МыйзамКүчүн жоготту

КР 2013-жылдын 1-июнундагы № 89 «Балык чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция01.06.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР 2021-жылдын 17-мартындагы № 35 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 1-июну № 89

"Балык чарбасы жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 232-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Ысык-Көл Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон акваториясы менен мамлекеттик маанидеги көл болуп саналат, анда күнжеле форелин жана сырттан алынып келинген, жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүүгө жана инкубациялоого тыюу салуу менен, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого, туристтик ишке, суу транспорт ишине уруксат берилет.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Атамбаев