Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 25-январы №28
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети кирешелер боюнча 19747104,6 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 15433850,5 миң сом суммасында ушул Мыйзамдын 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2022-2023-жылдарга болжолу ушул Мыйзамдын 2-тиркемесине ылайык жактырылсын.
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү ушул Мыйзамдын 3-тиркемесине ылайык түзүлсүн.
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү ушул Мыйзамдын 4 жана 5-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-2023-жылдарга бюджети программалык негизде ушул Мыйзамдын 6-тиркемесине ылайык жактырылсын.
6-берене.
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:
- 2021-жылга - 14841980,8 миң сом;
- 2022-жылга болжол - 11415118,0 миң сом;
- 2023-жылга болжол - 11415118,0 миң сом.
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен өткөрүп берилүүчү ассигнованиелерди жыл ичинде бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө толук көлөмдө бөлүүнү камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилген республикалык бюджеттин пайдаланылбай калган каражаттарынын калдыктары республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүлүп алынбайт жана кезектеги бюджеттик жылга которулат.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкү суммада белгиленсин:
- 2021-жылга - 2742079,3 миң сом;
- 2022-жылга болжол - 2827204,0 миң сом;
- 2023-жылга болжол - 3012413,2 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2021-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 647082,2 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Жыл ичинде болгон табигый кырсыктарга, кыйроолорго, террористтик актыларга жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылык камсыз кылуу менен оор кырдаалдар келип чыккан учурда жыл ичинде түзүлгөн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгашалары боюнча милдеттенмелерин аткарууга багытталсын.
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү сунуштарды киргизүүгө укуктуу:
1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана (же) буйруктарына ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин, киреше булактарын көрсөтүү менен кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүктөрү аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ассигнованиелердин жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн өлчөмүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.
9-берене.
Ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин жана 1-ноябрына чейин киргизиле тургандыгы белгиленсин.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал/кырдаал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдерин кабыл алуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.
11-берене.
1. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча эсептешүү үчүн 2021-жылга колдонулуучу базалык ченемдер ушул Мыйзамдын 7-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. 2021-жылга базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу боюнча калктын жан башына эсептик көрсөткүчү он беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленсин.
12-берене.
1. Келишимдик негизде кызмат көрсөтүү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылга которулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында жана толук акы төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Өздүк чыгашалардын толуктугун камсыз кылуу жоопкерчилиги Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Саламаттык сактоо уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен колдонулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө чегерилүүгө тийиш.
13-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
| Т.Мамытов |
|
|
|
|
|
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга БЮДЖЕТИ
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2021-жыл |
| Бардык ресурстар: | 19 747 104,6 |
1 | Кирешелер | 19 100 022,4 |
12 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 9 199,3 |
1231 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери | 9 199,3 |
13 | Алынган расмий трансферттер | 17 810 082,3 |
1 312 | Эл аралык уюмдардан алынган трансферттер | 226 022,2 |
1 333 | Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 14 841 980,8 |
1 335 | Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар | 2 742 079,3 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 1 280 740,8 |
1 423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар | 1 280 740,8 |
| а.и. кошумча төлөм каражаттары | 561 422,2 |
| Жыл башына карата калдык | 647 082,2 |
| Жалпы бардык чыгашалар: | 19 747 104,6 |
2 | Чыгашалар | 19 747 104,6 |
211 | Эмгек акы | 84 434,8 |
212 | Социалдык муктаждыкка төгүмдөр/чегерүүлөр | 13 253,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 19 628 379,2 |
222 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 7 959,6 |
223 | Коммуналдык кызматтар | 1 087,9 |
311 | Негизги фонддор | 11 989,8 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети – Кирешелер
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Кирешелердин аталышы | 2021-жыл |
| Жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер | 19 747 104,6 |
| Жыл башына карата калдык | 647 082,2 |
1 | Кирешелер | 19 100 022,4 |
12 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 9 199,3 |
1 231 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери | 9 199,3 |
12 311 200 | ММК полисин берүүдөн түшкөн каражаттар | 9 199,3 |
13 | Алынган расмий трансферттер | 17 810 082,3 |
1 312 | Эл аралык уюмдардан алынган трансферттер | 226 022,2 |
13 121 100 | Учурдагылар | 226 022,2 |
1 333 | Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 14 841 980,8 |
13 332 100 | Республикалык бюджеттен базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар | 14 374 292,5 |
13 332 | Калктын жеңилдик алууга укуктуу категорияларына камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 467 688,3 |
13 332 210 | 16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 351 621,9 |
13 332 220 | Пенсионерлерди милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 84 450,2 |
13 332 230 | Бала күнүнөн майыптарды жана социалдык жөлөкпул алуучу адамдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 10 227,5 |
13 332 240 | Баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин 21 жашка толгонго чейин милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 18 282,0 |
13 332 250 | Калкты жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 2 349,3 |
13 332 260 | Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын, офицерлерди, прапорщиктерди, мөөнөттөн тышкары кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 757,4 |
1 335 | Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар | 2 742 079,3 |
13 351 100 | Социалдык фонддун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар | 2 742 079,3 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 1 280 740,8 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар | 1 280 740,8 |
| а.и. бирге төлөө каражаттары | 561 422,2 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети - Чыгашалар (чыгашалардын ведомстволук классификациясы жана экономикалык классификациясы боюнча)
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2021-жыл |
36 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 19 747 104,6 |
36110 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (аппарат) | 46 317,5 |
211 | Эмгек акы | 29 300,0 |
212 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 4 418,5 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 10 686,2 |
222 | Товарларды жана кызматтарды сатып алуу | 900,0 |
311 | Негизги фонддор | 1 012,8 |
| БАРДЫГЫ: | 46 317,5 |
36121 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ведомствого караштуу мекемелер) | 80 208,8 |
211 | Эмгек акы | 55 134,8 |
212 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 8 834,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 10 492,4 |
222 | Товарларды жана кызматтарды сатып алуу | 3 776,9 |
223 | Коммуналдык кызматтар | 1 087,9 |
311 | Негизги фонддор | 882,0 |
| БАРДЫГЫ: | 80 208,8 |
36131 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (эпидемияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар) | 1 619 304,7 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 1 619 304,7 |
36141 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (саламаттык сактоонун ведомствого караштуу мекемелери) | 16 271 474,0 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 16 271 474,0 |
| БАРДЫГЫ: | 16 271 474,0 |
36210 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр) | 1 482 734,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 1 482 734,9 |
| БАРДЫГЫ: | 1 482 734,9 |
36220 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (техникалык жабдууларды жакшыртуу жана медицина тармагындагы жаңы технологияларды киргизүү) | 158,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 158,8 |
| БАРДЫГЫ: | 158,8 |
36230 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөөчү тутумун маалыматтык-коммуникациялык камсыздоо жана банктык тейлөө) (аппарат) | 12 544,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 3 865,4 |
222 | Товарларды жана кызматтарды сатып алуу | 2 300,0 |
311 | Негизги фонддор | 6 379,4 |
| БАРДЫГЫ: | 12 544,8 |
36230 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөөчү тутумун маалыматтык-коммуникациялык камсыздоо жана банктык тейлөө) (ведомствого караштуу мекемелер) | 5 654,5 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 956,2 |
222 | Товарларды жана кызматтарды сатып алуу | 982,7 |
311 | Негизги фонддор | 3 715,6 |
| БАРДЫГЫ: | 5 654,5 |
36240 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК полистерин жана рецептура бланктарын даярдоо) | 200,0 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 200,0 |
| БАРДЫГЫ: | 200,0 |
36310 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (камсыздандыруу запасы) | 228 506,6 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 228 506,6 |
| БАРДЫГЫ: | 228 506,6 |
| БАРДЫК чыгашалар: | 19 747 104,6 |
211 | Эмгек акы | 84 434,8 |
212 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 13 253,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 19 628 379,2 |
222 | Товарларды жана кызматтарды сатып алуу | 7 959,6 |
223 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 1 087,9 |
| Бардык операциялык чыгашалар: | 19 735 114,8 |
311 | Негизги фонддор | 11 989,8 |
| Бардык финансылык эмес активдер: | 11 989,8 |
| БАРДЫК ЧЫГАШАЛАР: | 19 747 104,6 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети - Чыгашалар (функциялык классификация боюнча)
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы (функциялары боюнча) | 2021-жыл |
36 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү | 19 747 104,6 |
7071 | Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратура | 348 859,9 |
70711 | Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратура | 348 859,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 348 859,9 |
| а.и. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо | 55 000,0 |
| а.и. милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо | 293 859,9 |
7072 | Амбулаториялык кызмат көрсөтүүлөр | 10 229 577,5 |
70721 | Жалпы профилдеги медициналык кызмат көрсөтүүлөр | 8 883 495,4 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 8 883 495,4 |
70722 | Адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөр | 1 138 149,7 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 1 138 149,7 |
70723 | Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр | 207 932,4 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 207 932,4 |
7073 | Ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 8 115 981,1 |
70731 | Жалпы профилдеги ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 4 541 866,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 4 541 866,3 |
70732 | Адистештирилген ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 2 361 313,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 2 361 313,8 |
70733 | Медициналык борборлордун, гинекологиялык ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 347 610,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 347 610,8 |
70735 | Балдарды дарылоо боюнча медициналык ооруканалардын жана борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү | 865 190,2 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 865 190,2 |
7074 | Саламаттык сактоо жаатында кызмат көрсөтүүлөр | 176 079,7 |
70741 | Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциялары | 176 079,7 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 176 079,7 |
7075 | Саламаттык сактоо жаатындагы илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар | 173 921,2 |
70751 | Саламаттык сактоо жагында илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар | 173 921,2 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 173 921,2 |
7076 | Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери | 702 685,2 |
70761 | Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери | 702 685,2 |
211 | Эмгек акы | 84 434,8 |
212 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 13 253,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 583 959,8 |
222 | Товарларды жана кызматтарды сатып алуу | 7 959,6 |
223 | Коммуналдык кызматтар | 1 087,9 |
311 | Негизги фонддор | 11 989,8 |
| Бардыгы: | 19 747 104,6 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети - Чыгашалар (функциялык классификация боюнча)
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы (функциялары боюнча) | 2021-жыл |
36 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү | 19747104,6 |
7071 | Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратура | 348859,9 |
70711 | Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратура | 348859,9 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 348859,9 |
| а.и. Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо | 55000,0 |
| а.и. милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо | 293859,9 |
7072 | Амбулаториялык кызмат көрсөтүүлөр | 10229577,5 |
70721 | Жалпы профилдеги медициналык кызмат көрсөтүүлөр | 8883495,4 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 8883495,4 |
70722 | Адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөр | 1138149,7 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 1138149,7 |
70723 | Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр | 207932,4 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 207932,4 |
7073 | Ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 8115981,1 |
70731 | Жалпы профилдеги ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 4541866,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 4541866,3 |
70732 | Адистештирилген ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү | 2361313,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 2361313,8 |
70733 | Медициналык борборлордун, гинекологиялык ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 347610,8 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 347610,8 |
70735 | Балдарды дарылоо боюнча медициналык ооруканалардын жана борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү | 865190,2 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 865190,2 |
7074 | Саламаттык сактоо жаатында кызмат көрсөтүүлөр | 176079,7 |
70741 | Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциялары | 176079,7 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 176079,7 |
7075 | Саламаттык сактоо жаатындагы илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар | 173921,2 |
70751 | Саламаттык сактоо жагында илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар | 173921,2 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 173921,2 |
7076 | Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери | 702685,2 |
70761 | Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери | 702685,2 |
211 | Эмгек акы | 84434,8 |
212 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 13253,3 |
221 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу | 583959,8 |
222 | Товарларды жана кызматтарды сатып алуу | 7959,6 |
223 | Коммуналдык кызматтар | 1087,9 |
311 | Негизги фонддор | 11989,8 |
| Бардыгы: | 19747104,6 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-2023-жылдарга программалык негиздеги БЮДЖЕТИ
(КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(миң сом менен)
ПP коду | ЧАРА коду | ДЕ М коду | Бюджеттик программалар/Бюджеттик чаралар | Каржылоо (программалар/чаралар боюнча) | ||
2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл | ||||
001 |
|
| 1-программа. Пландоо, башкаруу жана тескөө Программанын максаттары: Бирдиктүү төлөөчү катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун (мындан ары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) институционалдык жактан күчтөндүрүү. Башка программаларды ишке ашырууга координациялык жана уюштуруучулук таасир этүү | |||
001 | 01 | 0 | Жалпы жетекчиликти камсыз кылуу | 2751,9 | 2751,9 | 2751,9 |
001 | 02 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин пландоону, бекитүүнү жана аткарууну камсыз кылуу | 6695,6 | 6695,6 | 6695,6 |
001 | 03 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту камсыз кылуу | 1780,3 | 1780,3 | 1780,3 |
001 | 04 | 0 | Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын баалоону камсыз кылуу | 3070,8 | 3070,8 | 3070,8 |
001 | 05 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин натыйжалуу жана сарамжал пайдалануу боюнча чаралардын комплексин кабыл алууну камсыз кылуу | 3443,3 | 3443,3 | 3443,3 |
001 | 06 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан ишке ашырылуучу программалардын алкагында медициналык кызматтарды алуудагы укуктары тууралуу калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти камсыз кылуу | 3554,4 | 3554,4 | 3554,4 |
001 | 07 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат тутумдарын жана маалымат базаларын коштоп жүрүүнү камсыз кылуу | 2545,3 | 2545,3 | 2545,3 |
001 | 08 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат тутумдарын жана маалымат базаларын өнүктүрүү | 18199,3 | 26000,0 | 31000,0 |
001 | 09 | 0 | Камсыздоо кызматынын ишин камсыз кылуу | 22675,9 | 36935,0 | 36935,0 |
001 | 10 | 0 | Региондук деңгээлдеги жалпы координациялоо | 80208,8 | 89223,4 | 89223,4 |
|
|
| 1-программа боюнча жыйынтыктар | 144925,6 | 176000,0 | 181000,0 |
002 |
| 0 | 2-программа. Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын көрсөтүү Программанын максаттары: баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде ооруну эрте аныктоо, ооруларды диагностикалоо, медициналык жана профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу | |||
002 | 01 | 0 | Республиканын калкына шашылыш (тез) медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 524781,0 | 447802,4 | 447802,4 |
002 | 02 | 0 | Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде республиканын калкына базалык медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 4341458,5 | 4242152,0 | 4291769,0 |
002 | 03 | 0 | Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктердин программасы) алкагында калкка стоматологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 300424,4 | 283417,5 | 283417,5 |
002 | 04 | 0 | Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматынын уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кургак учук менен күрөшүү боюнча медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 36538,2 | 33096,0 | 33096,0 |
002 | 05 | 0 | Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетип камсыздоого республика калкынын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу (терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулууларга; параноялык шизофрения жана өнөкөт жөөлүгөн оорулууларга; ар түрдүү генездеги аффективдүү бузулуулар менен ооругандарга; талма менен ооругандарга; бронхиалдык астма менен ооругандарга) | 55000,0 | 55000,0 | 55000,0 |
002 | 06 | 0 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармек менен жеңилдетип камсыздоонун республиканын камсыздандырылган калкына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу | 293859,9 | 398557,8 | 450091,5 |
002 | 07 | 0 | Калкка Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн тышкары акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү | 157239,3 | 42477,4 | 42477,4 |
002 | 08 | 0 | Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык эмес жана башка кызматтарды көрсөтүү | 280394,4 | 122418,2 | 122418,2 |
002 | 09 | 0 | Калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна иш сапатынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн стимул берүү жолу менен жакшыртуу |
| 30430,8 | 31536,6 |
|
|
| 2-программа боюнча жыйынтык | 5989695,7 | 5655352,1 | 5757608,6 |
003 |
| 0 | 3-программа. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан стационардык деңгээлде кызмат көрсөтүү Программанын максаттары: Мамлекеттик кепилдиктер программасынын aлкагында стационардык деңгээлде кепилденген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу | |||
003 | 01 | 0 | Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык жардамдын деңгээлинде республиканын калкына медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 9323426,0 | 6570250,8 | 6647097,7 |
003 | 02 | 0 | Стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кургак учукка каршы күрөшүү боюнча медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 745173,2 | 647299,4 | 647299,4 |
003 | 03 | 0 | Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 388445,1 | 230680,3 | 230680,3 |
003 | 04 | 0 | Адистештирилген кардиохирургиялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 69538,8 | 51929,9 | 51929,9 |
003 | 05 | 0 | Адистештирилген психиатриялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 311206,1 | 274574,2 | 274574,2 |
003 | 06 | 0 | Калкка Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн тышкары акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү | 404116,9 | 223961,4 | 223961,4 |
003 | 07 | 0 | Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык эмес жана башка кызматтарды көрсөтүү | 369898,3 | 229257,4 | 229257,4 |
003 | 08 | 0 | Калкка стационардык медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын уюмдун иш сапатынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн стимул жолу менен жакшыртуу |
| 30430,9 | 31536,7 |
|
|
| 3-программа боюнча жыйынтык | 11611804,4 | 8258384,3 | 8336337,0 |
004 |
| 0 | 4-программа. Калкка Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн тышкары көрсөтүлүүчү медициналык жана башка кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу Программанын максаттары: менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кеңири спектрдеги кызмат көрсөтүүлөр аркылуу жарандардын канааттануу деңгээлин жогорулатуу | |||
004 | 01 | 0 | Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк кемтиги терминалдык стадиясы менен ооруган өтө муктаж бейтаптарга жеңилдетилген шартта гемодиализ менен дарылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 1171089,6 | 757700,0 | 757700,0 |
004 | 02 | 0 | Саламаттык сактоо уюмдарынын каржылык туруктуулугун жана талаптагыдай иштөөсүн камсыз кылуу (камсыздандыруу запасын түзүү) | 228506,6 | 235600,3 | 251034,4 |
004 | 03 | 0 | Саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу | 24899,0 | 25000,0 | 25000,0 |
004 | 04 | 0 | Онкологиялык кызматты колдоого алуу | 316818,9 |
|
|
004 | 05 | 0 | "Ден соолук кербени" долбоору боюнча иш-чаралар | 4067,5 |
|
|
004 | 06 | 0 | Натыйжага багытталган Программанын (НБП) иш-чаралары |
| 42000,0 | 42000,0 |
004 | 07 | 0 | Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоору боюнча иш-чаралар | 160826,7 |
|
|
004 | 08 | 0 | Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча иш-чаралар | 88478,0 |
|
|
004 | 09 | 0 | ММК Фондунун башка кирешелери | 5992,6 |
|
|
|
|
| 4-программа боюнча жыйынтык | 2000678,9 | 1060300,3 | 1075734,4 |
|
|
| БАРДЫГЫ: | 19747104,6 | 15150036,7 | 15350680,1 |
ПР коду - программанын коду
ME коду - чара коду
|
| "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 7-тиркеме |
2021-жылга Бирдиктүү төлөөчү тутумунун саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча эсептөөлөр үчүн пайдаланылуучу БАЗАЛЫК ЧЕНЕМДЕР
(миң сом менен)
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2021-жыл |
1 | Стационарлар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн базалык ставкасы | 5176,74 |
| Камсыздандырылган жарандар үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициент | 1,4957 |
| Кыска мөөнөттүү бөлүмдөрдө боюнда бар аялдардын болуусу үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициент | 0,3000 |
2 | Кургак учукка каршы саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн базалык ставкасы | 40180,92 |
| Камсыздандырылган жарандар үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициенттер | 1,0639 |
3 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жана облустук кургак учукка каршы борборлору үчүн координациялоо функциясын каржылоонун жан башына карата ченеми | 1,60 |
4 | Адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн базалык ставкасы: |
|
| - онкологиялык кызмат | 8777,30 |
| - гематологиялык кызмат | 16818,49 |
| - кардиохирургиялык кызмат | 100000,00 |
| - психиатриялык кызмат | 21832,42 |
5 | Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун жан башына карата ченеми | 172,94 |
| Камсыздандырылган жарандар үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун жан башына карата ченемине түзөтүүчү коэффициенттер | 2,1564 |
6 | Үй-бүлөлүк медицина борборлорун каржылоонун жан башына карата ченеми | 161,90 |
7 | Стоматологиялык бейтапканаларды каржылоонун жан башына карата ченеми | 137,16 |
8 | Медициналык тез жардамдын 1 линиялык бригадасын каржылоонун ченеми | 563916,27 |
9 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылууга жан башына карата ченеми | 81,50 |
10 | "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемеси үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча камсыздандырылган жарандарга каржылоонун жан башына карата ченеми | 200,00 |
11 | Камсыздандырылган жарандар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча иштеген стационарлардын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөнүн базалык ставкасы | 2566,00 |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча ден соолугу чың ымыркайларга көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнүн базалык ставкасына түзөтүүчү коэффициент | 0,3000 |
12 | Бишкек шаарынын катталып жазылган калкына Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жан башына карата ченеми | 23,90 |
13 | Менчигинин түрүнө карабастан гемодиализ кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн гемодиализдин 1 сеансынын ордун толтурууга төлөмдүн ченеми | 4700,00 |
14 | Амбулаториялык деңгээлде төмөнкү ооруларды ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмү: |
|
| - дарыга сезгич кургак учук | 12000,00 |
| - дарыга туруктуу кургак учук | 24000,00 |
15 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборуна жана облустук кургак учукка каршы борборлоруна биоматериалдарды транспорттоону каржылоонун ченеми | 500000,00 |
16 | Амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуулардын учурларын башкаруу үчүн төлөмдүн өлчөмү: |
|
| - 6 ай байкоо мөөнөтү менен | 6000,00 |
| - 12 ай байкоо мөөнөтү менен | 12000,00 |