Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 14-августу № 131
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 333-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 46-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3361-берене менен толукталсын:
"3361-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу
Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтому тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу аны чыгарган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш ушул Кодекстин 44-главасында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык инстанциядагы сот төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;
2) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;
3) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун жокко чыгаруу жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө.
Апелляциялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим аныктама түрүндө чыгарылат.
Апелляциялык даттанууну кароонун натыйжалары боюнча соттун аныктамасы токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.
Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасынын көчүрмөсү беш күндүн ичинде бузуу жөнүндө иш боюнча тараптарга жөнөтүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65(3137) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |