МыйзамКүчүндө

КР 2020-жылдын 15-декабрындагы № 7 «2020-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү» долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция15.12.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 15-декабры № 7

2020-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2020-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Сауд өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 104 (3176) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдеттерин аткаруучу

 

Т.Т. Мамытов

 

2020-жылдын 12-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган