Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 131
"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
2011-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "тоо этектеринин зонасындагы токойлор" деген сөздөрдөн кийин ", Ысык-Көлдүн айланасындагы чычырканак бадалдары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи - сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- чычырканак бадалдарын кыюуга тыюу салуу, калыбына келтирүү жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонада табигый экологиялык тутумдарды сактоо боюнча, ошондой эле чарбачылык иш менен алектенген субъекттерди жээктеги зонатардын аймагындагы пансионаттардагы, дагы башка чарбалык объекттердеги чычырканак бадалдарын калыбына келтирүүгө милдеттендирүү боюнча чараларды:
- мөңгүлөрдүн үстүнкү бетинин кирдешине жана булганышына жол бербөө боюнча чаралар, ошондой эле музга айланган алардын аянттарынын мындан ары төмөндөшүнө жол бербөө боюнча чараларды;
- радиоактивдик жана уулуу калдыктарды сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында калдыктарды сактоочу жайдын геотехникалык туруктуулугун бекемдөө боюнча чараларды;
- тоо аймактарында "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК колдонгон автотранспорттук каражаттарды көмүүгө тыюу салуу боюнча чараларды.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 2-августунда № 62 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |