калкты коргонуу каражаттарынын өнүккөндүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлеринде Жарандык коргонууну тынчтык мезгилден согуш мезгилине которуу Кыргыз Республикасынын Президенти согуш абалын жарыялаган учурдан же согуш аракеттери иш жүзүндө башталган учурдан тартып башталат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы укуктук жөнгө салуу
Жарандык коргонуу жаатындагы укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
5-берене. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму
1. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун милдеттери:
1) өзгөчө кырдаалдардан Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын коргоону камсыз кылуу боюнча ар түрдүү топтордун демографиялык жана гендердик өзгөчөлүктөрүн эске алган укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кырсык тобокелдигин азайтууга, өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекттердин өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган максаттуу жана илимий-техникалык программаларды жүзөгө ашыруу;
3) Жарандык коргонууну башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын камсыз кылуу;
4) өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин божомолдоо жана аларга баа берүү;
5) Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды чогултуу, иштетүү, алмашуу жана берүү;
6) мамлекеттик органдардын, бардык деңгээлдердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилерин, кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
7) калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө үйрөтүү;
8) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
9) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди караштыруу;
10) Жарандык коргонуу жаатында контролду жана мамлекеттик экспертизаны, өнөр жай, тоо-кен, өрт коопсуздугун контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
11) Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоо, кырсык тобокелдигин азайтуу жаатындагы эл аралык кызматташуу;
12) баш калканчтарды жана радиацияга каршы калканчтарды, башкаруунун запас пункттарын, тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтар тууралуу сигналдарды калкка өз убагында жеткирүү үчүн байланыш жана кабарлоо тутумдарын түзүү жана даярдыкта кармоо;
13) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда мал чарбачылыгын, өсүмдүктөрдү, азык-түлүктөрдү, тамак-аш чийки затын, жем-чөптү, суу булактарын жана суу менен камсыз кылуу тутумдарын коргоо;
14) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
15) калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз райондорго эвакуациялоо;
16) өзгөчө кырдаалдар мезгилинде, ошондой эле убактылуу жайгаштыруу жерлеринде аялдардын жана балдардын аялуулугун азайтуу жана аларга карата зомбулуктун алдын алуу;
17) коммуналдык-техникалык кызматтарды жана коммуникацияларды калыбына келтирүү;
18) медициналык жардам көрсөтүү, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
19) өзгөчө кырдаалдарда авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү;
20) радиоактивдүү, химиялык, биологиялык жана башка ууланууга кабылган райондорду табуу жана белгилөө;
21) калкты санитардык тазалоо, техниканы, имараттарды жана башка объекттерди зыянсыздандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
22) жарык жана маскировкалоонун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
23) жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардан калк жана аймактар үчүн тобокелдикти баалоо боюнча изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу;
24) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана аны божомолдоо;
25) Кыргыз Республикасынын Кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформанын алкагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларга бардык кызыкдар тараптарды тартууну уюштуруу;
26) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында башка иш-чараларды жүргүзүү.
3. Тынчтык убагында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун төмөнкүдөй иштөө режими белгиленет:
1) күндөлүк иш режими - нормалдуу өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык жана гидрометеорологиялык кырдаалда;
2) күчөтүлгөн даярдык режими - өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык жана гидрометеорологиялык кырдаал начарлаганда же өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу мүмкүндүгү тууралуу божомол алынганда;
3) өзгөчө кырдаал режими - өзгөчө кырдаал пайда болгондо жана анын кесепеттерин жоюу учурунда.
Жарандык коргонуунун тынчтык жана согуш мезгилиндеги иштөө режимин киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
4. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү жөнүндө чечимди болжолдонуучу же келип чыккан өзгөчө кырдаалдын мүмкүн болгон же реалдуу түзүлгөн жагдайына жана масштабына жараша төмөнкүлөр кабыл алат:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
- уюмдардын жетекчилери.
Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун бардык деңгээлдерде иштөөсүнүн тиешелүү режимдерин киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууда төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:
- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн тиешелүү режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар;
- иштөөнүн тиешелүү режимин киргизүүнүн зарылдыгына негиздеме;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган жүргүзүлүүчү иш-чаралардын тизмеги;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жарандык коргонуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар;
- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режими киргизилген аймактын чек аралары;
- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режими киргизилген дата (жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал) жана бул иштөө режимдерин алып салууга негиз болгон жагдайлар.
5. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режимдерин киргизүү жөнүндө чечим (жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал) калкка токтоосуз түрдө кабарланат.
6. Согуш мезгилинде Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун даярдык деңгээли жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-берене. Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо
Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагы
Айлана-чөйрөнүн (ачык көлмөлөрдүн, абанын, кыртыштын жана өсүмдүктөрдүн), тамак-аш азыктарынын, тамак-аш чийки заттарынын, жем-чөптөрдүн жана суунун радиоактивдүү, ууландыруучу жана күчтүү таасир этүүчү уу заттар, биологиялык (бактериологиялык) жана башка заттар менен булганышына байкоо жана лабораториялык контролдоо үчүн, ошондой эле эпидемиялардын, эпизоотиялардын, эпифитотиялардын жана башка жугуштуу оорулардын келип чыгышын контролдоо үчүн Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагы түзүлөт.
Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагынын курамына гигиеналык жана эпидемиологиялык борборлор, ветеринардык лабораториялар жана станциялар, агрохимиялык лабораториялар, айлана-чөйрөнү аналитикалык контролдоо боюнча лабораториялар, радиациялык жана химиялык байкоо посттору, ошондой эле объект лабораториялары жана башка уюмдар кирет.
Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагын түзүү жана анын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын милдеттери, калктын Жарандык коргонуу жаатындагы укуктары жана милдеттери
(Главанын аталышы КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамына ылайык)
7-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти:
1) Жарандык коргонуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты аныктайт;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын пландарын бекитет;
3) Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумун өнүктүрүү, кырсык тобокелдигин азайтуу стратегиясын бекитет;
4) республикалык, трансчек аралык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алар пайда болгон учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча иштердин жетекчилерин аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн өзгөчө кырдаалдарды жоюуга тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
6) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзам актыларына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
71-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Жарандык коргонуу, кырсык тобокелдигин азайтуу жаатындагы концепцияларды жана программаларды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик программаларын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн пландарды бекитет;
2) Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо маселелерин чечет жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын зарыл запастарын түзөт;
3) республикалык, трансчек аралык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчилерин аныктоо жана алар келип чыккан учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө сунуштарды даярдайт;
4) Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;
5) Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмегин аныктайт жана алардын милдеттерин, функцияларын, иш тартибин, Жарандык коргонуу жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана уюмдардын укуктарын жана милдеттерин бекитет, республикалык Жарандык коргонуу кызматтарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
6) Жарандык коргонуунун муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт;
7) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды чогултуу жана алмашуу тартибин аныктайт;
8) Жарандык коргонуу түзүмдөрүн түзүүнүн жана ишинин тартибин аныктайт;
9) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдарга жана балдарга карата зомбулук тобокелдиктерин азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт;
10) жашаган калктын санына жана мамлекеттин экономикасында олуттуу роль ойногон же калктын коопсуздугуна таасир этүүчү уюмдардын, ошондой эле уюмдардын мамлекеттин экономикасындагы ролуна же калктын коопсуздугуна тийгизген таасирине жараша Жарандык коргонуу боюнча категорияларга кирүүсүнүн тизмегин жана тартибин аныктайт;
11) коопсуз райондорго калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо жана көчүрүү тартибин аныктайт;
12) Жарандык коргонуу маселелери боюнча калкты окутуунун тартибин аныктайт;
13) Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын жана башка объекттерин түзүүнүн жана күтүүнүн тартибин аныктайт;
14) Жарандык коргонуу максатында материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын топтоо, сактоо жана пайдалануу тартибин аныктайт;
15) Жарандык коргонууну даярдыкка келтирүү тартибин аныктайт;
16) өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин белгилейт;
17) өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин жана зыяндарын баалоо тартибин аныктайт;
18) өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо тутумун түзүүнүн жана анын иштөө тартибин аныктайт;
19) кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө чыгымдарды компенсациялоонун тартибин аныктайт;
20) Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик экспертиза, контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартибин белгилейт;
21) Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун ченемдерин жана эрежелерин аныктайт;
22) Жарандык коргонуу жаатында эскертүүлөрдү берүү тартиби жөнүндө жобону бекитет;
23) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын өткөрүү тартибин аныктайт;
24) Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасын түзүүнүн жана анын иштөө тартибин аныктайт;
25) Жарандык коргонуу жаатында илимий изилдөөлөрдү иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү, атайын программаларды аткарууну уюштурат;
26) Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын милдеттерин, функцияларын жана курамын бекитет;
27) өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын аныктайт;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскердик мекеме болуп саналат жана аскер кызматчылары, мамлекеттик кызматчылар, кызматчылар (мындан ары - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлер) жана тейлөөчү кенже персонал менен комплекттелет.
2. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери символикасы жана айырмалоо белгилери бар атайын жана ведомстволук форма менен камсыз кылынат. Атайын техника Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү символика жана атайын сигналдар менен жабдылат.
3. Дайыма даярдыктагы күчтөр болуп Жарандык коргонуунун аскерлери жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү саналат.
4. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Жарандык коргонуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
3) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан аткарууга милдеттүү болуп саналган Жарандык коргонуу жаатындагы жазма буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет;
4) Жарандык коргонуу жаатында берилген жазма буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткарбоо фактысы боюнча күнөөлүү жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлайт;
5) Жарандык коргонуу жаатында, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана укук коргоо органдарына сунуш киргизет;
6) Жарандык коргонуу жаатында бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын ишин мамлекеттик башкарууну жана координациялоону жүзөгө ашырат;
7) Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну, ошондой эле аларды алмашууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
8) Жарандык коргонуу жаатында Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн, уюмдарды жана калкты даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат жана координациялайт;
9) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүргүзөт;
10) Жарандык коргонуу жаатындагы концепцияларды, стратегияларды, максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат;
11) калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзөт;
12) жеке коргонуу каражаттарын, химиялык жана дозиметриялык контролдоо приборлорун түзөт жана урунат;
13) жаратылыш, техногендик жана башка коркунучтарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо тутумунун иштөөсүн уюштурат;
14) калктын жашоо-тиричилигин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформанын катышуучуларынын ишин координациялайт жана камсыз кылат;
15) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жана камсыздандырууну мыйзамдарга ылайык камсыз кылат;
16) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумун, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу же келип чыгышы жөнүндө кабарлоо тутумун түзөт жана туруктуу даярдыкта кармайт.
5. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын билим берүү уюмдары Жарандык коргонуу жаатындагы адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо максатында түзүлөт.
6. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын билим берүү уюмдарынын башкы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Жарандык коргонуу жаатындагы адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы адистердин кесиптик жактан өсүшү жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
3) Жарандык коргонуу жаатындагы ишти өркүндөтүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү.
7. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери, алар Жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик жөнгө салууну, ошондой эле атайын, уруксат берүүчү, көзөмөлдөөчү жана контролдоочу иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ушул орган жөнүндө Жобо менен аныкталат.
(КР 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 42, 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору Жарандык коргонуу жаатындагы маселелерди чечүү үчүн өздөрүнө бөлүнгөн акча каражаттарынын жана штаттык сандын чегинде бөлүмдөрдү (адистерди) түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору:
1) тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуу планын иштеп чыгат жана ишке ашырат, аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
2) бардык деңгээлдерде жана бардык түзүмдүк бөлүмдөрдө Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт, алардын курамын, милдеттерин аныктайт жана алардын ишин координациялайт;
3) тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн керектүү күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону, өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана келип чыккан учурда Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте кызматкерлерди аракеттенүү эрежелерине үйрөтүүнү жүзөгө ашырат;
4) өзгөчө кырдаалдарда тармактардын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча уюштуруучу жана инженердик-техникалык иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
5) радиациялык, химиялык, медициналык-биологиялык, жарылуу, өрт, экологиялык коопсуздукту, суудагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну, ошондой эле Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чараларын аткарууда өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда ченемдерди жана эрежелерди сактоону камсыз кылат;
6) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарда авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү боюнча чараларды республикалык бюджеттин жана жеке каражаттардын эсебинен каржылоону алдын ала караштырат;
7) тынчтык жана согуш мезгилинде экономиканын туруктуу иштөөсү жана калкты коргоо үчүн зарыл болгон объекттерди сактоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат;
8) Жарандык коргонуунун башкаруусунун техникалык тутумдарын түзөт жана дайыма даярдыкта кармайт;
9) Жарандык коргонуу максатында тынчтык мезгилде алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык жана жеке коргонуу каражаттарынын запастарын түзөт жана кармайт;
10) тармактык чөйрөдө жаратылыш жана техногендик процесстерге мониторинг жүргүзүү, аларды божомолдоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;
11) ведомствого караштуу объекттерде келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
12) өзгөчө кырдаалдарда уюмдардын кызматкерлерин коргоо, уюмдардын иштөө коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатуу маселелерин чечүүдө усулдук колдонмону жүзөгө ашырат;
13) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, уюмдардын кызматкерлерин жана калкты коргоо маселелери боюнча тармактык талаптарды, тармактык жана башка талаптарды, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана уюмдарга жеткирет.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы чечимдерди кабыл алат;
3) тынчтык жана согуш мезгилине Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана ишке ашырат жана аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
4) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте ведомствого караштуу аймакта кырсыктын тобокелдигине мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, баалоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
5) кооптуу жаратылыш процесстеринин зоналарында жер участокторун бөлүп берүүнүн алдын алуу максатында турак үйлөрдү, администрациялык жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимди Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
6) Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармап турууну жүзөгө ашырат;
7) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте калкты коргонуу ыкмаларына жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге үйрөтүүнү уюштурат;
8) өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана ал келип чыкканда эвакуациялоо иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат;
9) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылат;
10) түпкүлүгү кооптуу участоктордон калкты көчүрүү боюнча комплекстүү чараларды күн мурунтан көрөт;
11) өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу же келип чыгышы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону камсыз кылат;
12) ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
13) тынчтык мезгилде материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыкта кармоо үчүн жыл сайын республикалык бюджетте финансылык каражаттарды караштырат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери:
1) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
2) Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жооптуу кызматкерлерди дайындайт;
3) өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы чечимдерди кабыл алат;
4) Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана ишке ашырат, аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
5) ведомствого караштуу аймакта кырсыктардын тобокелдиктерин божомолдоо, баалоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
6) кооптуу жаратылыш процесстер зонасында жер участокторунун бөлүп берилишинин алдын алуу максатында турак үйлөрдү, администрациялык жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимдерди Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
7) Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармоону жүзөгө ашырат;
8) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте калкка өзгөчө кырдаалдарда коргоо жана аракеттенүү ыкмаларын маалымдоону жана үйрөтүүнү жүзөгө ашырат;
9) өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана ал келип чыкканда эвакуациялоо иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат жана алардын аткарылышын уюштурат;
10) калкты түпкүлүгү кооптуу участоктордон көчүрүү боюнча комплекстүү чараларды күн мурунтан көрөт;
11) өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жөнүндө же келип чыгышы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте камсыз кылат;
12) ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
13) Жарандык коргонуу жана кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетте караштырат жана бөлүп берет;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы уюмдардын милдеттери
Уюмдар өздөрүнүн объекттеринде:
1) өзүнүн штатында Жарандык коргонуу боюнча адистин кызмат ордун кармайт;
1-1) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
2) Жарандык коргонуу түзүлүштөрүн жана аларды Жарандык коргонуу иш-чараларын жүргүзүүгө даярдыкта кармап турат;
3) тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
4) түпкүлүгү кооптуу объекттерде кырсыктарга мониторинг жүргүзүү, аларды божомолдоо жана тобокелдигине баа берүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
5) тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, уюмдун туруктуу иштеши боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
6) тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте өзүнүн кызматчыларына коргонуу ыкмаларын үйрөтүүнү жүзөгө ашырат;
7) өзгөчө кырдаал келип чыккан учурга карата кабарлоо тутумун түзөт жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылат;
8) материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзөт;
9) түпкүлүгү кооптуу объекттерде өзгөчө кырдаалдын жайылуусунун эсептик зонасында жашаган персоналды жана калкты жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылат;
10) өзгөчө кырдаал коркунучу жана анын келип чыгышы тууралуу Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана калкка токтоосуз маалымдайт;
11) өзүнүн объекттеринин аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
12) зарыл болгон учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органынын чечими боюнча менчигинде болгон объекттерди, аймактарды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана жабдууну калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн берет.
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо үчүн берилген мүлккө жана аймактарга зыян келтирилген учурда менчик ээсине келтирилген зыяндын орду толтурулат.
Объекттерди, аймактарды, транспорт каражаттарын пайдалануу тартиби жана менчик ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Кыргыз Республикасынын калкынын Жарандык коргонуу жаатындагы укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын калкы төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда өмүрүн, саламаттыгын жана жеке мүлкүн сактоого;
2) өзгөчө кырдаалдар зоналарында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу иш-чараларын аткарууга багытталган мүлкүн пайдаланууга;
4) ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу түзүлүштөрүнүн курамына кирүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын аймагындагы белгилүү бир жерлерде калктын кабылышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана зарыл коопсуздук чаралары жөнүндө маалымдалууга;
6) Жарандык коргонуу иш-чараларына катышууга.
2. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкан калкка өзгөчө кырдаал зоналарындагы жумуштары үчүн компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга белгиленген тартипте укук берилет.
Кыргыз Республикасынын калкына компенсацияларды жана жеңилдиктерди берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын калкы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзгөчө кырдаал коркунучунун учурунда өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күн мурунтан чара көрүүгө;
2) күндөлүк иште коопсуздук чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын келип чыгышына алып келүүчү бузууларга жол бербөөгө;
3) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоо ыкмаларын, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыктарын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;
4) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүүгө;
5) Жарандык коргонуунун тиешелүү башкаруу органдарына өзгөчө кырдаалдардын коркунучу же келип чыгышы тууралуу маалымдоого.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар, Жарандык коргонуу кызматтары
13-берене. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары
1. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму үч: республикалык, аймактык жана объекттик деңгээлден турат.
2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна жетекчилик кылуу төмөнкүдөй жүзөгө ашырат:
1) республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин биринчи орун басары болуп саналат. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин орун басары болуп саналат;
2) аймактык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары - өз аймактарындагы Жарандык коргонуунун начальниктери. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун начальниктеринин орун басарлары болуп саналат;
3) объекттик деңгээлде - уюмдардын жетекчилери - Жарандык коргонуунун начальниктери;
4) тармактык чакан тутумдарда - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери - Жарандык коргонуунун начальниктери.
3. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык деңгээлде - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын Жарандык коргонуу бөлүмдөрү (кызматкерлери);
2) аймактык деңгээлде - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле областтардагы, шаарлардагы аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу бөлүмдөрү (кызматкерлери);
3) объекттик деңгээлде (уюмдарда) - уюмдун жетекчисине түздөн-түз баш ийген, Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөр (айрым кызматкерлер).
Жарандык коргонуунун тармактык тутумчаларында ушул сыяктуу башкаруу органдары менчигинин түрүнө карабастан жетекчинин чечими менен түзүлөт.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар
Тиешелүү деңгээлдеги, тармактагы жана объекттердеги Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар Жарандык коргонуунун туруктуу иштөөчү координациялык органы болуп саналат.
Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Жарандык коргонуу кызматтары
1. Тынчтык жана согуш мезгилдеринде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун республикалык, облустук, райондук жана шаардык кызматтары түзүлөт.
2. Жарандык коргонуу кызматтары төмөнкүлөргө арналган:
1) Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык, медициналык жана башка атайын иш-чараларын аткарууга;
2) өздөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын даярдоого;
3) авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракетин камсыз кылууга;
4) Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечимине ылайык атайын тапшырмаларды аткарууга.
3. Жарандык коргонуу кызматтарын түзүү жөнүндө чечимдер, алардын тизмеги жана алар жөнүндө жоболор тиешелүү деңгээлдерде өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдардын жетекчилери тарабынан кабыл алынат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Жарандык коргонуу күчтөрү
16-берене. Жарандык коргонуу күчтөрү
1. Жарандык коргонуу аскерлери жана бөлүктөрү куткаруу күчтөрүнүн уюштуруу өзөгүн түзгөн оптималдуу сандагы көп тармактуу жогорку натыйжалуу куткаруу тутуму болуп саналат.
2. Жарандык коргонуу аскерлеринин бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн уюштуруу-штаттык түзүмү Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген сандын чегинде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Жарандык коргонуунун түзүлүштөрү
1. Базасында Жарандык коргонуу түзүлүштөрү түзүлүүчү уюмдардын тизмегин Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү аныктайт жана Жарандык коргонуунун тиешелүү начальниги бекитет.
2. Жарандык коргонуу түзүлүштөрүнө Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жарандары кире алат:
1) 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы эркектер;
2) мобилизациялык тапшырмасы бар аскерге милдеттүүлөрдү, I, II же III топтогу майыптарды (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды), кош бойлуу аялдарды, 8 жашка чейинки балдары бар аялдарды, ошондой эле орто же жогорку медициналык билимдүү, 3 жашка чейинки балдары бар аялдарды кошпогондо, 18 жаштан 55 жашка чейинки курактагы аялдар.
17-1-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскерлерин жана аскердик түзүмдөрүн тартуу
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин жана аскердик түзүмдөрүнүн атайын даярдалган күчтөрү жана каражаттары тартылышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу
18-берене. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу
1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар алардын келип чыгуу тобокелдигин жана мүмкүн болгон зыяндарын эске алуу менен күн мурунтан жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда калкты эвакуациялоо жана/же коопсуз аймактарга көчүрүү жүргүзүлөт.
Калкты эвакуациялоо жана/же көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын башкаруу органдарына жана күчтөрүнө Жарандык коргонуу жаатында аларга жүктөлгөн функцияларга, ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ылайык жүктөлөт.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды координациялоону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
3. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге жетекчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан өзгөчө кырдаалдардын классификациясы менен белгиленген алардын оордук даражасына жараша өзгөчө кырдаал аймагында болгон тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жүктөлөт.
Зарыл болгон учурда (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилгенде) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаал зонасына кирүүсүн убактылуу чектейт жана ошол зонада турган уюмдардын ишин токтотот.
Инженердик инфратүзүмдү, турак жайды калыбына келтирүү, айлана-чөйрөнү тазалоо, калкка социалдык-реабилитациялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү өзгөчө кырдаалдардын мүнөзүнө жана масштабына жараша жүргүзүлөт.
4. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-глава. Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль
19-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль
Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик экспертиза, көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыпайык Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна жүктөлгөн милдеттерге ылайык мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
7-глава. Жарандык коргонуу жаатындагы эл аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер
(Глава КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-глава. Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды каржылоо
21-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды каржылоо
1. Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланат.
2. Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте орду толтурулат.
Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде жыл сайын бекитилүүчү бюджеттин каражаттарынын чегинде каралат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн каржылык жана материалдык резервдерди түзүү жана пайдалануу
Каржылык жана материалдык резервдерди түзүү, пайдалануу жана ордун толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана калкынын Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди аткарбагандыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 749-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2719-ст.);
- "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 3, 178-ст.) 3-беренеси.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |