Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 12-майы № 62
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-статья менен толукталсын:
"65-1-статья. Убактылуу сырткы башкаруу
1. Жумуштар таасирин тийгизген зонада иштеп жаткан же жашап жаткан адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына түздөн түз коркунуч келтирген коомдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгынын негиздери боюнча коомдун жер казынасын пайдалануу укуктары токтотулуп турган, ошондой эле коом тарабынан аларды четтетүү үчүн зарыл чаралар көрүлбөгөн учурда, коомдун башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары коомдун жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турган мөөнөткө токтотулуп турат.
Мындай учурларда коомдун башкаруу органдарына, коомдун жер казынасын пайдалануу укуктарын токтотуп туруу үчүн негиз болгон жумуштар таасирин тийгизген зонада иштеп же жашап жаткан адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына келүүчү коркунучту четтетүүгө байланышкан чечимдерди кошпогондо, коомдун операциялык (административдик-чарбалык жана финансылык) ишине байланышкан чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат.
2. Коомдун экономикалык ишин улантууну камсыз кылуу максатында, ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык убактылуу сырткы башкаруу коомдун жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилет.
Убактылуу сырткы башкаруу киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы убактылуу сырткы башкаруучуну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети караган тартипте дайындайт.
Коомдун операциялык ишмердигин убактылуу сырткы башкаруучу болуп жеке жак дагы, юридикалык жак дагы дайындалышы мүмкүн.
3. Убактылуу сырткы башкаруучу коомдун уставында, ушул Мыйзамда, акционердик коомду башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган коомдун аткаруу органынын бардык ыйгарым укуктарына ээ болот.
Коомдун жер казынасын пайдалануу укуктарын токтотуп туруу мезгилине карата бардык банктык эсептери тейлөөчү банктын юрисдикциясына карабастан, убактылуу сырткы башкаруучунун толук башкаруусуна өткөрүп берилет.
Убактылуу сырткы башкаруу мезгилинде орто жана төмөнкү звенонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө өз убагында жүргүзүлүүгө тийиш. Ушул максатта убактылуу сырткы башкаруучу кызматкерлерге эмгек акы төлөө үчүн коомдун финансылык каражаттарын тескөөгө укуктуу. Ыйгарым укуктары токтотулуп турган коомдун башкаруу органдарына кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө кандайдыр бир формада тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
4. Убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарланат.
5. Коомду убактылуу сырткы башкаруу мезгилинде акционерлердин жалпы чогулушу жана директорлор кеңеши тикелей нускамаларды, буйруктарды, өтүнүчтөр же сунуштамалар түрүндөгү башка көрсөтмөлөрдү убактылуу сырткы башкаруучуга берүү жолу менен коомду учурдагы башкарууга кийлигишүүгө укуксуз.
6. Убактылуу сырткы башкаруучу жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турган мөөнөттүн ичинде коомдун бүткүл мүлкүнүн сакталган, бузулбаган, адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз абалда күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.".
2-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык концессиялык келишимдин негизинде өзүнүн жер казынасын пайдалануу укугун ишке ашыруучу акционердик коомдорго жайылтылат.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2021-жылдын 6-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |