МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 30-мартындагы № 43 «2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция30.03.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 30-марты № 43

2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 29-30 (3208-3209) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

 

2021-жылдын 17-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган