Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 31-декабры № 15
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 188189593,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 207400567,7 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 19210974,0 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 19210974,0 миң сом суммасындагы каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2022-2023-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкү болжолу жактырылсын:
1) 2022-жылга кирешелер боюнча болжол - 174209873,5 миң сом суммасында, 2023-жылга - 174972030,3 миң сом суммасында;
2) 2022-жылга чыгашалар боюнча болжол - 181339659,5 миң сом суммасында, 2023-жылга - 179418205,8 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 7129786,0 миң сом суммасында, 2023-жылга - 4446175,6 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-2023-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2022-2023-жылдарга болжолу булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин жана 2022-2023-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. Мамлекеттик инвестициялар боюнча 2021-2023-жылдарга чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Капиталдык салымдарды каржылоого 2021-жылы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 6206500,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен 2021-жылга түзүлгөн тизмеде бекитилген объекттерди курууга жана реконструкциялоого багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150000,0 миң сом жумшалсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2021-жылга 526600,0 миң сом, 2022-жылга - 600000,0 миң сом, 2023-жылга - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.
2. Корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга 11-2-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо, бюджеттик мекемелердин штаттык санынын өзгөрүүсүнө алып келүүчү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен, аларда бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча каржылоону жүзөгө ашыруу сунушталсын.
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене.
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 2021-жылдын 1-январына карата 500000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Бир кредитордун алдында мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынан 50 пайыздан ашык эмес карыздын топтолушуна сандык чектөө белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 2021-жылга каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 2022-2023-жылдарга каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн 2021-2023-жылдарга төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуулардан салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча чекене сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
5) жер казынасын пайдаланганы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз, республикалык бюджетке 50 пайыз өлчөмүндө;
6) жер казынасын пайдаланганы үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
7) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке 93 пайыз өлчөмүндө;
8) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке 80 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
11-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттеринин өлчөмдөрү чыгашалардын 1967300,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2022-2023-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчиликтүү болот.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелери көбөйгөн учурда, теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү кийинки үч жылда азайтылууга жатпайт.
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын 2021-2023-жылдарда жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке кайтаруу 9-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.
Бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча карыздын негизги суммасы 2021-жылдын 31-декабрына чейин толук жоюлганда юридикалык жактар кошуп эсептелген пайыздарды, туумдарды, айып пулдарды төлөөдөн жана финансылык санкциялардан бошотулат.
13-берене.
Эң аз эмгек акы өлчөмү 2021-жылга - 1854,0 сом, 2022-жылга - 1970,0 сом, 2023-жылга - 2050,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-пунктунда каралган ченемдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жапсын.
Көрсөтүлгөн ченемдерди бузганда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
15-берене.
Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар Кыргыз Республикасынын кийинки жылдагы республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
17-берене.
1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун 2021-2023-жылдарга программалык бюджети 11 жана 11-1-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 11 жана 11-1-тиркемеге ылайык беришсин.
3. Финансы министрлигине айрым бюджеттик мекемелерде натыйжага багытталган бюджеттештирүүнү пилоттоштүрууну демилгелөө укугу берилсин.
18-берене.
1. Пилоттук министрликтердин 2021-2023-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 11-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду кварталдык негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:
1) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;
2) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруу үчүн кызматкерлердин жана жумушчулардын эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктү) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдаланууга.
19-берене.
1 Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул көрсөткүчтөрүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүндөгү учурдагы өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
Т.Т. Мамытов |
2020-жылдын 10-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|