Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 22-августу № 140
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 480-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык атайын каражаттарды, ок атуучу куралды, курал-жаракты жана аскердик техниканы сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга, дене-бойлук күч колдонуу чараларын көрүүгө;";
2) 11-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укуктук абалы
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укуктук статусу жана укуктары, ошондой эле анын ыйгарым укуктуу органдагы кызматы менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ага жарандар жана (же) кызмат адамдары даярдалып жаткан же жасалган кылмыш же укук бузуу жөнүндө арыз же билдирүү менен кайрылган учурда, же болбосо мындай жагдай түздөн-түз табылган учурда мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан экономикалык кылмыштардын түрлөрүнө, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ага берилген укуктарды толук пайдаланууга жана ыйгарым укуктуу органдын жакынкы бөлүгүнө маалымдоого милдеттүү.
3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери дене-бойлук күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонуунун натыйжасында, эгерде аларды колдонуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипти сактоо менен жүзөгө ашырылса, жеке же юридикалык жактарга келтирилген кандай болбосун зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
4. Атайын багыттагы бөлүктөрдүн кызматкерлерин кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери беткап менен жүрүүгө укуксуз.
5. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кызматтык ырастамасын көрсөтүүдөн баш тартканда, ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык беткапты пайдалануу учурларын кошпогондо, жаран анын талаптарына баш ийбей коюуга укуктуу.";
4) 13-беренеде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 4-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 19-беренеде "укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктерди камсыздоо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 69 (3141) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|