Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 18-июлу № 82
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 10-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья "камсыз кылууга," деген сөздөрдөн кийин "тыюу салынган субстанцияларды жана ыкмаларды колдонууну болтурбоого," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"спортто тыюу салынган субстанциялар жана (же) ыкмалар (мындан ары - допинг) - Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эл аралык стандартынын тыюу салынган тизмесине киргизилген химиялык кошулмалар (заттар, дарылар) жана ыкмалар, анын ичинде спортто пайдалануу үчүн тыюу салынган субстанциялардын жана (же) ыкмалардын тизмегине киргизилген субстанцияларды жана (же) ыкмаларды пайдалануу же пайдаланууга аракет жасоо;";
3) 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
- спортто допингге каршы иш-чараларды жүргүзүүнү контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 221-статья менен толукталсын:
"221-статья. Спортто допингди пайдаланууга каршы аракеттенүү
Спортто допингди болтурбоо жана аны менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин бузуу болуп төмөнкүлөр саналат:
- спортсмен тарабынан же спорттук мелдешке катышкан жаныбарга карата допингди пайдалануу;
- спортсмендин сынам алууга келүүдөн баш тартуусу, Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерине ылайык билдирүү алгандан кийин спортсмендин жүйөөлүү себептерсиз сынам алууга келбөөсү же спортсмендин сынам алуудан качуусу;
- мелдештен тышкаркы мезгилде андан сынам алуу үчүн спортсмендин жеткиликтүүлүгүнө тийиштүү Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелеринин талаптарынын бузулушу, анын ичинде анын турган жери тууралуу маалыматты бербөөсү жана анын тестирлөөгө катышуу үчүн келбөөсү;
- допинг-контролду кандай гана болбосун этабында бурмалоо же бурмалоо аракети;
- Допингге каршы дүйнөлүк агенттик тарабынан тыюу салынган субстанцияларды терапиялык пайдалануу үчүн Эл аралык стандартка ылайык берилүүчү терапиялык пайдаланууга уруксатсыз допингге ээ болуусу;
- допинг жөнүндө үгүт маалыматтарын жайылтуу.
Спортсмендер, ошондой эле машыктыруучулар, спорттук медицина боюнча адистер, дене тарбия жана спорт жаатындагы башка персонал тарабынан Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин бузууга жол берилбейт. Спортсмен тарабынан допингди пайдалануу, ошондой эле спорттук мелдешке катышкан жаныбарга карата допингди пайдалануу фактысы Допингге каршы дүйнөлүк агенттик тарабынан аккредиттелген лабораторияларда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары менен ырасталат.
Допинг-контроль тесттерди жүргүзүүнү пландоону, сынамдарды алууну, аларды сактоону, ташууну, сынамдарга лабораториялык анализди, тесттен кийинки жол-жоболорду, ошондой эле тийиштүү угууларды өткөрүүнү жана апелляцияларды кароону өзүнө камтуучу процессти түшүндүрөт.
Допинг-контроль жол-жобосу мелдеш жана мелдештен тышкаркы мезгилдерде жүзөгө ашырылат. Эгерде спорттун тийиштүү түрү боюнча эл аралык спорт федерациясынын же Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эрежелеринде башкача каралбаса, спортсмендин жана (же) жаныбардын конкреттүү спорттук мелдешке катышуусу менен байланышкан мезгил мелдеш мезгили деп түшүнүлөт. Мелдеш мезгилине кирбеген убакыт мелдештен тышкаркы мезгил болуп саналат.
Допингди пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча чаралар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- допинг-контроль жүргүзүүнү;
- допингди колдонууну алдын алууну;
- спортто допингди болтурбоого жана аны менен күрөшүүгө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
- спортсмендердин иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү каражаттарды жана ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
- спортто допингди болтурбоо жана аны менен күрөшүү жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууну.
Спорттук мелдештердин уюштуруучулары эл аралык спорттук уюмдардын талаптары менен чечимдерин жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен милдеттүү допинг-контроль жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.";
5) 25-статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогикалык иш жана окуу-машыгуу сабактары эсептик каттоодон өткөн адам тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кесиптик педагогикалык жана окуу-машыгуу иши менен алектенген адамдарды эсептик каттоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 5-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-июлундагы № 57(3129) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |