Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 15-апрели № 42
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 5-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 287-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чаралары - алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү, мүмкүн болуучу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу, өзгөчө кырдаалдар зоналарында ыкчам чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү.";
2) 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:
"221) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү тартибин аныктайт;";
3) 8-берененин 4-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзөт;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн укуктук ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |