Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 21-июлу № 85
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2732-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-беренелер менен толукталсын:
Чет мамлекеттердин жарандары - Бириккен Улуттар Уюмунун паспортторунун ээлери United Nations Laissez - Passer кызыл түстөгү паспорт) үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандарынын саламаттыгын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жаатындагы жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү маселелерди тескөөчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режиминин колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотуп турууга укуктуу.";
2) Мыйзамдын тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 53-61-пункттар менен толукталсын:
"53. Албания Республикасы
54. Болгария Республикасы
55. Вьетнам Социалисттик Республикасы
56. Израиль Мамлекети
57. Кипр Республикасы
58. Түндүк Македония Республикасы
59. Румыния Республикасы
60. Таиланд Королдугу
61. Мексика Кошмо Штаттары".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 17-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |