Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 26-июну № 65
"Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 14-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьянын биринчи абзацында "өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча мамлекеттик бирдиктүү" деген сөздөр "Жарандык коргонуунун мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-статьяда:
а) 1-пунктунда:
- экинчи абзацы "башкаруу органдарын" деген сөздөрдөн мурда ", Жарандык коргонуунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы абзацында "өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун" деген сөздөр "Жарандык коргонуунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- онунчу абзацында "алдын алуу үчүн" деген сөздөр "алдын алуу жана жоюу үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он биринчи абзацында "калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо" деген сөздөр "Жарандык коргонуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он төртүнчү абзацында "өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча мамлекеттик бирдиктүү тутумга" деген сөздөр "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыйроодон куткаруучу конкреттүү кызматтарга, кыйроодон куткаруучу кошуундарга жүктөлүүчү милдеттердин толук тизмеги Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Жарандык коргонуунун республикалык жана аймактык башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныкталат жана кыйроодон куткаруу кызматтары, кыйроодон куткаруу кошуундары жөнүндө жоболордо же көрсөтүлгөн кызматтардын жана кошуундардын уставдарында бекемделет.";
3) 7-статьянын 2-пунктунда:
а) экинчи абзацында "аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- иштин бир же бир нече түрү менен алектенген уюмдарда, аларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзүнүн кыйроодон куткаруу кызматтары, кыйроодон куткаруу кошуундары милдеттүү түрдө болушу каралган уюмдарда - уюмдардын жетекчилиги тарабынан аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча түзүлөт;";
в) бешинчи абзацында "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыйроодон куткаруу кызматтарынын, кыйроодон куткаруу кошуундарынын курамын жана түзүмүн аларды түзүүчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар аларга Жарандык коргонуу боюнча жүктөлгөн милдеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынан келип чыккан талаптарга жараша аныкташат.";
5) 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 11-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгы аттестациянын жүрүшүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, мамлекеттик көзөмөл органдары, аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерилет.";
7) 13-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун" деген сөздөр "Жарандык коргонуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 14-статьянын 2-пунктунда "өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун" деген сөздөр "Жарандык коргонуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 18-статьяда:
а) 1-пунктунун үчүнчү абзацында "өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймакты коргоо" деген сөздөр "Жарандык коргонуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктунда "мамлекеттик башкаруунун калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын:
10) 19-статьянын 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ордун которуу, профилин өзгөртүү же жоюу жөнүндө чечимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө түзүлүшү каралган кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы кошуундарды жоюу жөнүндө чечимди аларды түзгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана мамлекеттик көзөмөлдүн тийиштүү органдары менен макулдашуу боюнча кабыл алат.
3. Юридикалык жактардын администрациясынын чечими боюнча түзүлгөн кыйроодон куткаруучу штаттан тышкары кошуундарды жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда, алардын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аймактык деңгээлдеги Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына маалымдайт.";
11) 23-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атынан укук берилген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 30-июнундагы № 50 (3122) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |