Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 17-марты № 35
Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында аквакультура, суу биоресурстарын, алардын жашоо чөйрөсүн пайдалануу, өндүрүп чыгаруу, коргоо жана балык уулоо жагындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулуусу жеке менчикте турган обочолонгон суу объекттериндеги (жасалма көлмөлөрдөгү, суу толгон карьерлердеги жана башка жасалма суу көлмөлөрдөгү) аквакультура жана балык уулоо объекттерин өндүрүүгө карата жайылтылбайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) аквакультура (балык өстүрүүчүлүк) - аквакультура объекттерин жасалма көбөйтүү, карап-күтүү жана өстүрүү боюнча ишмердик;
2) акклиматизация - суу объекттерине суу биоресурстарын байырлатуу жана бул түрлөр мурда жашабаган же өзүнүн өндүрмөлүк маанисин жоготкон суу көлмөлөрдө алардын туруктуу популяцияларын түзүү боюнча ишмердик;
3) суу биологиялык ресурстар (мындан ары - суу биоресурстары) - табигый жана жасалма суу көлмөлөрдө табигый эркин абалда турган балыктар, омурткасыз суу жандыктары жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү;
4) балык чарбалык маанидеги суу объекттери - балык чарбасын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу же пайдаланыла турган табигый суу көлмөлөр жана суу сактагычтар, көлмөлөр жана дарыялар, ошондой эле алардын айрым участоктору (акваториялары);
5) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу - балык чарбалык суу көлмөлөрдө балык запастарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында, жашоого жарамдуу стадияга чейин өстүрүлгөн жаш балык чабактарын кийин табигый жана жасалма суу көлмөлөргө коё берүү менен жаш балык чабактарын чыгаруу жана өстүрүү боюнча ишмердик;
6) квоталар - балык кармап алуу лимитинин бир бөлүгү, суу көлмөлөрдүн бекитилип берилген участокторунда жана балык уулоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө балыктын өндүрмөлүк түрүн уулоонун ар бир өзүнчө балык өндүрмөлүк субъект үчүн белгиленген көлөмдөрү;
7) лимит - балык уулоо үчүн аныкталган мөөнөттөрдө балык уулоо объекттерин кармап алуунун алардын түрлөрү жана балык чарбалык суу көлмөлөр боюнча жол берилүүчү, балык запастарынын туруктуу жашоосун жана өндүрүп чыгарылуусун камсыз кылуучу жалпы көлөмдөрү;
8) илимий мекеме - суу биоресурстарын балык чарбалык жактан изилдөөлөргө адистешкен илимий профилдик уюм;
9) суу биоресурстарын кармап алуунун жалпы жол берилген көлөмү - балык чарбалык суу көлмөлөрдө же балык уулоо участокторунда суу биоресурстарынын конкреттүү түрлөрүн бир жылда кармап алуунун (уулоонун) илимий негизделген чоңдугу;
10) аквакультура объекттери - көбөйтүү, карап-багуу же өстүрүү объекттери болуп саналган балыктар жапа башка суу биоресурстары;
11) көлдөгү-товардык балык өстүрүүчү чарбалары - суу көлмөлөрдө чарбалык жактан баалуулугу аз (керексиз) балыктарды кармоонун, аларда балыктардын өндүрмөлүк баалуу түрлөрүн байыр алдыруунун, өстүрүүнүн жана андан соң кармоонун эсебинен ихтиофаунаны толук же жарым-жартылай алмаштыруу жолу менен суу көлмөлөрдү балык чарбачылык пайдаланууну жакшыртуу жагында алектенген балык чарбалары;
12) балыктардын жашоо чөйрөсүн коргоо - балык ресурстарынын туруктуу жашоо жана өндүрүп чыгарылуу шарттарын сактоого жана калыбына келтирүүгө багытталган ишмердик;
13) балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу чөйрөсүндөгү өндүрүштүк контролдоо - пайдалануучуларга бекитип берилген балык чарбачылык суу көлмөлөрдө же алардын участокторунда балык запастарын жана товардык балыкты коргоо функцияларын жүзөгө ашыруучу, балык чарба субъекттеринин егердик кызматынын ишмердиги;
14) жасалма көлмөдө балык өстүрүү - товардык балык продукциясын өндүрүү максатында, адам контролдогон шарттарда жасалма көлмөлөрдө жана суу толгон карьерлерде балыкты көбөйтүү жана өстүрүү боюнча айыл чарбалык ишмердиктин түрү;
15) балык өстүрүү продукциясы - андан ары өстүрүү жана товардык балыкты алуу максатында суу көлмөлөргө коё берүүгө арналган, белгилүү жаш курактык категориядагы балык (личинкалар, жаңы чабактар, жаш балыктар, бир жылдыктар, эки жылдыктар д.у.с.);
16) балык уулоочу жерлер - суу көлмөлөрдүн жана дарыялардын балыктын көбөйүшү, семириши, кыштоосу, миграциясы жана урук чачышы үчүн жагымдуу шарттары бар суу участоктору жана жайылмалары;
17) балык уулоо участоктору - балык чарбалык суу көлмөлөрдүн же дарыялардын өндүрмөлүк балык уулоону жүзөгө ашыруу, ошондой эле, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу үчүн белгилүү бир чектерде түзүлүүчү өзүнчө участоктору;
18) балык тукумун көбөйтүүчү материал - балык чарбалык суу көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында суу көлмөлөргө жана балык уулоо участокторуна коё берилүүчү жаш балык чабактары;
19) көлмөнүн же анын участогунун балык өндүрүмдүүлүгү - бир вегетациялык мезгилде суу аянтынын бир гектарынан балык массасынын кг/га менен эсептелүүчү өсүмү;
20) балык көбөйтүү - балык чарбалык көлмөлөрдө балыктандыруу үчүн балыктын баалуу түрлөрүнүн икраларын инкубациялоо жана жаш балык чабактарын өстүрүү;
21) балык чарбалык ишмердик - балык өстүрүүгө, балык уулоого, балык ресурстарын өндүрүп чыгарууга жана иликтөөгө байланышкан ишмердик;
22) суу объекттерин балык чарбалык мелиорациялоо - балык чарбалык маанидеги суу көлмөлөрдө гидрологиялык, гидрохимиялык жана экологиялык режимдерди жакшыртуу боюнча балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык жумуштардын комплекси;
23) балык чарбалык түзүлүш - балык чарбалык суу көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун бекитип бергенден кийин, көлмөлөрдү пайдалануучу балык чарбасын жүргүзүү планына ылайык жүргүзүлө турган балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык, балык коргоо жана өндүрүп чыгаруу иш-чараларынын комплексин жүзөгө ашыруу, суу биоресурстарынын өндүрмөлүк запастарын жайгаштыруу, илимий иликтөөнү уюштуруу жана алар жөнүндө маалыматтарды тактоо;
24) балык чарбалык илимий изилдөөлөр - суу көлмөлөрдү жана балыктардын түрдүк курамын, аларды бөлүштүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн, балыктын өзүнчө популяциясынын биологиясын жана сандык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнүн шарттарын жана балык запастарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирбестен аларды кармоо мүмкүнчүлүгүн баалоону комплекстүү иликтөө;
25) балык чарбалык көлмө - балык чарбасын жүргүзүү үчүн колдонулуп жаткан же колдонула турган же балык запастарын өндүрүп чыгаруу үчүн мааниси бар суу объекти;
26) садоктук балык өстүрүү чарбасы - балык тукумун көбөйтүүчү материалды жана товардык балык продукциясын садоктордо өстүрүүгө адистешкен чарба;
27) садоктук балык өстүрүү - атайын жабдылган же табигый же болбосо жасалма курулган көлмөлөрдө же садоктук курулмаларда балык өстүрүү;
28) садок - балыкты багуу жана өстүрүү үчүн түзүлүш, жасалма курулма;
29) балык чарба субъекттери - белгиленген тартипте пайдалануу үчүн берилген суу көлмөлөрдө же балык уулоо участокторунда балык өстүрүү, балык уулоо жана балык запастарын өндүрүп чыгаруу жаатында балык чарба ишмердигин жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар, анык ичинде коомдук бирикмелер;
30) товардык балык өстүрүү - товардык продукцияны алуу максатында балыктын байырлантылган түрлөрүн, башка суу биоресурстарын көбөйтүү жана өстүрүү боюнча ишмердик.
3-берене. Аквакультура, балык уулоо жана суу биоресурстарын коргоо жөнүндө мыйзамдар
Аквакультура, суу биоресурстарын пайдалануу, өндүрүп чыгаруу жана коргоо, алардын жашоо чөйрөсү жана балык уулоо жагындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.
4-берене. Негизги принциптер
1. Аквакультура, суу биоресурстарын пайдалануу, өндүрүп чыгаруу жана коргоо, алардын жашоо чөйрөсү жана балык уулоо жагындагы жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) экологиялык, экономикалык, социалдык, илимий жана башка кызыкчылыктарды оптималдуу айкалыштыруунун негизинде балык чарбасын жүргүзүү;
2) суу биоресурстарын коргоону, өндүрүп чыгарууну жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу;
3) балык чарбалык көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдаланууга акы төлөө;
4) жыл сайын туруктуу олжо алуу жана суу биоресурстарынын табигый өндүрүп чыгарылуу шарттарын сактоо максатында суу биоресурстарын илимий-негиздүү жана сарамжалдуу пайдалануу;
5) аквакультура, суу биоресурстарын пайдалануу, өндүрүп чыгаруу жана коргоо, алардын жашоо чөйрөсүн коргоо, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону өнүктүрүү чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүдө жарандык коомдун катышуусу;
6) балык чарба субъекттеринин алар пайдаланып жаткан суу биоресурстарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышуусу;
7) балык чарбасын жүргүзүүдө айкындуулук жана коомдук уюмдар, калк менен байланыш;
8) садоктук балык чарбаларын пландаштырууда жана түзүүдө балык чарбалык маанидеги суу объекттеринин акваторияларынын жана аларга жанашкан аймактардын табигый жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу;
9) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде суу биоресурстарынын запастарын көбөйтүү жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, балыктардын баалуу жана эндемикалык түрлөрүн өндүрүп чыгаруу;
10) аквакультура максаттарында пайдаланылуучу балык чарбалык суу көлмөлөрдүн сапатын жана балык өндүрүмдүүлүгүн сактоо жана кармап туруу;
11) бериле турган суу көлмөлөрдү аквакультура жана балык уулоо максаттарында узак мөөнөттүү жана натыйжалуу пайдалануу.
2. Аквакультура, суу биоресурстарын пайдалануу, коргоо жана өндүрүп чыгаруу чөйрөсүндөгү ишмердик төмөнкүдөй талаптарды сактоону камсыз кылууга тийиш:
1) аквакультураны биологиялык жактан негиздүү жана туруктуу өнүктүрүү;
2) аквакультура чөйрөсүндөгү чарбалык же башка ишмердиктен улам болуучу антропогендик булганууга бөгөт коюу;
3) аквакультураны өндүрүүнү айлана-чөйрөгө залал келтирүүгө, суу объекттеринде балык запастарынын, алардын сандык жана сапаттык курамынын кыскарышына жол бербей турган ыкмалар менен жүргүзүү;
4) аквакультураны жүргүзүүгө байланышкан суу экосистемаларында жагымсыз өзгөрүүлөргө бөгөт коюу;
5) бекитип берилген суу көлмөлөрдү, балык уулоо участокторун жана балык ресурстарын күзөттөөнү суу көлмөлөрдү пайдалануучулар тарабынан егердик кызматты түзүү жана кармап-күтүү жолу менен камсыз кылуу;
6) балыктын садоктон көлмөгө өтүп кетишине бөгөт коюу, ошондой эле аларды иштетүүдө авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча ар жылдык иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
7) садок курулмалары орнотулган жерлерде, ошондой эле аквакультура объекттери каралып-күтүлүүчү, өстүрүлүүчү жана тоюттандырылуучу жерлерде балык өстүрүү участокторун талаптагыдай санитардык абалда кармоо;
8) балык чарбалык ишмердикти жүзөгө ашырууда суу көлмөлөрдүн ихтиофаунасына жана анын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу;
9) калктын балык продукциясына жана балык уулоону жүзөгө ашырууга керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн суу биоресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
10) өндүрүлгөн жана сатылган товардык балыктын көлөмдөрү, көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында өстүрүлгөн жана балык чарба көлмөлөрүнө коё берилген балык чабактарынын көлөмдөрү жөнүндө мамлекеттик статистикалык отчетту балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берип туруу,
11) аквакультура объекттерин өндүрүүнү суу ресурстарына, алардын жашоо чөйрөсүнө жана адамдын ден соолугуна зыян келтирбей турган ыкмалар менен жүзөгө ашыруу.
5-берене. Балык чарба көлмөлөрдүн, балык чарба субъекттеринин, аквакультура, балык уулоо объекттеринин жана балык өстүрүүчүлүк продукциянын эсебин алуу
1. Мамлекеттик эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик балык чарбалык реестрди жүргүзөт. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
2. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) балык чарба субъекттери жөнүндө;
2) аквакультура, балык көбөйтүү же балык уулоо максатында пайдаланылуучу балык чарба көлмөлөр жөнүндө;
3) кармалган, өстүрүлгөн товардык балыктын жана балык өстүрүү продукциясынын саны жөнүндө;
4) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген же анын чегинен сырткары алып кетилген товардык балыктар жана балык өстүрүү продукциясы жөнүндө.
3. Реестр балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү жайгаштырылууга жатат жана ал ачык жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.
4. Менчигинин формасына карабастан балык чарба субъекттери эсепке алууну жүргүзүүгө жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө милдеттүү:
1) өстүрүлгөн, кармалган жана сатылган товардык балыктын жана балык өстүрүү продукциясынын көлөмдөрү жөнүндө;
2) суу көлмөлөрдү балыктандыруу максатында аларга коё берилген жаш балык чабактарынын көлөмдөрү жөнүндө.
2-глава. Көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдалануу үчүн берүү
6-берене. Көлмөлөрдү жана алардын участокторун пайдалануу үчүн берүү
1. Балык чарбалык көлмөлөр же алардын участоктору балык чарбалык иштерди жүргүзүү максатында пайдаланууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча берилет.
2. Аквакультураны жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарбалык көлмөлөрдү берүүнүн тартиби жана шарттары, пайдалангандык үчүн төлөмдүн өлчөмү, ошондой эле пайдалануу укугун токтотуунун негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Балык чарбалык көлмөлөр же алардын айрым участоктору аквакультура максаттары үчүн конкурстун негизинде 25 жылга чейинки мөөнөткө пайдаланууга берилет.
4. Балык чарбалык көлмөнү же анын участогун пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же ыйгарууга жол берилбейт.
5. Балык чарбалык көлмөнү же анын участогун пайдалануу укугу күрөөнүн объекти болуп санала албайт.
6. Балык чарбалык өздөштүрүү жана балык өстүрүүчүлүк, балык көбөйтүүчүлүк жана балык уулоочулук максаттарда пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Балык чарбалык ишмердиктин объекттери. Аквакультура объекттерине менчик
7-берене. Мамлекеттик балык чарбалык фонд
1. Мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөр алардын балык запастары менен бирге Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик балык чарбалык фондун түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык фондун пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
8-берене. Балык чарбалык көлмөлөр
1. Мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөргө табигый жана жасалма суу көлмөлөр (көлдөр, суу сактагычтар, дарыялар жана алардын участоктору) кирет, алар:
1) балык чарбалык ишмердикти жүргүзүү үчүн пайдаланылат же пайдаланылышы мүмкүн;
2) балык запастарын өндүрүп чыгаруу үчүн мааниге ээ болот.
2. Мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөргө Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрү жана Токтогул, Базар-Коргон, Киров, Орто-Токой суу сактагычтары кирет.
3. Ысык-Көл мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмө болуп саналат, "Ысык-Көл" биосфералык аймагы коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими бар айрым зоналарга (ядро зонасы, буфердик зона, өткөөл зона, санация зонасы) зоналаштырылган:
1) ядро зонасында төмөнкүлөргө уруксат берилет:
а) Ысык-Көлдүн ихтиофаунасын изилдөө жана суу биоресурстарынын абалына жана жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу факторлорду изилдөө боюнча илимий-изилдөө ишмердигине;
б) балыктын эндемикалык жана жоголуп бараткан түрлөрүнүн популяцияларын калыбына келтирүү үчүн жаратылыштык жана антропогендик факторлордун таасири астында балыктын эндемикалык, сейрек жана жоголуп бараткан түрлөрүнүн биологиялык абалына, санына жана жашоо чөйрөсүнүн абалына ар жыл сайын баа берүү жана алардагы өзгөрүүлөрдү болжолдоо, алар таралган ареалдарды жана өндүрүп чыгарылуу шарттарын айкындоо максатында ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүгө;
в) балык запастарын коргоо боюнча жумуш жасоого;
2) буфердик зонада ядронун экосистемаларынын абалына терс таасир кылбай турган ишмердикке жол берилет, анын ичинде:
а) суу биоресурстарын илимий изилдөөлөргө;
б) балыкты өндүрмөлүк кармоого;
в) рекреациялык ишмердик үчүн суу биоресурстарын пайдаланууга;
г) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого, балык уулоо туризмин өнүктүрүүгө;
3) өткөөл зонада жана санация зонасында балык өстүрүүчүлүккө (аквакультурага), балык запастарын жасалма өндүрүп чыгарууга.
9-берене. Балык чарбалык көлмөлөрдүн курамы
Балык чарбалык көлмөлөрдүн курамында төмөнкүлөр бөлүнүп турат:
1) балык чарбалык ишмердик үчүн пайдаланууга берилген балык чарбалык көлмөлөрү жана алардын участоктору;
2) балык чарбалык ишмердик чектелген же болбосо тыюу салынган балык чарбалык көлмөлөр;
3) балык чарбалык көлмөлөрдүн жана алардын участокторунун резервдик фонддору.
10-берене. Аквакультура объекттерине жана башка суу биоресурстарына карата менчик укугу
1. Аквакультура объекттери мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турушу мүмкүн.
2. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан көбөйтүлүүчү, каралып-багылуучу жана/же өстүрүлүүчү аквакультура объекттери мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналат.
3. Балыктардын эндемикалык түрлөрүнүн популяциясын калыбына келтирүү үчүн жасалма өндүрүп чыгаруунун натыйжасында балык чарбалык көлмөлөргө коё берилген аквакультура объекттери мамлекеттик менчик болуп саналат.
4-глава. Аквакультура жаатындагы ишмердикти уюштуруу
11-берене. Аквакультураны уюштуруу
1. Аквакультура жасалма көлмөлөрдө, көлдөрдө, суу сактагычтарда, атайын садоктук курулмаларда жана балык өстүрүлүүчү бассейндерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Аквакультура үчүн балык чарбалык ишмердикке жарактуу болгон, обочолонгон балык чарбалык көлмөлөр пайдаланылат.
3. Коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими бар көлмөлөрдө илимий-биологиялык негиздеме жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо гана аквакультурага жол берилет.
12-берене. Аквакультуранын багыты жана түрлөрү
1. Аквакультура ишмердиктин багыттары боюнча төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) аквакультура объекттерин алуу жана аларды андан ары сатуу;
2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана суу биоресурстарын өстүрүү;
3) рекреациялык кызматтарды көрсөтүү.
2. Уюштуруучулук-технологиялык көрсөткүчтөр боюнча аквакультура интенсивдүү, жарым интенсивдүү жана экстенсивдүү формаларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Товардык аквакультураны алуунун негизги багыттары болуп жайыттык, жасалма көлмөлүк, индустриялык жана рекреациялык аквакультура саналышы мүмкүн.
4. Жайыттык аквакультура балык чарбалык маанидеги, аквакультура объекттери табигый эркин абалда жашаган суу объекттеринде жүзөгө ашырылат.
5. Балык чарбалык көлмөлөргө жаш балык чабактарын коё берүү жана кийин аларды кармоо ушул көлмөнүн чектеринде жүзөгө ашырылат.
6. Жайыттык аквакультураны жүзөгө ашырууда көлмөгө жаш балык чабактарынын коё берилишине ырастама жана көлмөдөн суу биоресурстарын алууга негиздеме болуп балык чабактарын көлмөгө коё берүү актысы саналат.
7. Балык чабактарын көлмөгө коё берүү актысына балык чарба субъектинин, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана көлмөгө балык чабактарын коё берүүгө катышкан башка адамдар кол коёт.
8. Коё берүү актысында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) балык чабактарын көлмөгө коё берүүнүн датасы жана орду;
2) көлмөгө коё берилген жаш балык чабактарынын түрдүк курамы жөнүндө маалыматтар;
3) көлмөгө коё берилген жаш балык чабактарынын саны.
9. Жасалма көлмөлүк аквакультураны жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөр пайдаланылат:
1) балык чарбалык көлмөлөр;
2) негизги суу объекттеринен жасалма бөлүнгөн, алардын нугунда турган, устун менен тосулган жана дамбаланган балык өстүрүүчү жасалма көлмөлөр;
3) балык өстүрүүчү чарбалардын шарттарындагы суу толгон карьерлер (балык питомниктери, урук чачуу-өстүрүү, товардык, толук системалуу чарбалар).
10. Жасалма көлмө аквакультура төмөнкүлөрдө аквакультура объекттерин көбөйтүүнү жана/же карап-багууну, өстүрүүнү карайт:
1) суу толгон карьерлерде жана жасалма көлмөлөрдө, анын ичинде суунун агымында суу тосуучу курулмалардан улам түзүлгөндөрүндө;
2) ирригациялык системаларды кошуп алганда мелиорациялык системалардын иштөө процессинде пайдаланылуучу суу объекттеринде.
11. Индустриялык аквакультура төмөнкүлөрдө жүзөгө ашырылат:
1) балык өстүрүүчү бассейндерде;
2) суу менен жабдуунун туюк системасы бар орнотмолордо;
3) аквакультура объекттерин өстүрүүгө арналган садоктор жана/же башка атайын техникалык каражаттар пайдаланылуучу балык өстүрүү участокторунда.
12. Балык чарбалык маанидеги суу объекттерине аквакультура объекттерин байырлатуу балык чарба субъекттери тарабынан өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
13. Рекреациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн балык чарба субъекттери алардын пайдалануусуна берилген балык чарбалык көлмөлөрдүн чектеринде орундарды аныктайт. Рекреациялык кызматтар акы төлөнүүчү же акысыз негизде берилиши мүмкүн.
13-берене. Балык өстүрүү инфраструктурасын түзүү жана иштетүү
1. Аквакультура максаттары үчүн суу фондунун жерлерин пайдалануунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык белгиленет.
2. Аквакультура максаттары үчүн имараттарды, курулуштарды, курулмаларды куруунун жана иштетүүнүн өзгөчөлүктөрү шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык аныкталат.
3. Кыргыз Республикасындагы көлмөлөрдө аквакультураны жүзөгө ашыруу үчүн орнотмолорду, курулмаларды, жасалма аралдарды түзүүнүн, иштетүүнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
14-берене. Балык өстүрүү участоктору
1. Балык өстүрүү участогу балык чарбалык маанидеги суу объектинин акваториясынан же анын бөлүгүнөн турат.
2. Балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде балык өстүрүү участогу жайыттык аквакультураны жана балык уулоону жүргүзүү үчүн түзүлөт. Жасалма көлмөлөрдө жана суу толгон карьерлерде балык өстүрүү участогу түзүлбөйт.
3. Балык чарбасынын муктаждыктары үчүн балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде балык өстүрүү участокторунун чектерин аныктоо жана бөлүп көрсөтүү балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
15-берене. Суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатындагы жумуштарды жүргүзүү
1. Суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатындагы жумуштарга төмөнкүлөр кирет:
1) суу биоресурстарын жасалма өндүрүп чыгаруу, аквакультура объекттерин байырлатуу жана акклиматизациялоо;
2) аквакультураны өндүрүү максатында суу объекттерин балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иш-чаралар;
3) балык өстүрүүчүлүк жаңы кубаттуулуктарды (балык өстүрүүчү жана балык көбөйтүүчү заводдор, балык питомниктери, урук чачтыруу-өстүрүү чарбалары, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык станциялар, урук чачуу үчүн жасалма жайлар) жана балык өтүүчү каналдарды куруу жана иштеп жаткандарын кеңейтүү.
2. Төмөнкүдөй убактарда суу биоресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү сактоо боюнча жумуштарды жүргүзүү:
1) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу капиталдык курулуш объекттерин курууда, реконструкциялоодо;
2) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу жаңы технологиялык процесстерди киргизүүдө;
3) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу башка ишмердикти жүзөгө ашырууда.
16-берене. Көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим
1. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көлмөлөрдү пайдаланууга берүү жөнүндө келишим боюнча жайыттык аквакультураны жана товардык балык өстүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун берет.
2. Көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдаланууга берүү жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) келишимдин тараптары жана предмети;
2) келишимдин колдонулуу мөөнөтү;
3) өстүрүлүүгө жатуучу аквакультура объекттеринин түрдүк курамы жөнүндө маалыматтар (аквакультура объекттеринин тизмеги);
4) аквакультура объекттерин багууга жана көбөйтүүгө, анын ичинде өстүрүүгө арналган техникалык каражаттар жөнүндө маалыматтар;
5) өстүрүлүүгө жатуучу аквакультура объекттеринин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнө карата талаптар;
6) көлмөнү балык чарбалык пайдалангандык үчүн акы, анын өлчөмүн, индексациясын, төлөм формасын, мөөнөттөрүн, аны төлөөнүн жана кайра кароонун тартибин, аны төлөбөгөндүк үчүн жоопкерчиликти көрсөтүү менен;
7) аквакультура объекттерин алып коюуну аныктоочу негиздер жана шарттар;
8) аквакультурада балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн төмөнкүлөрдү камтыган багыттары:
а) түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзүү;
б) балык чарбалык маанидеги суу объектинен суу өсүмдүктөрүн алып салуу;
в) аквакультура объекттери суу көлмөлөргө коё берилген жерлерде алардын жеп коюлуусун болтурбоо максатында балыктардын жырткыч, баасы төмөн жана керексиз түрлөрүн алып коюу;
г) пайдалануу үчүн берилген балык өстүрүү участокторунда аквакультураны жүзөгө ашырууда суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча талаптар.
3. Балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жана ыйгарып коюуга тыюу салынат.
4. Аквакультура үчүн балык өстүрүү участогун берүүнүн тартиби, шарттары, мөөнөттөрү жана төлөмдүн өлчөмү, ошондой эле пайдалануу укугун токтотуунун тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
17-берене. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик үйүрлөрү
1. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик, анын ичинде өндүргүч балыктардын үйүрлөрүн түзүү, карап-багуу, иштетүү, эсепке алуу балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен методикага ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик үйүрлөрүн карап-багуу жана иштетүү балык чарба субъекттеринин эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик үйүрлөрүн эсепке алуу үчүн реестр жүргүзүлөт. Аквакультура объекттеринин ондоо-энелик үйүрлөрүнүн реестрин жүргүзүү максатында менчигинде оңдоо-энелик үйүрлөр бар балык чарба субъекттери жыл сайын балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын болушу, түрдүк, жыныстык жана жаш курактык курамы жөнүндө маалыматтарды берет.
4. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик үйүрлөрүнүн реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
18-берене. Аквакультура объекттерине карата ветеринардык-санитардык талаптар
1. Аквакультура объекттерин өстүрүү үчүн курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана иштетүүдө ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары сакталууга тийиш.
2. Аквакультура объекттерине ээлик кылуучулар аквакультура объекттерин ветеринардык-санитардык талаптарга жана ченемдерге ылайык карап-багуунун жана тоюттандыруунун оптималдык шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.
3. Аквакультура объекттерин ташуу ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылышы керек.
4. Кыргыз Республикасынын аймагына аквакультура объекттерин алып келүү Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга, Эл аралык эпизоотикалык бюронун (ЭЭБ) документтерине жана ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Аквакультура объекттеринен алынуучу продукция калктын саламаттыгы үчүн коопсуздуктун санитариялык талаптарына туура келиши керек.
6. Аквакультура объекттерин оорулардан коргоочу вакциналарды жана башка каражаттарды колдонууга бул каражаттардын ченемдик-техникалык документтерге ылайык келиши жөнүндө ветеринариялык корутундунун негизинде жол берилет.
7. Ветеринариялык жана санитариялык-эпидемиологиялык контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) адам жана аквакультура объекттери үчүн жалпы оорулардын келип чыгуусуна, жайылуусуна жана жоюлушуна контролду;
2) аквакультура объекттери аркылуу адамга жугуучу оорулардын келип чыгуусуна, жайылуусуна жана жоюлушуна контролду.
8. Аквакультура объекттеринин ээлик кылуучулары жана өндүрүүчүлөрү аквакультура объекттеринин саламаттыгы, карап-багылуусу, коё берилүүсү жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
9. Аквакультура объекттеринин жана алардан алынуучу продукциялардын ээлик кылуучуларына жана өндүрүүчүлөрүнө аквакультура объекттеринин ооруларынын алдын алууну, ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу иш-чараларды жүргүзүү жүктөлөт.
10. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген, аквакультура шартында көбөйтүлүүгө, карап-багылууга жана өстүрүлүүгө арналган аквакультура объекттери карантиндик изоляторлордо турууга тийиш.
11. Карантиндик изоляторлордо ар кыл жаш курактагы, ар кыл түрдөгү, ар түрдүү мамлекеттерден жана ар башка убактарда алып келинген аквакультура объекттерин бирге жайгаштырууга тыюу салынат.
12. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген аквакультура объекттери карантиндик изолятордун шартында аларды көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн биологиялык керектөөлөрүн жана биотехнологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жайгаштырылат.
13. Карантиндик изоляторлордо аквакультура объекттерин ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык багып-кармоо шарттарынын эсеби жүргүзүлөт.
19-берене. Аквакультура чөйрөсүндөгү селекциялык-асылдандыруу жумушу
1. Аквакультура чөйрөсүндөгү селекциялык-асылдандыруу жумушу "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
2. Аквакультура объекттеринин генофонддук коллекциялары жана оңдоо-энелик үйүрлөрү алардын биоартүрдүүлүгүн сактоо, селекциялык асылдандыруу жумушун жүргүзүү жана тукум алуу максатында түзүлөт.
3. Аквакультура объекттеринин генофонддук коллекциялары жана оңдоо-энелик үйүрлөрү төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) суу биоресурстарынын сейрек учуроочу, жоголуп бараткан жана башка түрлөрүнөн;
2) аквакультура объекттеринин үйрөтүлгөн, генетикалык жактан баалуу формаларынан жана породаларынан.
4. Аквакультура объекттеринин генофонддук коллекциялары жана оңдоо-энелик үйүрлөрү мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте болушу мүмкүн.
5. Аквакультура объекттеринин генофондук коллекцияларын жана оңдоо-энелик үйүрлөрүн түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6. Селекциялык-асылдандыруу жумуштары боюнча иш-чараларды финансылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) балык чарба субъекттеринин каражаттарынын;
2) ыктыярдуу төгүмдөрдүн жана башка булактардын.
7. Мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, балык чарба субъекттери, жарандар аквакультура объекттеринин асыл тукумдук (генетикалык) ресурстарынын улуттук экспорттук дараметин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
20-берене. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо
1. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) суу биоресурстарынын түрдүк курамын байытуу;
2) биологиялык мелиорациялоону жүргүзүү;
3) суу объектинин биоөндүрүмдүүлүк дараметин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кошумча продукцияны алуу.
2. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо суу биоресурстарынын аборигендик түрлөрүнүн популяцияларынын абалына терс таасирдин болушуна жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат.
3. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо, кайра акклиматизациялоо жана/же көчүрүү суу биоресурстарын изилдөөнү жүзөгө ашыруучу илимий мекемелер иштеп чыккан илимий-биологиялык негиздеменин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Илимий-биологиялык негиздемелерде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) жумуштардын максаты жана максатка ылайыктуулугу;
2) аквакультура объекттерин интродукциялоонун, акклиматизациялоонун, кайра акклиматизациялоонун жана (же) көчүрүүнүн шарттары;
3) балыктардын аборигендик түрлөрүнүн популяцияларынын абалына терс таасир кылууну же алардын жашоо чөйрөсүнүн, миграция жолдорунун начарлашын жокко чыгаруучу чаралар;
4) аквакультура объекттеринин көбөйүү шарттары.
21-берене. Аквакультураны өнүктүрүүнү илимий камсыз кылуу
1. Аквакультураны өнүктүрүүнү илимий камсыз кылууну балык чарбалык адистешкен илимий-изилдөө мекемелери, профилдик илимий уюмдар жана селекциялык борборлор жүзөгө ашырат, алардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аквакультура чөйрөсүндө селекциялык-асылдандыруу жумушунун илимий негиздерин иштеп чыгуу, селекциялык жетишкендиктерди жаратуу жана ишке киргизүү;
2) тузсуз суудагы аквакультуранын шарттарында жакшыртылган продукциялык жана керектөөчүлүк мүнөздөмөлөрү бар аквакультура объекттерин көбөйтүүнүн жана өстүрүүнүн ресурс үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгуу;
3) балыктын карп, өсүмдүк жей турган, осетр, лосось түрлөрүн жана башка аквакультура объекттерин көбөйтүүнүн жана өстүрүүнүн биотехнологиялык негиздерин иштеп чыгуу, ошондой эле келечектүү жаңы аквакультура объекттерин чарбалык өздөштүрүү;
4) балыктын сейрек учуроочу жана жоголуп бараткан түрлөрүнүн генефондун сактоонун жана жасалма өндүрүп чыгаруунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
5) аквакультурада тузсуз суудагы гидробионтторду жакшыртылган рецептурадагы сертификатташтырылган жасалма тоютту пайдалануу менен сарамжалдуу тоюттандыруунун илимий-негизделген ыкмаларын иштеп чыгуу;
6) биологиялык өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана аквакультуранын экологиялык коопсуз продукциясын алуу максатында балык чарбалык суу объекттеринин суу экосистемаларынын иштөө шарттарын жакшыртуунун ыкмаларын өркүндөтүү;
7) аквакультура объекттерин сергектендирүүгө жана алардын жашап кетүү деңгээлин жогорулатууга багытталган, балыктарды диагноздоонун, алардын ооруларынын алдын алуунун жана дарылоонун натыйжалуу, экологиялык коопсуз ыкмаларын иштеп чыгуу;
8) аквакультураны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктоо.
22-берене. Аквакультураны өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо
1. Аквакультураны өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1) ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү, сапаттуу жана экологиялык коопсуз аквакультура продукциясын өндүрүүгө түрткү берүү;
2) балык өстүрүүдө асылдандыруу ишинин субъекттерин, аквакультура объекттеринин энелик үйүрлөрүн жана генофонддук коллекцияларын түзүүнү жана кармап турууну кошуп алганда, селекциялык-асылдандыруу жумушун өнүктүрүү жана финансылоо;
3) суу биоресурстарын жасалма өндүрүп чыгаруу жолу менен суу объекттеринин балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
4) балыктын сейрек учуроочу жана жоголуп бараткан түрлөрүнүн популяцияларынын санын калыбына келтирүү;
5) аквакультура объекттери үчүн сертификацияланган балык тоюттарынын улуттук өндүрүшүн өнүктүрүүгө түрткү берүү;
6) инновациялык программалардын, долбоорлордун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен аквакультура жаатындагы илимий изилдөөлөрдү финансылоо;
7) аквакультура жаатында дипломдуу адистерди даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылуу;
8) биологиялык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында балык чарбалык суу сыйымдарда мелиорациялык жана оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарынын комплексин жүргүзүү;
9) аквакультураны туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл инфраструктураны түзүү жана кармап туруу.
2. Аквакультураны өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.
5-глава. Балык уулоонун түрлөрү
23-берене. Балык уулоо
1. Балык уулоо балыкты жана суу омурткасыздарын өндүрмөлүк негизде кармоо жолу менен, ошондой эле балык чарбалык суу көлмөлөрдө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо түрүндө жүзөгө ашырылат. Суу көлмөлөрдүн өндүрмөлүк балык уулоо үчүн участоктору конкурстун негизинде бир жылдык мөөнөткө берилет. Конкурсту өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Балык уулоону жүргүзүүдөгү балык кармоо балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен балык чарбалык суу объекттерин пайдалануу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Балык уулоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) балыктар;
2) суу омурткасыздары;
3) балыктар үчүн тоюттук объекттер;
4) муунак буттуулар.
4. Балык уулоо эрежелери жана өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттерине киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Суу биоресурстарын пайдалануу укугу балык кармоонун белгиленген лимиттеринин, квоталарынын (ченемдеринин) чегинде, төмөнкүлөрдүн негизинде берилет:
1) балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен келишимдин;
2) балык уулоочулук, эсептик, өндүрмөлүк документтердин;
3) балык уулоочулук билеттердин жана карточкалардын.
6. Суу биоресурстарын пайдалануу укугун алган жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) көлмөлөрдүн абалын жана балыктарды, башка суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу шарттарын жакшыртуу боюнча балык коргоочулук жана балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
2) өндүрмөлүк балык уулоонун, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун объекттерин өндүрүп чыгаруу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө;
3) көлмөлөрдүн жээк бойлорундагы участокторду талаптагыдай санитардык абалда күтүп-кармоого.
7. Суу биоресурстарын пайдалануу укугун алган жактар балык уулоонун төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашыра алат:
1) өндүрмөлүк балык уулоо;
2) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо;
3) илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо;
4) суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо (көчүрүү) максатында балык уулоо.
24-берене. Өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
25-берене. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо
1. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) көлмөлөрдүн ихтиофаунасына илимий жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) көлмөлөрдө балык запастарынын жана тоюттук базанын болушуна, бөлүштүрүлүшүнө жана абалына баа берүү;
3) балык уулоонун жол берилген жалпы көлөмдөрүн аныктоо;
4) балык уулоо режимин жөнгө салуу.
2. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөрдүн негизги пайдалануучулары менен макулдашылат жана төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) ресурстук изилдөөлөрдүн ар жылдык планынын;
2) илимий жана ихтиологиялык жумуштарды жүргүзүү программаларынын;
3) балыкты контролдук максатта уулоо графиктеринин.
3. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) суу биоресурстарын балык чарбалык изилдөөлөргө адистешкен илимий мекемелер;
2) балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адис-ихтиологдору.
26-берене. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоо
1. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоо балык чарба субъекттери тарабынан төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо жаатындагы божомол-тапшырмаларды жана пландык иш-чаралары аткаруу;
2) балыктардын өндүрмөлүк түрлөрүнүн өндүргүчтөрүнүн урук чачуу жүрүмүнүн башталуу жана аяктоо мөөнөттөрүн суу биоресурстарын кармоо жана изилдөө жолу менен аныктоо;
3) суу экосистемаларынын ихтиофаунасын багыттуу түзүү, алардын түрдүк курамын жакшыртуу, ошондой эле балыктардын айрым баалуу түрлөрүн сактоо жана санын көбөйтүү жана алар жашаган ареалды кеңейтүү.
2. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
27-берене. Балык уулоо продукциясы
1. Балык уулоонун продукциясына төмөнкүлөр кирет:
1) балык уулоо жана өндүрмөлүк балык кармоо объекттери, алардан иштелип чыккан балык продукциясы жана икра;
2) Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнөн кармалган, алынган (даярдалган) же мыйзамдуу негизде сатып алынган суу омурткасыздары жана балык үчүн тоюттук объекттер.
2. Эгерде балык уулоо продукциясы жана аквакультура объекттери мыйзамдуу негизде алынса, алар балык чарбалык көлмөлөрдү пайдалануучулардын менчиги болуп саналат.
3. Балык уулоо жана аквакультура объекттери мыйзамсыз балык уулоо продукциясы болуп таанылат, эгерде алар төмөнкүдөй кармалса:
1) өндүрмөлүк балык уулоочулук документтери жок;
2) балык уулоочулук билеттери жана карточкалары жок;
3) тыюу салынган мөөнөттөрдө, тыюу салынган шаймандар жана ыкмалар менен, тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган түрлөрдү;
4) белгиленген лимиттен (квотадан) жана балык уулоо ченеминен ашыкча.
4. Балык уулоо продукциясын жана балык уулоо объекттерин алардын алынышынын мыйзамдуулугун жана тамак-аш азыктарынын сапатына, коопсуздугуна туура келе турганын ырастоочу документтери жок сатууга тыюу салынат.
28-берене. Мыйзамсыз балык уулоо продукциясын жана шаймандарын алып коюу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төмөнкүлөр алып коюлууга жатат:
1) мыйзамсыз кармалган балык уулоо объекттери, алардан иштелип чыккан балык продукциясы жана икра;
2) мыйзамсыз балык уулоочу шаймандар жана калкыма каражаттар;
3) мыйзамсыз балык уулоонун сатылуучу продукциясы;
4) кармап алуу үчүн уруксат берилген лимиттерден (квоталардан, ченемдерден) ашыкча алынган балык уулоо объекттери, алардан иштелип чыккан балык продукциясы жана икра.
2. Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан иштелип чыккан балык продукциясын жана икраны алардын бузулуп кеткендигинен жана товардык көрүнүшү бузулгандыгынан улам алып коюуга мүмкүн болбогон учурда, күнөөлүү жактардан аларга салынган айып пулдан жана келтирилген зыян үчүн доо коюудан тышкары, балыктын ушул түрүнө белгиленген чекене баалар боюнча алардын наркы өндүрүп алынат.
29-берене. Балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана суу көлмөлөрдү балык чарбалык мелиорациялоо
1. Көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында, көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо боюнча жумуштар жүргүзүлөт.
2. Көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо боюнча жумуштар төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) балык запастарын өндүрүп чыгаруу боюнча ар жылдык пландуу иш-чаралардын;
2) көлмөлөрдү пайдалануучулар түзгөн жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык жумуштардын пландарынын.
3. Көлмөлөрдү балык чарбалык мелиорациялоо боюнча жумуштар төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт;
1) балыктардын көбөйүү шарттарын жана жашоо чөйрөсүн жакшыртуу;
2) суудагы ашыкча өсүмдүктөрдү алып салуу;
3) балыктардын жырткыч, баалуулугу аз жана керексиз түрлөрүнүн санын кыскартуу;
4) балык чарбалык көлмөлөрдүн түбүн чөгүп кеткен балык уулоочу тор шаймандардан тазалоо;
5) балыктардын урук чачуучу жерлерине өтүүсү үчүн кызмат кылуучу өтмөктөрдү тереңдетүү жана тазалоо.
4. Мамлекеттик маанидеги балык чарбалык көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо көлмөлөрдү балык чарбалык пайдалануудан келип түшүүчү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Балык чарба субъекттерине бекитип берилген суу көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо бул суу көлмөлөрдү пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Көлмөлөрдө балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу жана балык чарбалык мелиорациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
30-берене. Балык чарбалык илимий изилдөөлөр
1. Балык чарбалык илимий изилдөөлөргө төмөнкүлөр кирет:
1) экспедициялык изилдөөлөр, балыкты контролдук кармоо, кармоонун ар түрдүү шаймандарын пайдалануу менен акустикалык жана эсепке алуучулук тартуулар, эксперименттик өндүрмөлүк кармоо;
2) маалыматтарды лабораториялык (камералык) иштеп чыгуу;
3) кармоонун жол берилген жалпы көлөмүнүн илимий-негизделген чоңдуктарын аныктоо;
4) суу биоресурстарынын сакталып калуусу жана жетиштүү түрдө табигый өндүрүп чыгарылуусу үчүн аларды сарамжал пайдалануу эрежелеринин жана ченемдеринин илимий негиздемесин иштеп чыгуу;
5) чарбалык ишмердиктин ар кандай түрлөрүнө балык чарбалык экспертиза жүргүзүүгө катышуу;
6) чарбалык объекттерди куруу жана иштетүү аркылуу балык запастарына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча балык өстүрүүчүлүк-биологиялык негиздемелерди аткаруу;
7) суу биоресурстарынын эсебин алууга жана кадастрын жүргүзүүгө катышуу;
8) балык чарбалык көлмөлөргө антропогендик таасир кылуунун масштабдарын аныктоо максатында суу биоресурстарына мониторинг жүргүзүү;
9) суу биоресурстарын башкаруу процессинде келип чыгуучу жалпы жана жекече көйгөйлөрдү иликтөө.
2. Балык чарбалык көлмөлөрдө суу биоресурстарына жүргүзүлө турган илимий изилдөөлөрдүн программалары жана пландары балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
3. Суу биоресурстарына илимий изилдөөлөрдүн аткарылышы боюнча отчеттор талдоо жүргүзүү жана жумушта пайдалануу үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
4. Балык уулоо жана суу биоресурстарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөн балык чарбалык илимий изилдөөлөр балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтото турулушу же токтотулушу мүмкүн.
31-берене. Балык чарбалык түзүлүш
1. Балык чарбалык түзүлүштү жүзөгө ашыруу балык чарбасын жүргүзүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
2. Ички чарбалык түзүлүмдүн материалдары боюнча иштелип чыккан балык чарбасын жүргүзүү планы балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылып, балык чарба субъекти тарабынан ишке ашырылат.
3. Балык чарбасын жүргүзүү планында төмөнкүлөр камтылат:
1) көлмөлөрдүн ихтиофаунасынын жана анын жашоо чөйрөсүнүн абалына баа берүүнү камсыз кылуу;
2) балык чарбалык көлмөлөрдөн балык алуунун оптималдуу-жол берилүүчү көлөмдөрүн аныктоо;
3) көлмөлөрдө учурдук мелиорациялоону жүргүзүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу;
4) суу биоресурстарын күзөттөөнү жана өндүрүп чыгарууну камсыз кылуучу иш-чараларды иштеп чыгуу;
5) балык чарбасынын ишинин эң натыйжалуу багытын (товардык балык өстүрүү, балыктарды көбөйтүү, балык уулоо) аныктоо.
32-берене. Суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн пайдалануу
1. Аквакультура чөйрөсүндө балыктардын жана башка суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн пайдалануу төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат:
1) алардын жаңы байырлаган жерлерде контролдонбой жайылып кетүү учурларына жол берилбегенде;
2) алардын балыктардын жергиликтүү түрлөрүнүн популяцияларынын абалына жана суу экосистемаларынын иштөө шарттарына терс таасир кылуусу жокко чыгарылганда.
2. Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балыктардын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө илимий-биологиялык негиздемеге ылайык жана балык чарба, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча жол берилет.
3. Суу биоресурстарынын бөтөн жана сырттан алып келинген түрлөрүн көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө илимий-биологиялык негиздеме суу биоресурстарын балык чарбалык изилдөөлөргө адистешкен илимий мекемелер тарабынан иштелип чыгат.
4. Илимий-биологиялык негиздемеде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) суу биоресурстарынын ушул түрүн көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн максаты жана максатка ылайыктуулугу;
2) суу биоресурстарынын ушул түрүн көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн шарттары;
3) суу биоресурстарынын ушул түрүнүн жаңы жерлерде контролдонбой жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чаралар;
4) суу биоресурстарынын жергиликтүү түрлөрүнүн популяцияларынын абалына жана суу экосистемаларынын иштөө шарттарына жаңы түрдүн терс таасир кылуусун жокко чыгаруу боюнча чаралар.
5. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган суу биоресурстарын аквакультуранын ачык жана/же жабык шарттарында көбөйтүүгө жана/же өстүрүүгө мониторинг жүргүзөт.
6-глава. Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн мамлекеттик коргоо
33-берене. Балык запастарын мамлекеттик коргоо
1. Балык запастарын мамлекеттик коргоону балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери жүзөгө ашырат.
2. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн аларга төмөнкүдөй укуктар берилет:
1) юридикалык жана жеке жактардын балык уулоого укук берген документтерин текшерүү;
2) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуулар жөнүндө актыларды жана протоколдорду түзүү, аларды жаратылышты коргоочу жана укук коргоочу органдарга өткөрүп берүү;
3) буюмдарды, калкыма жана транспорттук каражаттарды, балык уулоо шаймандарын карап чыгууну жүргүзүү;
4) балык уулоочу, сактоочу, сатуучу жерлерде жана аларды ташууда балык уулоо продукциясын карап чыгууну жүргүзүү;
5) балык запастарын коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндө укук бузууларды жасаган адамдарды кармоо жана укук коргоо органдарына жеткирүү;
6) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузган адамдардан балык уулоонун тыюу салынган шаймандарын, балыкты өндүрмөлүк кармоо үчүн пайдаланылуучу калкыма каражаттарды, ошондой эле балык уулоо документтерин алып коюу;
7) мыйзамсыз кармалган балыкты алып коюу;
8) балык коргоонун штаттан тышкаркы коомдук инспекторлорунун тарамын түзүү жана координациялоо, алардын коомдук контролду жүзөгө ашыруу боюнча ишине багыт берүү;
9) бир жолудан көп браконьердик кылуу фактылары боюнча материалдарды жазык ишин козгоо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүү.
3. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюуга жана жол бербөөгө;
2) балык запастарына жана алар жашаган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн доо талаптарын жана башка материалдарды сотторго жөнөтүүгө.
4. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери балык запастарын коргоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарууда:
1) мамлекеттин коргоосунда турат;
2) балык коргоо кызматынын айырмачылык белгилери бар атайын формалык кийимди кийүүгө укугу бар;
3) кызматтык куралды, сигналдык тапанчаларды (ракетницаларды) жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө укугу бар.
5. Ыйгарым укуктуу органдын балык коргоо кызматынын кызматкерлеринин ишине кийлигишүүгө жол берилбейт.
6. Балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган укук коргоо, бажы органдары, экологиялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо органдары, илимий мекемелер жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенет.
34-берене. Балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу жаатындагы өндүрүштүк контролдоо
1. Балык чарба субъекттерине бекитип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда балык запастарын жана өстүрүлгөн товардык балыкты коргоо ушул көлмөлөрдү же алардын айрым участокторун пайдалануучулардын егердик кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Балык чарба субъектинин егердик кызматынын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуулар жөнүндө актыларды түзүүгө жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органга, укук коргоо же сот органдарына өткөрүп берүүгө;
2) егердик кызматтын айырмачылык белгилери бар атайын формалык кийимди кийүүгө;
3) "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде кызматтык куралды жана сигналдык тапанчаларды (ракетницаларды) алып жүрүүгө.
35-берене. Балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу жаатындагы коомдук контролдоо
1. Балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу жаатында коомдук контролду балык коргоонун штаттан тышкаркы (коомдук) инспекторлору (мындан ары - балык коргоонун штаттан тышкаркы инспекторлору) жүзөгө ашырат.
2. Балык коргоонун штаттан тышкаркы инспекторлорунун тарамы коомдук бирикмелердин, балык чарбалар ассоциацияларынын, балык чарба субъекттеринин өкүлдөрүнөн, ошондой эле жарандардан түзүлөт.
3. Балык коргоонун штаттан тышкаркы инспекторлорун уюштуруунун жана алардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Балык коргоонун штаттан тышкаркы инспекторлору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мыйзамсыз балык уулоо фактылары боюнча материалдарды балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө;
2) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуулар жөнүндө актыларды белгиленген тартипте түзүүгө;
3) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуулар жөнүндө актыларды балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, укук коргоо органдарына же сот органдарына өткөрүп берүүгө;
4) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузууларды жасаган адамдарды укук коргоо органдарына протокол түзүү максатында жеткирүүгө.
5. Коомдук бирикмелер жана түзүлүштөр төмөнкүлөргө укуктуу:
1) балык запастарын коргоо боюнча өз программаларын иштеп чыгууга жана жайылтууга;
2) ышкыбоз балыкчылардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
3) активдүү балык коргоо ишине жарандарды ыктыярдуу башталышта тартууга;
4) балык запастарын коргоо жана өндүрүп чыгаруу жана алардын жашоо чөйрөсүн жакшыртуу боюнча жумуштарды өзүнүн жана тартылган каражаттардын, эмгекке ыктыярдуу катышуунун эсебинен аткарууга;
5) браконьерликке жана балык коргоо мыйзамдарын башка бузууларга каршы күрөшүүдө балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүгө;
6) балык запастарын коргоо боюнча коомдук фонддорду түзүүгө жана алардын каражаттарын балык коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө чыгымдоого;
7) суу биоресурстарынын абалы жана пайдаланылышы жөнүндө өз убагындагы жана толук маалыматтарды алууга;
8) балык коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерүүгө катышууга.
6. Коомдук бирикмелердин жана түзүлмөлөрдүн балык запастарын коргоо боюнча иши алардын уставдарына жана балык запастарын күзөттөө жөнүндө жобого жана балык уулоо эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
36-берене. Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар
1. Балык запастарын жана алар жашаган чөйрөнү коргоо төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу боюнча эрежелерди, ченемдерди, мөөнөттөрдү жана башка талаптарды белгилөө;
2) суу биоресурстарынын, алар жашаган чөйрөнүн абалына жана өндүрүп чыгарылышына таасир кылуучу объекттерди жана курулмаларды куруу боюнча долбоорлордо каралган, балык запастарын коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
3) балык запастарын эсепке алууну жүзөгө ашыруу;
4) балык запастарын сарамжал пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
5) көлмөлөрдө жумуштарды жүргүзүүдө, суу алмаларды жана башка гидротехникалык курулмаларды иштетүүдө балык чарбалык көлмөлөргө жана балык запастарына келтирилген зыянды компенсациялоо;
6) көлмөлөрдүн жана балык запастарынын абалына зыяндуу таасир кылуучу чарбалык ишмердикти жүзөгө ашырууда балык чарбалык суу сыйымдарга жана суу биоресурстарына келтирилген зыянды компенсациялоо;
7) балык чарбалык көлмөлөрдө балык кармоого, суу биоресурстарынын жаңы түрлөрүн көбөйтүүгө, чыгарууга, коё берүүгө жана акклиматизациялоого карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилөө;
8) суу биоресурстарын пайдалануунун илимий-негизделген ченемдиктерин жана лимиттерин жана суу биоресурстарын алуунун шаймандарына жана каражаттарына карата талаптарды белгилөө;
9) суу биоресурстарынын жашоо чөйрөсүн жана өндүрүп чыгарылуу шарттарын коргоону жана жакшыртууну жүзөгө ашыруу;
10) балык запастарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндарга айып пул өндүрүп алуу жана алардын ордун толтуртуу.
2. Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) чарбалык көлмөлөрдө балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык коргоосунун кызматкерлери;
2) балык өстүрүү, балык уулоо жана балык көбөйтүү максаттары үчүн пайдалануучуларга бекитип берилген көлмөлөрдөгү егердик кызматтын кызматкерлери.
3. Пайдалануучуларга бекитип берилген көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун коргоону балык чарба субъекттери төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырат:
1) балык чарбасын коргоо режими жөнүндө, көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун коргоо режимин бузгандык үчүн жоопкерчилик жөнүндө маалыматтык материалдарды орнотуу;
2) егердик кызматты түзүү жана анын ишмердигин уюштуруу;
3) санитариялык-эпидемияга каршы жана алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү;
4) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин жергиликтүү калкка түшүндүрүү.
37-берене. Балыктын жашоо чөйрөсүн коргоого карата жалпы талаптар
1. Суу биоресурстарынын башка мамлекеттерден жана көлмөлөрдөн алып келинген жаңы түрлөрүн көбөйтүү жана өстүрүү үчүн аларды балык чарбалык көлмөлөргө жана садоктук жана башка жасалма курулмалардын участокторуна жайгаштырууга төмөнкүлөр бар болгондо жол берилет:
1) илимий-биологиялык негиздеме;
2) суу биоресурстарын көбөйтүү жана өстүрүү үчүн болжол кылынган, өстүрүүнүн биотехникасы боюнча бекитилген методика;
3) балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишим.
2. Коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими бар көлмөлөрдөгү садоктук курулмаларда суу биоресурстарынын жаңы түрлөрүн өстүрүүгө жана көбөйтүүгө төмөнкүлөр бар болгондо жол берилет:
1) илимий-биологиялык негиздеме;
2) айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айлана-чөйрөгө таасир кылууга баа берүү жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын айлана-чөйрөгө таасир кылууга баа берүүгө карата он корутундусу;
3) суу биоресурстарын өстүрүү жана көбөйтүү үчүн болжол кылынган, өстүрүү биотехникасы боюнча бекитилген методика.
3. Урук чачуучу жерлерде, балыктар кыштоочу чуңкурларда жана балыктын урук чачуучу миграция жолдорунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) суу биоресурстарын өстүрүү үчүн садоктук жана башка жасалма курулмаларды жайгаштырууга;
2) балыкты көбөйтүү максатында табигый суу объекттеринин булуңдарын (участокторун) тосуп коюуга.
4. Балык чарбалык суу бассейнине катнашы бар көлмөлөрдү балыктандыруу ушул региондогу дарыялардын суу бассейндеринде жашаган суу биоресурстарынын түрлөрү аркылуу жүргүзүлөт.
5. Көлмөлөрдүн ихтиофаунасынын абалына жана анын жашоо чөйрөсүнө терс таасирди азайтуу максатында суу биоресурстарынын жашоосу, өндүрүп чыгарылуусу, миграциялануусу жана кыштап чыгуусу үчүн шарттарды сактоо боюнча иш-чаралар төмөнкүдөй учурларда аткарылат:
1) ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди курууда, реконструкциялоодо, техникалык кайра жабдууда жана иштетүүгө берүүдө;
2) балык чарбалык көлмөлөрдө жана суу фондунун жерлеринде ар кандай жумуштарды жүргүзүүдө.
6. Балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде плотиналарды жана суу сактагычтарды курууга, иштетүүгө берүүгө жана иштетүүгө төмөнкүдөй шарттар аткарылганда жол берилет:
1) өтүүчү балыктардын урук чачуучу жерлерге жана кайра артка өтүүсүн камсыз кылуу үчүн плотинанын дубалында балык өтүүчү орнотмолорду куруу;
2) суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу үчүн шарттарды сактоону суу сактагычтарды толтурууда жана бошотууда, сууну төмөнкү бьефке агызып жиберүүдө камсыз кылуучу режимди кармануу;
3) суу сактагычтын жээк боюндагы зонасында жашаган суу биоресурстарынын урук чачуу жана көбөйүү мезгилдеринде суу сактагычта суунун деңгээлинин кескин өзгөрүп туруусуна жол бербөө.
7. Суу сактагычтардагы суунун деңгээли суу биоресурстарынын табигый өндүрүп чыгарылуусун жана жашап туруусун камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш.
8. Суунун деңгээлин өзгөртүү жана суу сактагычтарды бошотуу боюнча пландуу иштерди жүзөгө ашыруу балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
9. Коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими бар көлмөлөрдө иш жүргүзүүчү балык чарба субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бекитип берилген көлмөлөрдүн жана балык уулоо участокторунун акваториясында ихтиофаунанын жана суу экосистемаларынын туруктуу биологиялык балансын камсыз кылуу жана кармап туруу боюнча компенсациялоочу иш-чараларды жүргүзүүгө;
2) балыктын жергиликтүү түрлөрүнүн популяцияларына жана суу экосистемаларынын иштөөсүнө садоктордун таасир кылуусуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча жумуштардын наркын компенсациялоого.
10. Төмөнкү бьефке агызып жиберилгенден кийинки суу сактагычтагы суунун деңгээли балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катышкан комиссия тарабынан аныкталат.
38-берене. Суу биоресурстарынын абалына жана алар жашаган чөйрөгө терс таасир кылуучу чарбалык жана башка ишмердикке чектөөлөр жана тыюу салуулар
Балык запастарын сактоо, көбөйтүү, алардык жашоо чөйрөсүн жана өндүрүп чыгарылуу шарттарын жакшыртуу максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) балык чарбалык маанидеги суу объекттерин жана алардын жээк боюндагы зоналарын өндүрүштүн, керектөөнүн калдыктары жана балык кармоонун өндүрмөлүк шаймандары (торлор) менен тыгындоого же булгоого;
2) балык чарбалык маанидеги суу объекттерине тазаланбаган өндүрүштүк жана турмуш-тиричиликтик саркынды сууларды, мал чарба жана канаттуулар чарба комплекстеринин жана фермаларынын саркындыларын агызууга;
3) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринин жээктеринде курулуш калдыктарын жана турмуш-тиричиликтик таштандыларды жыйноого;
4) балык чарбалык маанидеги, балыктын урук чачуусу же балык уулоо үчүн маанилүү болгон суу объекттеринин түбүнөн кум, шагыл казып алууга же таш материалдарды чогултууга;
5) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринин жээктеринде транспорттук каражаттарды, челектерди жана таңгактоочу тараларды жууп-тазалоого;
6) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринен суу алма курулмаларды жана балык коргоочу түзүлүштөрдү орнотпостон сууну алууга;
7) суу биоресурстарынын жаңы түрлөрүн илимий-биологиялык негиздемеси жок жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жок коё берүүгө, акклиматизациялоого жана көбөйтүүгө;
8) балык чарбалык маанидеги суу объекттерине жакын жерде өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттарды, аларды өстүрүүчү стимуляторлорду, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди ташууга, сактоого жана колдонууга;
9) балык урук чачуучу, семирүүчү жерлерде, кыштоочу чуңкурларда, ошондой эле балык үчүн миграциялык жол катары кызмат кылуучу сууларда жардыруучу, түптү тереңдетүүчү, түптү тазалоочу жумуштарды жүргүзүүгө жана кыртышты бузууга;
10) балыкты кармоодо салмактандыруучу катары коргошунду пайдалануу менен балык уулоочу тор шаймандарды колдонууга;
11) түйүн кылып токулган монофилдик торлорду алып келүүгө, сатууга, сатып алууга, иштетүүгө жана пайдаланууга;
12) балыкты уруксаты жок же тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган түрлөрүн же болбосо тыюу салынган мөөнөттөрдө, балык уулоонун тыюу салынган шаймандары жана ыкмалары менен кармоого;
13) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринин суу коргоо зонасында химикаттарды, жер семирткичтерди жана пестициддерди балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашпастан пайдаланууга;
14) мыйзамсыз кармалган суу биоресурстарын жана алардан иштелип чыккан продукцияны жана икраны алууга, алып чыгууга, сатып алууга жана сатып өткөрүүгө,
39-берене. Суу биоресурстарын алып келүү, алып кетүү, балыктын жана суу организмдеринин айрым түрлөрүм көлмөлөргө акклиматизациялоо, коё берүү, байыр алдыруу
1. Тирүү балыкты, суу биоресурстарынын уруктандырылган икрасын, личинкаларын, чабактарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү же анын чегинен сырткары алып кетүү төмөнкүлөр бар болгондо жүргүзүлөт:
1) алып келинүүчү же алып кетилүүчү суу биоресурстарынын санитардык-эпизоотиялык бакыбаттыгын ырастоочу документтер;
2) балык чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча профилдик илимий мекемелердин илимий-биологиялык негиздемеси.
2. Балыкты акклиматизациялоо, коё берүү, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарбалык көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун балыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
40-берене. Балык чарбалык көлмөлөрдү пайдалануучулардын чыгымдарынын ордун толтуруу
1. Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка жактар төмөнкүлөргө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтурууга тийиш:
1) балык чарбалык көлмөлөрдү жана/же алардын участокторун мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн алып коюуга же убактылуу ээлеп алууга;
2) балык чарба субъекттеринин көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдаланууга карата укуктарын чектөөгө;
3) пайдалануу үчүн берилген балык чарбалык көлмөлөрдүн жана алардын участокторунун сапаты башка уюмдардын жана жарандардын ишинин натыйжасында начарлап кетүүсүнө.
2. Суу биоресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү жок кылуунун же алардын абалын начарлатуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду күнөөлүү жактардын каражаттарынын эсебинен толтурулууга тийиш.
3. Зыяндын ордун толтуруу зыянды эсептеп чыгаруунун таксаларына жана методикаларына ылайык, же болбосо алынбай калган пайданы эсепке алуу менен, зыянды компенсациялоого иш жүзүндө кеткен сарптоолорго жараша жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) мыйзамсыз деп таанылган учурда зыяндын орду алынбай калган пайданы эсепке алуу менен ушул органдар тарабынан толтурулат.
7-глава. Суу биоресурстарын коргоонун жана пайдалануунун экономикалык механизми
41-берене. Суу биоресурстарын коргоонун жана пайдалануунун экономикалык механизминин системасы
1. Суу биоресурстарын коргоонун жана пайдалануунун экономикалык механизминин системасында төмөнкүлөр камтылат:
1) суу биоресурстарын эсепке алуу жана аларга социалдык-экономикалык баа берүү;
2) суу көлмөлөрдү пайдалануучулардын каражаттарынын эсебинен илимий жумуштарды жана балык чарбалык суу көлмөлөрдүн ихтиофаунасын ихтиологиялык изилдөөлөрдү финансылоо;
3) балык чарбалык суу көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдалангандык үчүн акы төлөө;
4) суу пайдалануучулардын жана суу биоресурстарын пайдалануучулардын пландарын өз ара макулдашуунун милдеттүүлүгү;
5) балык запастарын коргоо жана өндүрүп чыгаруу боюнча иш-чараларды финансылык камсыздоо;
6) чарбакер субъекттер суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирген зыянды алар тарабынан компенсациялоо.
42-берене. Балык чарбалык көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдалангандык үчүн төлөмдөр, көлмөлөрдүн балык ресурстарын коргоо, өндүрүп чыгаруу жана ихтиофаунасын балык чарбалык изилдөө боюнча иш-чараларды финансылоо
Балык чарбалык көлмөлөрдү жана суу биоресурстарын пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү чогултуунун тартиби жана алардын өлчөмдөрү, ошондой эле көлмөлөрдүн балык запастарын коргоо, өндүрүп чыгаруу жана ихтиофаунасын балык чарбалык изилдөө боюнча иш-чараларды финансылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8-глава. Эл аралык кызматташтык
43-берене. Эл аралык кызматташтык
1. Аквакультура, суу биоресурстарын, алардын жашоо чөйрөсүн жана балык уулоону пайдалануу, өндүрүп чыгаруу, коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) эл аралык келишимдерди түзүү;
2) аквакультура чөйрөсүндөгү эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу;
3) эл аралык уюмдардын, аквакультура продукциясын өндүрүүчүлөр ассоциацияларынын ишине катышуу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, адистерди, технологияларды, биологиялык жана генетикалык материалдарды алмашуу;
5) аквакультура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аквакультура продукциясына карата талаптарды белгилөөгө байланышкан эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башкача ченемдер белгиленсе, эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.
9-глава. Корутунду жоболор
44-берене. Балык уулоо жана балык запастарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамда камтылган ченемдерди бузуу Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына жана жоруктар жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
45-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-июнундагы № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 232-ст.);
- "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 9-апрелиндеги № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 231-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 199 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 663-ст.);
- "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 89 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 627-ст.);
- "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 20 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 2, 78-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 3-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |