Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-августу № 80
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93, 2020-жылдын 22-августундагы № 140, 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
1. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) аткаруу бийлигинин укук коргоо органынын статусуна ээ болот, анын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө ишин, жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү жолу менен кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштардын алдын алууга, аларды айкындоого, аларга бөгөт коюуга, аларды ачууга жана тергөөгө багытталат.
2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук аталышына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрүнө ээ болот.
3. Ыйгарым укуктуу органдын туусу жана символикасы болот. Туунун жана символиканын сыпаттамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ишинин укуктук негизи
Ыйгарым укуктуу органдын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Ыйгарым укуктуу органдын максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштардын деңгээлин төмөндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү ыйгарым укуктуу органдын негизги максаты болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын ички экономикалык коопсуздугунун кызыкчылыктарында ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй милдеттерди чечет:
1) өз компетенциясынын чегинде ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу;
2) өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугуна келиши мүмкүн болгон коркунучтарды божомолдоо жана алдын алуу;
3) ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) жогорку кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоону кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү;
5) ишкердиктик иштин субъекттеринин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
6) кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун курамында жасалган кылмыштардын алдын алуу, аларды айкындоо жана бөгөттөө боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; ыкчам издөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу, кылмыш жасаган же жасады деп шектелген адамдарга карата жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү;
7) мамлекеттик түзүмдөрдөгү кызмат адамдары өз кызмат абалын пайдалануу менен экономикалык ишке мыйзамсыз кийлигишкен же ишкердик ишке тоскоолдук кылган фактылардын алдын алуу, аларды айкындоо жана бөгөттөө боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
8) ыйгарым укуктуу органдын карамагына берилген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;
9) мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, экономика жана финансы чөйрөсүндө кызматтык кылмыштарды жасоого түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү; мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды жаратуучу, түрткү берүүчү жана колдоочу себептерге жана шарттарга талдоо жүргүзүү, ошондой эле алардын алдын алууга жана аларды жоюуга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ыйгарым укуктуу органдын иш принциптери
Ыйгарым укуктуу орган өз ишин төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырат:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жана сактоо;
3) жасалган укук бузууга жоопкерчиликтин болбой койбостугу;
4) гумандуулук жана адилеттүүлүк;
5) укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, уюмдар жана жарандар менен өз ара аракеттенүү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ишкердик субъекттердин ишине кийлигишпөөнү камсыз кылуу.
5-берене. Ыйгарым укуктуу органдын өз милдеттерин аткаруусуна мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле жарандардын көмөктөшүүсү
1. Ыйгарым укуктуу орган ага жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле жарандар менен өз ара аракеттенип аткарат.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле жарандар өздөрүнүн компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтөт.
6-берене. Жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоонун кепилдиктери
1. Ыйгарым укуктуу орган өз ишин жүзөгө ашырууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого милдеттүү.
2. Ушул Мыйзамда укуктар жана эркиндиктер Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан башка максаттарда жана жогору даражада чектелиши мүмкүн эмес.
3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин аракеттери жана аракетсиздиги жогору турган органга, прокуратурага жана сотко мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык даттанылышы мүмкүн.
7-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди өз алдынча кабыл алат. Өз кызматтык милдеттерин бузган, тартиптик жоруктарды, бузууларды же болбосо жазыктык жаза бериле турган жосунду жасаган учурда, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Эгерде ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине мыйзамга каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал мыйзамды жетекчиликке алат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укукка каршы жосундун белгилерине формалдуу туура келген аракеттери, эгерде алар негизи бар кесиптик тобокелдик менен жасалса, мыйзам бузуу деп таанылбашы мүмкүн. Эгерде жасалган аракет түзүлгөн жагдайлардан объективдүү келип чыкса, ал эми мыйзамдуу максатка мындай аракетти жасабастан жетүүгө мүмкүн болбосо жана ыйгарым укуктуу органдын тобокелдикке жол берген кызматкери түзүлгөн кырдаалда келтирилген зыяндын алдын алуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелдик негизи бар деп таанылат.
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Ыйгарым укуктуу органдын системасы, ишинин уюштурулушу, функциялары жана укуктары
8-берене. Ыйгарым укуктуу органдын системасы жана ишинин уюштурулушу
1. Ыйгарым укуктуу орган төмөн турган бөлүктөр жогору турган бөлүктөргө баш ийүүчү бирдиктүү борборлошкон системага ээ болот.
2. Ыйгарым укуктуу органдын бирдиктүү системасын борбордук аппарат жана өзүнүн карамагындагы аймактык бөлүктөр түзөт.
3. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүктөрү тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин чегинде ыйгарым укуктуу органдын функцияларын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.
4. Жетекчинин орун басарлары болот, алар жетекчинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
5. Жетекчи:
1) ыйгарым укуктуу органга жетекчиликти жүзөгө ашырат;
2) чечимдерди кабыл алууда өз алдынча болот жана ыйгарым укуктуу органдын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) аймактык бөлүктөрдүн ыйгарым укуктуу органдын функцияларын аткаруусун уюштурууну жана контролдоону, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүктөрүнүн ишинин бардык багыттары боюнча алардын аракеттерин координациялоону жана макулдашууну камсыз кылат;
4) ыйгарым укуктуу органды кайра уюштуруу тууралуу, анын ичинде уюштуруучулук-штаттык, кадрдык жана материалдык-техникалык бекемдөө маселелери боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
5) бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда ыйгарым укуктуу органдын атынан чыгат;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген штаттык бирдиктер санынын чегинде борбордук аппараттын, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүктөрүнүн түзүмүн жана штаттык ырааттамасын, ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрү жана аймактык бөлүктөр тууралуу жоболорду бекитет;
7) ыйгарым укуктуу органдын катардагы курамынын, кенже, орто жана жогорку жетекчилик курамынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине кенже, орто жана жогорку жетекчилик курамдын атайын наамдарын ыйгарат (алардан ажыратат);
9) өз орун басарларынын, ошондой эле борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
10) өз ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүктөрү жана кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
11) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине жогорку атайын наамдарды ыйгаруу тууралуу сунуштамаларды белгиленген тартипте киргизет;
12) мыйзамдарда белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине сый төлөм төлөө, материалдык жардам көрсөтүү жана тартиптик жаза берүү боюнча маселелерди чечет, аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардактуу наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
13) ыйгарым укуктуу органдын бөлүктөрүнүн кадрларын тандоону, жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
14) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин өз кызматтык милдеттерин аткаруусунда алардын ички коопсуздугун жана зарыл болгондо алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат;
15) бөлүнгөн материалдык ресурстарды жана бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну, алар боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту жүзөгө ашырууну, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүктөрүнүн финансылык-чарбалык ишине ички ведомстволук контролду камсыз кылат;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын функциялары
Ыйгарым укуктуу орган:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыкчам издөө иштерин, сотко чейинки өндүрүштү жана экономикалык, кызматтык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
2) экономика жана финансы чөйрөсүндө жасалган же даярдалып жаткан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жана (же) жоруктар жөнүндөгү арыздарды жана билдирүүлөрдү мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алат, кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттайт, карап чыгат, аларды бөгөттөө, ачуу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана коомдук коркунучтуу кесепеттерди болтурбоо боюнча чараларды өз убагында көрөт.
3) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын алкагында жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзөт;
4) өз компетенциясынын чегинде, экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштарды жасаган же аларды жасоого шектелген адамдарды издөөнү жүзөгө ашырат;
5) экономика жана финансы чөйрөсүндөгү экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы аракеттенүүнүн ыкмаларын иштеп чыгат, кызматкерлерди окутууну, алардын кесипкөйлүк чебердик деңгээлин жогорулатууга жана методикалык базаны түзүүгө багытталган семинарларды өткөрүүнү уюштурат;
6) мамлекеттик сырларды, ошондой эле жүктөлгөн милдеттердин аткарылышында алынган маалыматтарды сактайт;
7) экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүүнүн формаларын жана ыкмаларын өркүндөтөт, ыкчам издөө ишинин стратегиясын жана тактикасын аныктайт, өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
8) кылмыштуулук менен күрөшүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат, мамлекеттин ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүү маселелери жана ыйгарым укуктуу органдын ишине тиешеси бар башка маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
9) ыкчам-издөө, тергөө жана алгачкы текшерүү ишинин, экспертиза өндүрүшүнүн, ыйгарым укуктуу органдын практикалык ишинде ыкчам-техникалык жана атайын каражаттарды пайдалануунун практикасына талдоо жүргүзөт;
10) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери өз милдеттерин аткарганда алардын коопсуздугун жана зарыл учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
11) чет (башка) мамлекеттердин тийиштүү органдары менен экономика жана финансы чөйрөсүндөгү экономикалык жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүү маселелери боюнча өз ара аракеттенет, өз ыйгарым укуктарынын чегинде эл аралык уюмдардын ишине катышат;
12) Кыргыз Республикасынын ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
13) кызыкдар мамлекеттик органдарга экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүүнүн абалы тууралуу маалымдайт.
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Ыйгарым укуктуу органдын укуктары
Ыйгарым укуктуу орган коюлган милдеттерине ылайык, өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ыкчам-издөө иши тууралуу мыйзамдарга ылайык, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү экономикалык жана кызматтык кылмыштардын алдын алуу, аларды айкындоо жана бөгөттөө максатында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын жазыктык, жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык, экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык атайын каражаттарды, ок атуучу куралды, курал-жаракты жана аскердик техниканы сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга, дене-бойлук күч колдонуу чараларын көрүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жана өз компетенциясынын чегинде, мыйзамга каршы аракеттерди айкындоо жана бөгөттөө үчүн, менчигинин формасына жана жайгашкан жерине карабастан, өндүрүштүк, кампалык, соодалык, кызматтык жана башка орун-жайларга, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга өз компетенциясынын чегинде кирүүгө. Алар тарабынан укукка каршы аракеттер жүзөгө ашырылгандыгы тууралуу маалымат алуу максатында, менчик ээсинин же болбосо анын өкүлүнүн же алар ыйгарым укук берген адамдын катышуусунда аларды изилдөөгө жана карап чыгууга;
5) жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бюджеттик каражаттарды алууга укугу бар бюджеттик же башка мекемелерден, алардын бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануусуна байланышкан маалыматтарды зарыл көлөмдө алууга;
6) ыйгарым укуктуу органдын өндүрүшүндөгү иштер жана материалдар боюнча жарандарды жана кызмат адамдарын чакырууга; чакыруу боюнча келүүдөн жүйөлүү себептерсиз баш тарткан жарандарды жана кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте мажбурлап алып келүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, административдик протокол түзүүгө, укук бузгандарды кармоого жана ыйгарым укуктуу органга жеткирүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык документтерди, товарларды, предметтерди же башка мүлктү алууга же алып чыгууну жүргүзүүгө;
9) тийиштүү убактылуу кармоо изоляторлорун жана тергөө изоляторлорун Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жана "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланууга;
10) кармалган жана камакка алынган адамдарды кайтарып жүрүүгө;
11) ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүүчү маалыматтар базасын түзүүгө жана пайдаланууга, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын маалымат базаларын пайдаланууга;
12) мамлекеттин ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүү маселелери, ыйгарым укуктуу органдын ишине тиешеси бар маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
13) жарандарды өз макулдугу менен кызматташтыкка тартууга; кылмыш жасаган адамдарды ачуудагы жана кармоодогу жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте сый акы дайындоо жөнүндө жарыялоого жана аны төлөп берүүгө;
14) транспорттун бардык түрлөрүнө жүрүү документтерин кызматтык максаттарда кезексиз брондоого же алууга;
15) салык, бажы жана банк мыйзамдарына ылайык зарыл маалыматтарды алууга;
16) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин, кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн турак үйлөрдү жана жатаканаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ижарага алууга.
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93, 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
3-глава. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин эмгегин укуктук жөнгө салуу жана анын укуктук абалы
11-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин эмгектик мамилелерин жөнгө салуу
1. Ыйгарым укуктуу органга кызматка кирүү конкурстук негизде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
2. Ыйгарым укуктуу органда кызмат өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын эркин жалдануучу курамынын эмгектик иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана анын негизинде чыгарылуучу ведомстволук актылар менен жөнгө салынат.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укуктук абалы
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укуктук статусу жана укуктары, ошондой эле анын ыйгарым укуктуу органдагы кызматы менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ага жарандар жана (же) кызмат адамдары даярдалып жаткан же жасалган кылмыш же укук бузуу жөнүндө арыз же билдирүү менен кайрылган учурда, же болбосо мындай жагдай түздөн-түз табылган учурда мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан экономикалык кылмыштардын түрлөрүнө, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ага берилген укуктарды толук пайдаланууга жана ыйгарым укуктуу органдын жакынкы бөлүгүнө маалымдоого милдеттүү.
3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери дене-бойлук күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонуунун натыйжасында, эгерде аларды колдонуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипти сактоо менен жүзөгө ашырылса, жеке же юридикалык жактарга келтирилген кандай болбосун зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
4. Атайын багыттагы бөлүктөрдүн кызматкерлерин кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери беткап менен жүрүүгө укуксуз.
5. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кызматтык ырастамасын көрсөтүүдөн баш тартканда, ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык беткапты пайдалануу учурларын кошпогондо, жаран анын талаптарына баш ийбей коюуга укуктуу.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Ыйгарым укуктуу органдын катардагы курамына, кенже, орто жана жогорку жетекчилик курамына атайын наамдарды ыйгаруунун (алардан ажыратуунун) тартиби
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана алардан ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдардын укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйгарым укуктуу органга көмүскө негизде (ыкчам-издөө иш-чараларын даярдоодо жана өткөрүүдө) ыктыярдуу маалымат бергендиги тууралуу маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт.
2. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) ыйгарым укуктуу орган менен купуя кызматташуунун шарттары тууралуу контракт түзүүгө;
2) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринен өздөрүнүн милдеттери, укуктары жана милдеттүүлүктөрү тууралуу түшүндүрмө алууга;
3) конспирация максатында өздүгү шифрленген документтерди пайдаланууга;
4) контрактта аныкталган учурларда сый акы алууга.
3. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ыйгарым укуктуу органдын алдыда турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларын аткарууга;
2) ыйгарым укуктуу орган менен контракт түзүлгөн учурда анын шарттарын сактоого;
3) жалган же ушак маалыматтардын атайылап берилишине жол бербөөгө;
4) ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүү процессинде белгилүү болгон, мыйзам тарабынан корголгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
4. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар атайылап жалган же ушак маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.
5. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдардын укуктарына жана социалдык корголушуна кепилдиктер ыкчам издөө иштери тууралуу мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат.
4-глава. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин дене-бойлук таасир кылуу чараларын, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуусу
(Глава КР 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-глава. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин социалдык коргоо
19-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине социалдык кепилдиктер жана социалдык коргоо
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине социалдык кепилдик, социалдык коргоо, турак жай менен камсыз кылуу жана медициналык тейлөө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартибин аныктаган мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине эмгек акы төлөө, пенсиялык жана башка камсыздоо
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6-глава. Ыйгарым укуктуу органдын ишин баалоо, финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо жана анын документтери
21-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ишин баалоонун негиздери
1. Ыйгарым укуктуу органдын ишин баалоо ыйгарым укуктуу органдын алдына ушул Мыйзам менен коюлган максаттарды жана милдеттерди чечүүнүн натыйжалуулугуна жараша аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын ишин баалоо мыйзамдуулук, аныктуулук, объективдүүлүк, максатка ылайыктуулук, жеткиликтүүлүк жана өз убагындалык принциптерине негизделет.
3. Ыйгарым укуктуу органдын отчеттуулугу ишти баалоо жагдайларынын бири болуп саналат жана сапаттык көрсөткүчтөргө негизделүүгө тийиш.
4. Ишти баалоонун натыйжалары үчүн жеке жоопкерчиликти белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тартат.
22-берене. Ыйгарым укуктуу органды финансылоо
1. Ыйгарым укуктуу органды финансылоо республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле финансылоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактарынын эсебинен, борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. (КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Ыйгарым укуктуу органды материалдык-техникалык камсыздоо
1. Ыйгарым укуктуу органды материалдык-техникалык камсыздоонун тартиби жана нормалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жана жеке жактардан мыйзамдуу негизде алып коюлган жана конфискацияланган мүлктү жумушта пайдалануу үчүн алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте артыкчылыктуу укукка ээ.
24-берене. Ыйгарым укуктуу органдын мүлкү жана документтери
1. Ыйгарым укуктуу органдын мүлкү мамлекеттин менчигинде турат жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн пайдаланылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын мекемелеринин ыкчам башкаруусунда кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, анын ичинде социалдык-тиричилик жана чарбалык максаттагы объекттер болушу мүмкүн.
3. Ишканалардын, уюмдардын, илимий-изилдөө, долбоорлоо, дарылоо, окутуу жана башка мекемелердин, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ишин камсыздоо үчүн атайын түзүлгөн уюмдардын мүлкү аларга чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алардын ыкчам башкаруусуна берилет.
4. Өндүрүп алууну ыйгарым укуктуу органдын мүлкүнө багыттоого жол берилбейт.
5. Ыйгарым укуктуу органдын документтери жана документтик материалдары Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө мыйзамдарга ылайык сакталат жана пайдаланылат.
7-глава. Ыйгарым укуктуу органдын ишине контроль жана көзөмөл
25-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ишине контроль
Ыйгарым укуктуу органдын ишине контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
26-берене. Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуулукту сактоосуна көзөмөл
Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусуна көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.
27-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 7-августундагы № 66 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент |
| С. Жээнбеков |
2018-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |