Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 25-февралы № 21
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьянын 1-пунктунда "администрациялык укук бузуучулуктун" деген сөздөр "бузуулардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 24-статьянын 7-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автомототранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында эсепке койбоо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.";
3) 28-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке, ошондой эле тартиптик жана жазык жоопкерчилигине алып келет.".
2-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 20-пунктунда "администрациялык жоопкерчилигинин жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) 53-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"укук белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербегени же өз убагында жибербегени үчүн жооптуу кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жоопкерчиликке, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат;".
3-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
47-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ички жер которуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарбагандыгы жана бузгандыгы үчүн кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке, ошондой эле жарандык мыйзамдарга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылышат.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 18 (3197) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 13-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |