Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 17-декабры № 152
"Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 5-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "172891648,6" жана "181354848,5" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "188189593,7" жана "207400567,7" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "8463199,9" деген цифралар "19210974,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө "8463199,9" деген цифралар "19210974,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 2-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-2023-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.";
3) 5-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө "3000000,0" деген цифралар "6206500,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2021-жылга 526600,0 миң сом, 2022-жылга - 600000,0 миң сом, 2023-жылга - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин.";
4) 6-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча каржылоону жүзөгө ашыруу сунушталсын.";
5) 7-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.";
7) 19-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул көрсөткүчтөрүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүндөгү учурдагы өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.";
8) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2, 11-1, 11-2-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2, 11-1, 11-2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 151-153 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |