Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 4-июну № 57
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 30-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
504-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:
1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теңдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан реалдуу коркунуч болсо;
2) эгерде шектүү адам мас болуунун алкоголдук же башка түрлөрүнүн абалында болсо жана жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теңдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирсе;
3) эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теңдештирилген адамдарды кордоону, коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыңдоону, басмырлоону улантат деп болжолдоого мүмкүндүк берүүчү негиздер болсо.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-июнундагы № 43(3115) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |