Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 8-майы № 53
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө
2020-жылдын 30-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо менен, гумандуулук жана боорукердик принциптерин ишке ашыруу максатында, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу:
1-берене
1. Кылмыш үчүй эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан төмөнкүлөр бошотулсун:
1) 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдар:
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;
3) жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;
4) анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар;
5) жалгыз бой эне болуп саналган аялдар;
6) көп балалуу аялдар;
7) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдар менен жашы жетелектер.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт.
1) 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-статьясынын 1-бөлүгүндө, 104-статьясынын 2 - 4-бөлүктөрүндө, 117-статьясында, 124-статьясынын 2 жана З-бөлүктөрүндө, 129-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө, З-бөлүгүнүн 2 - 5-пункттарында, 130-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө, З-бөлүгүнүн 2 - 5-пункттарында, 166-статьясынын 4-бөлүгүндө, 167-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 168-статьясынын 2 - 4-бөлүктөрүндө, 170- статьясынын З-бөлүгүндө, 171-статьясынын 4-бөлүгүндө, 172-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 2261-статьясында, 2263 2264-статьяларында, 228-статьясында, 233-статьясында, 246-статьясында, 248 - 250-статьяларында, 252-статьясында, 256, 257-статьяларында, 2992-статьясында, 301, 302-статьяларында, 304-статьясынын 1 - З-бөлүктөрүндө, 305-статьясынын 1 – бөлүгүндө, 2-бөлүгүнүн 1, 3 - 6-пункттарында, 3081-статьясынын 1-бөлүгүндө, 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 313-статьясынын 1-бөлүгүндө, 2 - бөлүгүнүн 1-пунктунда, 3131-статьясынын 1 - З-бөлүктөрүндө, 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 3132-статьясында, 314, 315-статьяларында, 328-статьясында, 350-статьясынын 3 - 6-бөлүктөрүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдарга;
2) 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгүндө, 138-берененсинин 2 жана З-бөлүктөрүндө, 149-беренесинде, 161-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, З-бөлүгүнүн 2 жана 3- пункттарында, 162-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, З-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 171- берснссинин 2 жана З-бөлүктөрүндө, 201-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 202-беренесинин 2 жана З-бөлүктөрүндө, 203-беренесинин З-бөлүгүндө, 204-беренесинин 3-бөлүгүндө, 205-беренесинин З-бөлүгүндө, 206-беренесинин 2 жана З-бөлүктөрүндө, 240-беренесинде, 242, 243-беренелеринде, 245, 246-беренелеринде, 264-беренесинде, 268, 269-беренелеринде, 271 - 273-беренелеринде, 275-беренесинде, 280, 281-беренелеринде, 315-беренесинде, 317, 318-беренелеринде, 320-беренесинин 1 - З-бөлүктөрүндө, 321-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 323-беренесинин 1-бөлүгүндө, 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 325-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, З-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 326-беренесинин 1-бөлүгүндө, 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, З-бөлүгүндө, 327 - 329-беренелеринде, 335-беренесинде, 359-беренесинин З-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдарга.
2-берене
1. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартын үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу") 1-бөлүгүндө, 337-статьясында ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьясынын ("Аскерден качуу") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган - адамдар Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотулсун.
2. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазаны өтөп жаткан жерге, камакта турган же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келсе, 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 349-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") 1-бөлүгүндө, 350-беренесинде ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу"), 367-беренесинин ("Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү") 1-бөлүгүндө, 368-беренесинин ("Дезертирдик") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотулсун.
3-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна туура келбеген адамдардын Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөнкүдөй кыскартылсын:
1) анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго - жарымына;
2) оор кылмыштар үчүн соттолгондорго - үчтөн бирге;
3) өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондорго - төрттөн бирге.
4-берене.
1. Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам тууралуу зарыл маалыматтар болбогондо ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.
Ушул Мыйзамды аткаруу жүктөлгөн соттор (судьялар) мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тийиштүү мекемелерден зарыл материалдарды суратып алууга укуктуу. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш.
Сот (судья) жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча өкүм же токтом чыгарат.
2. Соттук жыйналышта ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселени кароодо прокурордун катышуусу милдеттүү.
3. Жазаны өтөө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
5-берене.
Айлана-чөйрөсүндөгүлөр үчүн коркунуч жараткан оорулар (кургак учук, жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) менен ооруган адамдарга мунапыс актысы зарыл дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат.
6-берене.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн эркектерге жана аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнү тиешелүүлүгүнө жараша 60 жана 55 жашка чыккан жана андан ашкан адамдар кирет;
2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар кирет;
3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган, ата-энелик укуктардан ажыратылбаган жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата 18 жашка толо элек кеминде эки баласы бар, анын ичинде асырап алынган же камкордукка алынган балдары бар, же болбосо курагына карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар адамдар кирет;
4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга багуусунда жана тарбиялоосунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы жөнүндө жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча белгиленген тартипте жазылган балдары бар (никеде турбаган) энелер кирет;
5) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн көп балалуу аялдарга беш жана андан ашык балдары бар жана тарбиялаган аялдар кирет.
7-берене.
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген адамдарга карата колдонулбайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, сот тарабынан эркиндигинен ажыратууга соттолгон, бирок издөөдө жүргөн адамдарга карата колдонулбайт.
8-берене.
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна төмөнкүлөр туш келет:
1) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган, ошондой эле соттолгон адамдар;
2) Кыргыз Республикасынын соттору, ошондой эле башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жаткан адамдар.
2. Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок жазасын анын чегинен сырткары өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс актысынын колдонулушу жазыктык-процесстик мыйзамдарга, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чечилет.
9-берене.
Ушул Мыйзамдын 3-беренесин колдонууда ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата өтөлө элек жаза мөөнөтүнө негизденүү керек, ал эми ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин соттолгон адамдарга карата жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелсин.
10-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.
Ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселе аны колдонуу үчүн каралган мөөнөттөр өткөндөн кийин келип чыккан учурларда (соттолгондун аракеттеринин юридикалык квалификациясы өзгөрүшүнө жараша), соттолгонго карата мунапыс берүү актысы көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин колдонулушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 162 жана 163-беренелеринин талаптарына ылайык жардам көрсөтүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын жана аны ишке ашыруунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу орган жаза мөөнөтү ушул Мыйзамга ылайык кыскартылган адамдарга, алардын жаза мөөнөтүнүн жаңыдан эсептелиши жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаган дата жөнүндө ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде кол койдуруп алуу менен маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |