КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 15-апрели № 43
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 4-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1049-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 10-пункту "жашаган жеринен" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо турган жеринен" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
б) 2-бөлүгүндө "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) каза болгондо.";
4) 13-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "туруктуу жашаган жерин" деген сөздөр "жашаган жерин же болбосо турган жерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-майындагы № 35(3107) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |