Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 29-июлу № 89
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-беренеде:
а) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) лотереялык иш - топтук же массалык оюндарды уюштуруу менен байланышкан иштин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрү, анын жүрүшүндө лотереянын уюштуруучусу лотерея катышуучуларынын - лотерея билеттеринин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу лотереянын байге фондун ойнотууну жүргүзүүнү камсыз кылат. Мында утуш лотереялык иштин субъектинин эркине жана аракеттерине көз каранды болбойт;";
б) 7-пункт "маалыматты алып жүрүүчү" деген сөздөрдөн кийин "(кагаз же электрондук формада)" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 8-пункт "электрдик" деген сөздөн кийин ", программалык-аппараттык комплексти кошуп алганда, электрондук" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) лотереяны өткөрүү - лотереялык билеттерди (лотереяга катышуу укугун бышыктоочу документтерди) жеткирүүчү, лотереялык жана лотереяны өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдууларды, программалык продуктуларды жана (же) лотереяларды өткөрүү үчүн зарыл болгон келишимдерди, ошондой эле жеткирүүчү менен лотереялык билеттерди таратуу жана эсепке алуу боюнча келишимдерди түзүүнү, (лотереяга катышуу укугун бышыктоочу документтерди), байге фондун ойнотууну, уткан лотереялык билеттерди экспертизалоону (лотереяга катышуу укугун бышыктоочу документтерди), лотереянын катышуучуларына утуштарды төлөп берүүнү, өткөрүп берүүнү же берүүнү, ошондой эле лотереяны өткөрүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жана иш-чараларды өткөрүүнү өзүнө камтыган иш-чараларды жүзөгө ашыруу;";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22) лотереянын оператору - лотерея өткөрүүгө жана коштоого лотереяны уюштуруучу менен келишим түзгөн юридикалык жак. Мында лотереянын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жакты түзүшү керек.";
3) 4-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Лотереялар Кыргыз Республикасынын аймагында лотереялардын төмөнкү типтерине бөлүнөт:
ойнотуу ыкмасы боюнча:
1) көз ирмемдик лотерея - лотереянын катышуучусу лотереялык билетти сатып алгандан кийин лотереялык билеттин утуштуу болуп саналарын же утуштуу эмесин түздөн-түз аныктоого мүмкүн болгон лотерея;
2) тираждык лотерея - белгилүү бир датага карата өзүнчө тираждар менен өткөрүлүүчү лотерея (лотереялык билеттердин партиясын таратууну, лотереянын байге фондунун бир бөлүгүн ойнотууну жана утуштардын бөлүгүн төлөөнү, өткөрүп берүүнү жана берүүнү билдирет), аларды өткөрүүдө лотереянын катышуучусу анын лотереялык билетинин утуштуу болуп саналарын же утуштуу эмесин тиешелүү тиражды ойнотуу өткөрүлгөндөн кийин гана аныктай алат;
өткөрүү формасы боюнча:
1) кагаз лотерея - билеттер кагаз же башка зат формасында чыгарылуучу лотерея;
2) электрондук лотерея - лотереялык билеттерди жана башка маалыматтарды белгилөө, эсепке алуу, ошондой эле лотереялык билеттерди ойнотуу маалыматты өзүнүн эс тутумунда сактоочу же аны лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуучу борборго каттоо үчүн берүүчү электрондук түзүлмөлөрдүн жардамы менен жүргүзүлө турган лотерея.";
4) 5-берененин 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Уюлдук (мобилдик) байланыш тарамдарынын ичинде жана электрдик байланыш операторлору, ошондой эле алардын аффилирленген жактары тарабынан лотереяларды, анын ичинде кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүгө тыюу салынат.";
5) 8-беренеде:
а) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кагаз лотерея билеттеринде кеминде коргоонун алтыдан кем эмес даражасы болушу керек, алардын тизмеги колдонулуучу технологияларга жараша өзгөрүлүшү мүмкүн.
Электрондук лотерея билеттери аппараттык-программалык каражаттар менен талаптагыдай түрдө корголууга тийиш.";
6) берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Электрондук лотереяны өткөрүүдө лотереянын катышуучусу ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар менен талаптагыдай түрдө таанышып чыгууга тийиш.";
б) 13-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Байге фондун ойнотуу телекөрсөтүү боюнча же Интернет тарамында алып берилген учурда, лотереяны уюштуруучу ойнотуунун өзүн алып берүүнү утуштарды аныктоо жол-жоболорун көрсөтүү менен камсыз кылат.";
7) 17-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Электрондук лотерея билеттери жөнүндө, ошондой эле жоюлган утуп алынган электрондук лотерея билеттери жөнүндө лотереяны уюштуруучуда бар болгон маалыматтар сырттан кийлигишүүдөн коргоо каражаттары менен жабдылган аппараттык электрондук түзүлүштөрдө катуу эсепке алынышы жана сакталышы керек.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Утуштары төлөнүп берилген бардык билеттер аларга утуштуу электрондук лотерея билеттеринин лотерея уюштуруучу түзгөн реестрин кошуп алганда, лотереяны уюштуруучунун штампын коюу жолу менен жоюлууга жатат.";
в) 4-бөлүк "реестрлерге ылайык" деген сөздөрдөн кийин "(электрондук лотерея билеттеринин реестрин кошуп алганда)" деген сөздөр менен толукталсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Электрондук лотерея билеттерин сатып өткөрүү, ойнотуу, утилизациялоо тартиби лотереянын уюштуруучусу тарабынан аныкталат.";
8) 18-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик жана кесиптик лотереяларды уюштуруучулар өткөрүүчү лотерея боюнча отчет ыйгарым укуктуу органга ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онунчу күнүнөн кечиктирбестен берилет.
3. Аяктаган ар бир кызыктыруучу лотерея боюнча отчет ал аяктаган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-июлундагы № 83 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 7-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |