Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-марты № 29
Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) гауптвахта - бул жазык мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, ошондой эле аларга карата сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган же жасаган жоруктары үчүн сот тарабынан камакка алууга соттолгон аскер кызматчыларын жазык-аткаруу мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган бөлөк кармоо шартында кармоо үчүн атайын жабдылган орун жай;";
2) 43-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жана Акыйкатчы (Омбудсмен)" деген сөздөр ", Акыйкатчы (Омбудсмен) жана анын орун басарлары, ошондой эле Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Түзөтүү мекемелерине кино-, фото- жана видеоаппаратураларын алып өтүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен), ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын пайдалануусу атайын уруксатсыз жүзөгө ашырылат.";
3) 72-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу же өзгөртүү кызматтык иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө корутундунун, прокуратура органдарынын сунуштамасынын, же болбосо соттун тийиштүү чечиминин негизинде жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.";
4) 79-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) ушул Кодекстин 124-беренесинин 7-бөлүгүнө, 126-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык террорчулук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор";
5) 80-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Атайын комиссия түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүүдөн баш тарткан учурда, арыз түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып үч ай өткөндөн эрте эмес мөөнөттө кайра жиберилиши мүмкүн.";
6) 90-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан соттолгондорго аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга уруксат берилет.
Түзөтүү абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан, тартиптик жазасы бар соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталган тартипте чектелет.";
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 119-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) алкоголду, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун колдонуу, медициналык күбөлөндүрүү жолу менен белгиленгенде;";
8) 124-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кармоонун адаттагы жана жеңилдетилген шарттарына которуусуз, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында катуу шарттарда уюшкан криминалдык топтордун активдүү мүчөлөрү жаза өтөшөт.
Катуу шарттарда террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор кармалышат.";
9) 125-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 126-берененин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунда "уюшулган топтун же кылмыштуу уюмдун курамындагы" деген сөздөр алып салынсын;
11) 127-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 128-берененин 2-бөлүгүндө "камераларда кармалышат" деген сөздөр "жеңилдетилген шарттарда жаза өтөп жаткан, жатаканаларда кармалышкан соттолгондордон тышкары, камераларда кармалышат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 142-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аскер кызматчысы жазасын өтөгөндөн кийин жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда ал жактан тартиптик аскер бөлүгүнө жөнөтүлгөн аскер бөлүгүнө андан ары жашаган жери боюнча аскер комиссариатына жиберүү үчүн жөнөтүлөт.";
14) 166-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 1-пунктунда "соттолгонду пробация органдарында эсепке алууга койгон" деген сөздөр "соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункту "сот тарабынан жүктөлгөн" деген сөздөрдөн кийин "көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунда "административдик-аймактык бирдиктин чегинен" деген сөздөр "өлкөнүн жана (же) административдик-аймактык бирдиктин чегинен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
"Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 94-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 32-беренеде:
а) 1-бөлүгү "администрациялар" деген сөздөн кийин ", республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын мэриялары" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү "администрациялардын" деген сөздөн кийин ", республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын мэрияларынын" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 21-22 (3200-3201) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2021-жылдын 27-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |