Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-марты № 30
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-главанын эскертүүсүнүн 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кодекстин 217-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы жана тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары карай турган бузууларды кошпогондо, 217-217-5-беренелерде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.";
2) 217-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "билинген" деген сөздөн кийин ", кылмыштын, же болбосо жоруктун белгилерин камтыбаган" деген сөздөр менен толукталсын;
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 217-1 - 217-5-беренелер менен толукталсын:
"217-1-берене. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
217-2-берене. Мурда колдонулган тиешелүү идентификация каражаттарын кайталап пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып кирүү, ошого тете тиешелүү идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга жатуучу товарларды аларга идентификациялоо каражаттарын баспастан сактоо жана сатып өткөрүү
Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын кайталап пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып кирүү, ошого тете тиешелүү идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды аларга идентификациялоо каражаттарын баспастан сактоо жана сатып өткөрүү -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
217-3-берене. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз өндүрүү, импорттоо жана сатып өткөрүү
Жыйырма беш бирдиктен ашпаган өлчөмдө алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз өндүрүү, импорттоо жана сатып өткөрүү, эгерде мындай бузуу кылмыштын, же болбосо жоруктун белгилерин камтыбаса, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
217-4-берене. Сигареттерди минималдык чекене баадан төмөн баада сатып өткөрүү
Сигареттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдык чекене баадан төмөн баада сатып өткөрүү -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
217-5-берене. Мунай заттарын сатып өткөрүү тартибин бузуу
Кыргыз Республикасында мунай заттарын сатып өткөрүүнүн тартибин бузуу -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
4) 222-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"222-берене. Бирдиктүү салык декларациясын бербөө жана салыкты төлөбөө
Бирдиктүү салык декларациясын бербөө, ошого тете бирдиктүү салык декларациясын анык эмес, толук эмес же бурмаланган маалыматтар менен берүү же салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөө -
эскертүүгө же болбосо 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул берененин колдонулушу "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык декларация тапшырууга милдеттүү жактарга жайылтылбайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 21-22 (3200-3201) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2021-жылдын 27-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |