Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 29-апрели № 58
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 120-2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"120-2-берене. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу)
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу), -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
2) 135-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"135-берене. Эл аралык автомобилдик ташуулардын эрежелерин бузуу
1. Транспорт каражатын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Эл аралык катнашта жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген маршрутунан четтөө, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Автомобиль транспорту менен эл аралык үзгүлтүксүз эмес жүргүнчүлөрдү ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашырышы, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабаганы, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген кабарламаны аткарбастан, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн маршруттан четтөө, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
3) 305-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жол кыймылынын эрежелерин же Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото- жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык кара-жаттар тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 4-майындагы № 40 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2021-жылдын 24-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |